ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУ. БАШКЫ СЕБЕПКЕРИ – БАТ БУЗУЛЧУ АЗЫКТАР

СТАТИСТИКА
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 2018-жылдын 6 айында (1-январдан 1-июлга чейин) тамак-аштан ууланган 314 адам түшүп, алардын 212си жатып дарыланып чыккан.

Күн ысыганы тамак-аштардан ууланып калуу коркунучу жогорулайт. Андыктан кандай азыктардан уулануу көбүрөөк болот, уулануу белгилери билинер замат кандай иш-аракеттерди көрүү керектиги тууралуу маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев баяндайт.

Тамак-аштан уулануу – бул сапатсыз даярдалган, бузулган же уулуу тамак-ашты жегенден, суусундукту ичкенден улам пайда болчу курч кармоочу оору. Ысыкта, өзгөчө тазалык сакталбаган жерде даярдалган жана сакталган азыктарда бактерия, вирустар бат көбөйүп, тамак-аштар бат бузулат. Аны менен ичке кирген бактерия, вирустар көбөйөт да, организмди ууландырат. Уулануу тамак-ашты жегенден 30 мүнөттөн тартып, 1-6 саат аралыгында күтүлүүсү мүмкүн.

УУЛАНУУНУ ЖАРАТУУЧУ ФАКТОРЛОР:
1) Талапка жооп бербеген азыктар:

• Тазалык сакталбаган жерде жасалган жана сатылган, сакталуу мөөнөтү өткөн;

• Унаада талапка ылайык ташылып келинбей бузулган;

• Трасса боюнда (мисалы, дарбыз, коон, помидор жана башкалар), базарларда колдо сатылгандар (мисалы, пирожки, хот-дог);

• Муздаткычта эмес, жылуу бөлмөдө сакталгандар;

• Чала куурулгандар.

2) Тамак-ашты кир кол менен жеп-ичүү.

 

ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУ КӨБҮНЧӨ ЖАЙКЫСЫН ТӨМӨНКҮ БАТ БУЗУЛЧУ АЗЫКТАРДАН КҮТҮЛӨТ:

• Майонез кошулган салаттар

• Сүт азыктары (анын ичинде йогурт)

• Консерваланган азыктар

• Балык, колбаса, эт фаршы, килкилдек

• Кондитер азыктары, көбүнчө кремдүүлөрү

• Козу карындан жасалган тамактар

• Шорпо, жумуртка

УУЛАНУУНУН БЕЛГИЛЕРИ

• Ичтин бурап оорушу

• Шалдыроо

• Көңүлдүн айланышы

• Кусуу

• Ичтин өтүшү

• Дене табынын көтөрүлүшү

• Суусоо, дененин кургай башташы (кусуу, ич өткөндөн улам денедеги суюктуктар чыгып кеткендиктен).

Дененин кургай башташы өзгөчө жаш балдарда, улгайгандарда бөйрөк оорусун кошо жаратат. Ушундан улам көз жумуп кеткендер болот. Кош бойлуулар менен бала эмизгендерге да уулануу өтө коркунучтуу!

УУЛАНГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

• Дароо «Тез жардамды» чакырыңыз.

• Ашказанды жуу. «Тез жардам» келгичекти эсине кирип калган балдар жана чоңдор дароо ашказанын төмөндөгүлөрдүн бири менен жууганга киришүүлөрү зарыл:

1) 3 литр туздуу сууну даярдап, андан бир ичкенде 2-6 стаканга чейин ичип, кайра кусуу. Куса албай жатсаңыз 2 манжаны оозго салып окшуп кусууга аракет кылыңыз.

2) 1,5-2 литр бөлмө температурасындагы сууга 1 аш кашык аш содасынан салып ичүү, кусуу.

• Сорбент ичүү. Сорбент – бул организмден ууларды чыгаруучу каражат. Анын бири – активдешкен көмүр. Салмактын ар бир 10 килограммы үчүн 1 таблетка ичүү кажет. Мисалы, салмагы 30 килограмм келген балага 3 таблетка, 50 килограмм келген адамга 5 таблетка ичирүү кажет.

• Суусаган сайын сууга кошулуп ичилүүчү регидрон же оралит каражатын, кайнатылган суу, өрүктүн компоту, күрүчтүн суусун иче берүү керек.

ДАРЫЛОО

• Эгер дене табы 37,5 жарымдан ашса, анда температураны түшүрүүчү каражат берилет.

• Регидрон, оралит сыяктуу каражат ичирилет.

• Диета кармалат. Майлуу, куурулган жана сүт азыктарды, фаст-фуддарды, жашылча-жемиштерди, чипсы жана газдалган суусундуктар сыяктууларды ичип-жегенге тыюу салынат.

• Жеп-ичкенге сунушталат: кургатылган нан, өрүк кактан даярдалган компот, газдалбаган суу, кисель, сууга бышырылган күрүч, бууга бышырылган котлет жана фрикадельки, пюре (майсыз).

• Кусуу токтогондон кийин ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүүчү каражат (мисалы, мезим, линекс) чектелет.

• Антибиотиктер анализдин жыйынтыгына карап жазылат.

УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ!

• Тамактанар алдында колду самындап жууңуз.

• Азык-түлүк сатып аларда сакталуу мөөнөтүн караңыз. Азыктарды муздаткычта сактаңыз.

• Тамак-аштын мурункудан калганын ичерде кайнатыңыз.

• Жашылча-жемиштерди, укроп, петрушка сымал татымал чөптөрдү жакшылап жууңуз.

• Чала бышкан азыктан (мисалы, боор шишкебеги), пикникте ысыкта бир нече саат туруп калган бат бузулчу тамак-аштан баш тартыңыз.

• Ысыкта тойдон кийин калган тамак, салаттарды үйүңүзгө алып кетип жебеңиз.

• Шектүү көрүнгөн, жыттанган тамакты, бузулуп баштаган жашылча-жемишти жегенден баш тартыңыз.

• Жашылча-жемиштерди (анын ичинде дарбызды) трассанын боюнан албаңыз! Алар чаңга бөлөнөт. Алуучу да, сатуучу да кир колдору менен кармалап микробдорду көбөйтөт. Билинбеген жаракалары аркылуу чаң, микробдор да кирет. Демек, ууланып калууга негиз бар. Эскертип кетчү нерсе, трасса боюнда сатылгандар автомашиналардан чыккан уулуу заттарды (азоттун оксиди, коргошун, бром, ыш, бензапирен жана башка) өзүнө сиңирип алуусу менен да ден соолукка коркунучтуу. Ошондой эле жашылча-жемиштердеги нитраттардын ашыкча болушу да ууланууга жеткирет. Андыктан атайын уруксат берилген жерлерде текчеге коюлуп сатылгандарын алуу керек.

• Кокус тамактануу үчүн кафе же ресторанга кирип ууланып калуу күтүлсө, анда дароо жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылуу зарыл. Эгер ошол тамактанган жайдын үстүнөн арыз жазууну чечсеңиз Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине же аймактык санэпидемстанцияга кайрылуу керек.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bazana
2018-07-10 13:25:31
Тойдон кийинги салаттарды уйго алып кетип жебениз дептирго ))
+3
Akylai_aktan
2018-07-10 23:13:09
Азыркы убакка эн керектуу маалымат.Рахмат СУПЕР-ИНФО
+1
-Sumitra-
2018-07-11 00:38:51
Дарбыз жеп алып эле,озумду андый берчу болдум го качан бир баля болуп кетет экенмин деп.Кудай сактасын.
0
ALIYA.
2018-07-11 10:40:38
Ысык отуп кетуу тууралуу макала бар беле,таба албай жатам
0
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан