УУРДАЛГАН АКЧАЛАР БИР ЭСЕПКЕ ЧОГУЛАТ

Коррупцияга байланыштуу иштер боюнча алынган, кайтарылган каражаттарды чогултуу үчүн мамлекеттик депозиттик эсеп ачылды. Каржы министрлиги билдиргендей, бул иштер укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жүргүзүлөт. «Жалпы мамлекеттик иш-чаралар – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» 2018-жылдын 3-июлунда ачылды.

Мындай эсеп ачылгандыгы тууралуу билдирме Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка акча каражаттарын которуу үчүн жиберилди. Эсептеги каражаттарды ай сайын эсепке алуу жана аларга мониторинг жүргүзүү Каржы министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылмакчы.

        Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 818, 6-июль -12-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан