«ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТ КЕТИРГЕН КАТАГА САПАР ИСАКОВ АЙЫПТАЛЫП ЖАТАТ». Жактоочу Нурбек Токтакунов менен маек

Өткөн жылы Сапар Исаковдун ысымы президенттикке талапкер болуп чыга тургандардын сап башында аталып жаткан... Бир жыл өткөн соң ал «коррупция» боюнча айыпталып, 5-июнда УКМК тарабынан камакка алынды. Парламенттин Сапар Исаковду ишеним көрсөтпөө жолу аркылуу өкмөт башчылыгынан кетириши, ага каршы козголгон кылмыш иши, камакка алынышы боюнча коомчулукта талаш-тартыш пикирлер арбын. Экс-премьердин жактоочусу Нурбек Токтакунов менен ушул иштер тууралуу маектештик.

– Нурбек мырза, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча коррупцияга айыпталып жатат. Бул айып канчалык негиздүү деп эсептейсиз?

– Кытай тарап менен келишим долбоорун Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү даярдаган. 2013-жылдын 9-декабрында бул боюнча өкмөттүн №649 токтому чыккан. Ал токтомдо Сатыбалдиевдин колу турат. Кытайдын "Эксимбанкы" менен Бишкектин жылуулук-электр борборун модернизациялоо боюнча кредиттик жана гранттык келишимди ратификациялоо мыйзам долбоорун парламент 2013-жылдын 11-декабрында колдоп добуш берген. 23-декабрда президент кол койгон. ТВЕА менен келишим кандай шарттар менен түзүлдү? Буга Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт жооптуу болчу. Андан ары бул долбоор менен Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү иштеди. Темир Сариевдин тушунда керектүү каражаттар сатып алынып, демонтаж жана башка иштер жүргүзүлдү. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы кезинде ЖЭБди жаңылоо бүтүп, 2017-жылдын 7-июлунда өткөрүп алышты.

Сапар Исаков президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси катары өзүнүн милдетин, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткарган. Өткөндө Атамбаев "саясий бүт жоопкерчиликти өзүмө алам" деп кайрылуу да жасабадыбы.

– Кемчилик ириде кимден кеткен деп ойлойсуз?

– ЖЭБди жаңылоо ишинде негизги мекеме Энергетика министрлиги болгон. Демек, эң негизги жоопкерчилик ошол убактагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевде. Ал ЖЭБди жаңылоо боюнча тийиштүү мыйзам долбоорлорун даярдап, коргоо менен гана чектелбей, элди чечим кабыл алуу укугунан да кур калтырган. Артыкбаев Кытай банкынын кредити боюнча ратификация тууралуу мыйзам долбооруна кол коюп жатканда эч кандай экспертизалар, техникалык-экономикалык негиздемелер кереги жок деген. Андыктан негиздүү кылмышты жасаган Артыкбаев деп эсептейм. Ал мыйзамды сактап, эксперттерди чакырып, талкуу уюштурса мындай жагдай жаралбайт эле. Азыр берилип жаткан суроолор ошондо көтөрүлсө, мыйзам бузуулардын да бети ачылмак. Келишимге Артыкбаев кол коюп, Сатыбалдиев макул болгон. Парламенттин үч комитетинде келишим каралып, колдоо тапкан. Эч кандай коомдук талкуу болгон эмес. ЖЭБди жаңылоо ишин иликтеген депутаттык комиссия мына ушул иштердин баарына Сапар Исаковду күнөөлүү кылып чыгарып койду.

Дал ошондогудай эле коомдук талкуудан өтпөй кабыл алынган чечимдер Жогорку Кеңеште, өкмөттө азыр деле болуп жатат. Мындай нерселерден элди алаксытып, Исаковго атайылап көңүл бурдуруп жатышат. Артыкбаев келишимге кол койгонун коомчулукка жеткирбөөгө аракет кылышууда. «Коомдук талкуу өткөргөн жоксуңар» деп мен Жогорку Кеңешти дайыма сотко берем. Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө коомдук талкуу өткөрүү талабы жазылган. Анда жазылгандай, республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алууда талкууга аралашууга ар бир жарандын укугу бар. Мыйзам долбоорго эл тарабынан айтылган сунуштар киргизилип, кабыл алынышы керек.

– Исаков кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп күнөөлөнүп жатпайбы. Бул боюнча эмне айта аласыз?

– Маалымдоо каражаттарына тараган кызматтык катты көрсөтүп, аталган компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деп жатышат. Аны сенсация да кылып жиберишти. Ал катка эки адам кол койгон. Нурсулу Ахметова жана Сапар Исаков. Анда эмнеге Ахметова камалган жок? Катта кытайлык компаниянын ар бир сунушу айтылып келип, энергетика министрине «сүйлөшүү иштерин жүргүзгүлө» деп жазылган. ТВЕА менен келишим түзгүлө деген сөз жок. Катты окуп чыккан адам ТВЕА`нын кызыкчылыгын коргогон сөздөр жок экендигине ынанат. Исаков мыйзамда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын гана аткарган. Бишкек ЖЭБин жаңылоо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий чечими болчу. Президент саясий чечимди аткарууну, карап координациялап турууну өзү ишенген киши катары Сапар Исаковго тапшырган. Келишимге кол коюлуп жатканда «экспертиза кереги жок» деп Сапар Исаков айткан эмес. Ал мыйзам долбоорду даярдаган адамдын милдети болчу.

Азыр Сапар Исаковго карата «кылмыштуу коррупциялык топ болгон» деген сөздөрдүн негизинде айыптоо жүрүп жатат. Эгер ушундай эле логикада карасак, андай "кылмыштуу топ" азыр деле иштеп жатат да. Кыргызстандан саясий баш паанек сурап келген казакстандык блогер Мурат Тунгышбаевди коңшуларга өткөрүп берүү чечими деле ошондой топ тарабынан кабыл алынбадыбы... Исаковго карата айыптоону кыска кеп менен түшүндүрсөм: «2013-жылы кызмат абалын жана саясий абалды өзүнүн кызыкчылыгына колдонгон» деп жатышат. Ошол маалда мамлекеттик башка институттардын үстүнөн президенттик аппарат үстөмдүк кылып калган эле дешүүдө. Ушул кантип болсун?! Сапар Исаков үстөмдүк кылуучу систем түзгөн деп айыпталабы? Ошондой иш болгон күндө деле ал кылмыш беренеси эмес да? Үстөмдүк кылуу системин тизе бүгүп чөгөлөп бергендер түзөт, мисалы, өкмөт менен парламент. Алардын чөгөлөп бергени үчүн Сапар Исаков күнөөлүүбү?

– Бул ишти эмнелердин негизинде саясий куугунтук атап жатасыз?

– Сапар Исаковду Жогорку Кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен өкмөт башчылыктан кетирди. Ал депутаттык корпусту «саясий өлүк» деп атады. Бул конфликттер башталган кезде Сапар Исаковго кылмыш иши козголо элек болчу. Биз Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы конфликтти көрүп жатабыз. Эки саясий күч болгонун түшүндүк. Атамбаевдин тегерегиндеги кишилер өзүнчө саясий күч болгондуктан, азыр ал топтун өкүлдөрүн камоо жүрүп жатат. Мурунку бийликтин, мурунку режимдин саясатчыларын камоо – бул саясий куугунтук. Саясий куугунтук болбосо, тергөөчүлөргө мыйзамды сактап иштегиле деп айтылмак. Тергөөчүлөр «Сапар Исаков оперативдүү материалдардын негизинде камалды» деп айтып жатышса, сот «ал кайсы оперативдүү материал?» деп сурап, териштирген да жок. Сапар Исаковду мен канчалык коргоп, канчалык эреже бузуулар болуп жатканын көргөн сайын бул иш саясий куугунтук, саясий атаандашын жок кылуу экенине ишенимим артып баратат.

– Мурда Атамбаевдик бийликти көп сындап келгенсиз. Эми анын ишенимдүү кадрын коргоп жатасыз. Эмне себеп болду?

– Мен өзгөргөн жокмун. Атамбаевге жолуксам ага ачык айта турган сөздөрүм бар. Президенттин мыйзамсыз буйруктарын аткарган милиция кызматкерлери, прокурорлор, УКМКнын кызматкерлери, соттор – ушунун баары Атамбаев тарабынан курулган систем. Бул системди Атамбаев Жээнбековго даярдап берип койду. «Мындай системден өзүңөр жапа чегесиңер, ошондо мага келгиле, мен силерди жактайм» деп айтып жүрчүмүн. Ким экенине карабай, анын үстүнөн тергөө иштери мыйзамдуу жүргүзүлүшү керек.

– Ошондон улам Атамбаевдин командасындагы Сапар Исаковду жактоого кириштиңизби?

– Сапар Исаков – Кыргыз Республикасынын «Ачык өкмөт» долбооруна кирүүсүнө демилгечи болду, мени менен иштешүүгө барган биринчи премьер-министр да болду. Ал өкмөт башчы кезинде жол коопсуздугу, ачык өкмөт долбоорлорунун негизинде чогуу иш алып бардык. Исаков менен иштешүүдө анын бир жакшы сапатын байкадым. Ал адамды укканды билет. Башка саясатчылардын көбү элди укпайт.

Исаковго жактоочулук кылышыма таасир берген башка да себептер бар. Мага мурунку бийлик кетирген катачылыктарды иликтөө кызык эмес. Мага учурдагы бийлик тушунда жаралып жаткан өз билемдикке, диктатурага каршы туруу маанилүү. Ошондуктан Исаковго жактоочулук кылуу ишин колго алдым. Ал иштин мисалында кандай эреже бузуулар, кандай мыйзам бузуулар болорун элге түшүндүрүп жатам. Көрүп турам, бизде эч кандай өзгөрүү болбоду. Сот, прокуратура, УКМК дегендин баары баягыдай эле жүзү кара буйруктарды кың дебей аткаруучу систем боюнча калды. Алар менен жогорку бийликтин ортосунда эч бир жерде ачык айтылбаган макулдашуу жашайт. Жогорудагы органдар бийликке жакпаган, тоскоол болуп жаткандарга каршы саясий куугунтук жасайт. Бийлик өз кезегинде бул органдардын мындай эмгеги үчүн алар элдин жон терисин каалашынча сыйрып жатса да көз жумуп коёт. УКМК, прокуратура жана сот – элди каалашынча саап жаткан коммерциялык корпорация. Бул бийликке абдан ыңгайлуу.

Исаковдун үстүнөн кылмыш иши козголгондо аны издедим. Исаков менен жүргөн адамдар "силерге карата саясий куугунтук башталганда мен силерди жактайм" деген сөзүмдү да эсиме салышты. Ошентип мен аны жактоого макул болдум.

– Учурда абалы кандай?

– Мен анын ден соолугунда көйгөйлөр бар экенин билем. Апасы жана жакындары айтышкан. Ошентсе да баары жакшы деп эч нерсеге даттанбайт.

Цитаты:

УКМК, прокуратура жана сот – элди каалашынча саап жаткан коммерциялык корпорация. Бул бийликке абдан ыңгайлуу.

Үстөмдүк кылуу системин тизе бүгүп чөгөлөп бергендер түзөт, мисалы, өкмөт менен парламент. Алардын чөгөлөп бергени үчүн Сапар Исаков күнөөлүүбү?


SUPER.KG, Кактус сайттарынан алынып, айрым толуктоолор менен берилди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан