Султан садыралиев «ДОСУМА»

Жаш ырчы Султан Садыралиев буга чейин «Мухаммед», «Ай, энем» жана «Таарынбачы» аттуу ырларына клип тарт­тырган эле. Жакында досунун жаркын элесине арналган «Досума» аттуу ырына клип тарттырып, көрөрмандардын сынына сунуштады. Эмгеги текке кетпей, учурда клип көрөрмандардын арасында жакшы пикирлерди жаратууда. Бул клип тууралуу Султандын өз оозунан угалы.

КЛИПТИН
КЫСКАЧА МАЗМУНУ

– «Досума» деген ырым мектепте окуп жүргөндө каза болуп калган жакын досумдун жаркын элесине арналат. Акыркы кездерде досум түшүмө кирип, көп эстечү болдум. Анан ага ыр жазып, ыр жарыкка чыккандан кийин клип тартууну ойлондук. Клиптин сценарийи менин башымдан өткөн окуянын негизинде жазылганы менен ага такыр окшобойт. Мисалы, мен досумдан мектепте окуп жүргөндө эле айрылгам. Ал эми клипте чоң адамдын досунун каза болгондугу тартылган.
Клип досумдун аялынын төрөөр убактысы келип, төрөтканага кетип баратып күйөөсүнө телефон чалган жеринен башталат. Аялынын төрөгөнү кетип бара жатканын уккан күйөөсү сүйүнгөнүнөн машинасын катуу айдап баратып жол кырсыгына кабылып, сууга түшүп кетет да, ошол жерден каза табат. Ал эми мен жан досумду, кан досумду унутпаймын, досуман ар дайым жардамымды аябаймын дегем. Керек болсо анын баласын да өз баламдан кем кылбай багам дегендей оюм бар болчу. Ошон үчүн окуя төрөтканада досумдун баласын кармап турган жеримден аяктайт.

КЛИП ТАРТУУГА КЕТКЕН КАРАЖАТ
Клипке баш-аягы бир жарым миң доллар кетти. Бирин машинаны суудан алып чыгуу үчүн, ал эми экинчисин үстүнө чыгып клипти тартуу үчүн эки кранды арендага алдык. Анан крандын айдоочусу машинаны суудан алып чыгып жатканда эшиктери урулуп кыйшыйып калат деп макул болбой койду. Биз ага да макул болуп көндүрдүк. Бирок, чын эле сууга тү­шү­­рүп чыгарган машинабыздын эшиктери кыйшайып, урулуп, жаман болуп калыптыр. Ал машина Динара эженин тууганынын машинасы болгондуктан, ал машинасы үчүн бизди чыгым кылган жок. Ошондой эле клипте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын топ, укук коргоо кызматкерлери, “тез жардам” иштеди. Бирок, булардын баары бизге жөн гана жардам катары кызмат кылып беришти.

КЛИП ТАРТЫП ЖАТКАНДА
БОЛГОН КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАР
Бул клипти тартууда кызыктар аябай эле көп болду. Биз каналдын жанына барып крандарды жайгаштырып, даярданып жатканда эле элдин баары өздөрүнчө ызы-чуу болушуп, кырсык болду деп түшүнүп алышыптыр. Көчөдө өтүп бараткан машиналар да, жөө жүргүнчүлөр да бизди кайгылуу көздөрү менен аяп карап жатышты. Досумдун ролун «Улуттук хит-парад» көрсөтүү­сүнүн режиссёру Айбек Усенов аткарды. Ал эми анын аялынын ролун токмоктук кыз ойноду. Ал кызды клиптин режиссёру Мелис байкенин сунушу менен тандадык. Кыздын атасы алгач бизге ишенбей, кызын өзү алып келиптир. Клип тартуу учурунда жанында кошо жүрдү.
Клипте кызды төрөтканага алып бара жатканда халат менен тапичке кийгизип, курсагына бирдемелерди тыгып, “боюнда бар” кылып койгонбуз. Ошентип, төрөткананын жанында турса, биздин клип тартып жатканыбызды билбеген доктурлар кызды “жылуу кийин, эмне бул жерде турасың?” деп урушуп киришти. Анан биз түшүндүрсөк каткырып күлүп жатышпайбы.
Ошондой эле биз клип тартып жатканда кыздар келип автограф алышып, сүрөткө тартып жатышты. Ал эми ыйлай турган жерине келгенде бир топ кыйналдым. Эркек болгондон кийин оңой менен ыйлай албайсың да. “Ыйлай албайм” десем көзүмө пияз сүртүштү эле, анда да жаш чыкпай койду. Акыры клип үчүн өзүмдү кыйнап жатып эптеп ыйладым. Кыскасы, клип тарткан үч күндө Чоң Чүй каналынын жээгинде элге бекер шоу өткөрдүк окшойт.
Клипти көргөн тааныштарым жакшы тартылып жатат деп жылуу пикирлерин билдиришүүдө. Андан сырткары, профессионалдар да жакшы ойлорун айтып жатышат.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан