АРТЫКБАЕВДИН ЖЭБДИН АФЕРАСЫНА КАТЫШЫ БОЛГОН ЭМЕС...

6-июнда УКМК тарабынан камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна которулду. Анын абалы оор экендиги жана ушул тапта жүрөк, кан тамыр жана башка ооруларын аныктап жатышкандыгы, анын жыйынтыгы менен жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн экендиги айтылды.

ОКУЯ ДЕПУТАТТЫН БАЯНЫНДА

Осмонбек Артыкбаев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо кандай жүргөндүгү тууралуу маалымат берип жатып ал министр болуп дайындалганга чейин эле ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүү бүткөн деп билдирген. Ал өзү аталган кызматка дайындалганга чейин эле ТВЕА менен ЖЭБди жаңылоо өлкө жетекчилиги тарабынан колдоо тапканын, Энергетика министрлиги сүйлөшүү саясатына гана жоопкер болгонун билдирген.

«Министрлик тапшырмага ылайык жаңылоону карап чыкты. Ошондой эле президенттин аппаратынын позициясы менен Кытайдын министрлигинин нотасы эске алынды. Жетекчилик макулдук берген соң ведомстволор аралык комиссия бул компанияны алып келүү тууралуу маселени караган. Бул каттын негизинде мен өкмөт башчыга кайрылгам, андан соң өкмөттөн токтом даярдашты. Баары процедурага ылайык жүргүзүлдү»,- дейт Артыкбаев.


ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ КӨП ИШТИН БЕТИН АЧТЫ

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссия 5 жыл мурда болгон окуялардын хронологиясын калыбына келтирди жана ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин ортосунда болгон сүйлөшүү иштеринин бетин ачты. Расмий документтердин негизинде түзүлгөн хронологияда көмүскө иштер ачылып, эмне болгону белгилүү болду. 2013-жылы Сапар Исаковдун президентке жазган каты элге жарыяланды. Иликтөө чоң резонансты пайда кылды, коррупцияга байланышкан чатак кызыды. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө беш ай ичинде айрым жогорку даражалуу чиновниктер жашырууга аракет кылган көптөгөн маанилүү фактылардын бети ачылды.

ХРОНОЛОГИЯ ЭМНЕЛЕРДИ КӨРСӨТӨТ?

Хронология боюнча Бишкек ЖЭБин жаңылоо жөнүндө демилге «Электр станцияларынын» башчысы Салайдин Авазов (балким, бул анын идеясы болгондур) тарабынан көтөрүлгөнү айкын көрүндү. Ал биринчи болуп энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго кат жазат. Катта Бишкектин жылуулук электр станциясындагы абалды баяндап жана ЖЭБди жаңылоо зарылдыгы тууралуу жүйөлөрдү келтирет. Андан соң ал ушул эле катты президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жөнөтөт.

Бул жерден көптөгөн суроолор келип чыгат. Эмнеге өкмөткө таандык болгон компаниянын башчысы Мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө фондунун башчысына жана өкмөткө кайрылбай, президенттик аппараттын бөлүм башчысына кат жазат? Бул бөлүм өлкөнүн энергетикалык тармагына жооп бербейт, бул өкмөттүн прерогативасы. Ал тургай сөз инвестиция тартып келүү тууралуу болуп жатса да, кат биринчи кезекте Тышкы иштер министрлиги менен өкмөткө жолдонушу керек болчу. Башкача айтканда, кат иерархиянын бардык тепкичтерин басып өтүшү керек эле. Ошого карабай «Электр станцияларынын» башчысы бөлүм башчы Сапар Исаковго кат жазат. Сапар Исаков өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаевге кызматтык кат жазат, анда Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргүзүшкөнү, ал эми кытайлыктар баа сунушун айтканы дагы кошумчаланат. Бул жерден дагы бир катар суроолор пайда болот. Эмне үчүн президенттик аппараттын бөлүм башчысы ЖЭБди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү? Эмнеге ал мындай чечимге келди? Бул маселе өкмөттүн иши экендиги тууралуу фактыны эске алганда анын укугу бар беле?

Катта андан соң ЖЭБди жаңылоого инвестицияны кандайча тартып келиш керектиги тууралуу сунуштар айтылат. Мамлекетте акча жок болчу, ал эми Кытайдын ТВЕА компаниясы акча эмес, өз кызматын сунуштаган. Мамлекетте акча жок туруп эле, ал иш аткаруучу издеп жатат. Логика кайда?

Цивилизациялуу өлкөлөрдө адегенде инвестиция тартып келишет, андан кийин гана иш аткаруучуну издей башташат. Ал эми ТЭЦте баары тескерисинче болгон, иш аткаруучуну табышкан, ал болсо акчаны кайдан алууну айткан. Бул нормалдуу көрүнүшпү? Жок, бул факты абдан олуттуу суроолорду пайда кылат. Бул жерде бир компаниянын кызыкчылыгын коргоо жүрүп жатабы деген суроо жаралат. Мамлекет эмес, ириде компаниялар долбоорду ишке ашырууга кызыкдар болушкан, тактап айтканда, көп миллиондук келишимдер зарыл болгон иш аткаруучу компаниялардын кызыкчылыктары болгон тура деген ой пайда болот. Мына ошондой компаниялар Кытайдын каржы институттарынан насыя алууну сунуш кылышкан. Бул жерде Кытай Эл Республикасынын позициясы дагы кызык. Улуу держава кимдир бирөөнүн көп жүрүштүү комбинацияларындагы чынжырчага айланып калгандай элес калтырат. Мындай нерсени улуу империя жактыра койбосу анык.

ТЫҢЧЫЛЫКПЫ?

Дагы бир маселе – кытайлыктар даяр баа сунушун кайдан алышты? Анткени каржы шарттарын даярдаш үчүн техникалык параметрлер зарыл, тактап айтканда, алардын колунда Бишкек
ЖЭБинин техникалык абалы боюнча маалымат болуш керек. Белгилүү болгондой, жылуулук станциясы стратегиялык объект жана тиешелүү уруксат болбогон учурда стратегиялык объектинин техникалык абалы тууралуу маалыматты чет элдик компанияга берүү улуттук коопсуздукка коркунуч болуп эсептелет. Бул – тыңчылык. УКМК буга кандайча жол берди?

Сүйлөшүүгө келели. Жогоруда аталган сүйлөшүү баскычында Салайдин Авазов менен Сапар Исаков биргеликте иштегени байкалып турат. Ошондой эле Айбек Калиевдин да аралашуусу бар, бирок ал тууралуу кийин сөз болсун.

2013-жылы 9-апрелде Авазов президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысына, өкмөттү кыйгап өтүү менен кат жазат, ал эми бөлүм башчы өз кезегинде 2013-жылы май айынын ортосунда президентке кат жолдойт. Анан калса Сапар Исаков кимди тартып келүү керектигин да сунуштайт. Сапар Исаковдун катында дагы бир маанилүү учур бар, ал катта керектүү сумманы 390 миллион доллар деп көрсөткөн, ал эми Авазовдун катында 396 миллион доллардык цифра көрсөтүлгөн. Эмне үчүн ар кандай цифра көрсөтүлүп жатат? Авазов компаниялар менен жолуккан эмес. Анда ким жолугуп бул компанияларды кароодон өткөргөн? Кайсы критерийлер боюнча аларды тандап алышты? Чарба иштерин дипломаттар чечип калган учурду улай президент өкмөткө кайрылбай туруп Энергетика жана өнөр жай министрлигине тапшырма берет. Эмнеге? Анткени Сапар Исаков менен Нурсулу Ахметованын катында аталган министрликке тапшырма бериңиз деп жазылган.

Аталган министрликте бир аз мурда, тактап айтканда, 22-апрелде Автандил Калмамбетов кызматтан алынган. Эмнеге? Автандил Калмамбетов эмнеси менен жакпай калды? Анын тушунда ЖЭБди жаңылоо боюнча СМЕС, ТВЕА, "Интер РАО" менен сүйлөшүү жүрбөдү беле. Анан калса анын тушунда сүйлөшүү процесси аяктап калган, бир аз гана жумуштар – компанияны тандоо жана документти тез арада бүтүрүү калган. Балким, Калмамбетов көп миллион доллардык долбоорду алуучу компанияны тандаш үчүн кимдир бирөөгө тоскоол болгондур? Тагдыр чечерлик сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда министрлерди алмаштыруу сейрек болот. Ал эми бул убакытта Кыргызстанда бир ай бою энергетика министри дайындалбай, министрдин милдетин бир ай бою Айбек Калиев аткарган. Бир ай бою Сапар Исаков, Айбек Калиев, Салайдин Авазов ЖЭБ боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүшкөн. 2013-жылы 22-майда энергетика жана өнөр жай министри болуп Осмонбек Артыкбаев дайындалган. Жаңы министр жумушу менен тааныша электе, ишке келгендин экинчи күнү, 24-майда президент Сапар Исаковдун каты боюнча ЖЭБди модернизациялоо тапшырмасын берет. Артыкбаев бул ишти өзүнүн орун басары Айбек Калиевге табыштайт.

Бинго, пасьянс түзүлдү! ЖЭБ боюнча кайрадан Сапар Исаков, Айбек Калиев жана Салайдин Авазов иштей баштайт.

ЧЕЧИМ ЖАМААТТЫК ТҮРДӨ КАБЫЛ АЛЫНГАН

2013-жылы 28-майда Артыкбаев министр болгонунан беш күндөн кийин министрлер жыйын өткөрүп, ТВЕА`нын сунушун карашат. Жыйынды Айбек Калиев өткөрөт. Артыкбаев ТВЕА`нын сунушун артка кайтарса болот беле? Мүмкүн эмес эле, биринчиден, тапшырма жогору жактан берилип, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы аракет кылган, анан калса Калиев менен Авазов Артыкбаевге баш тартууга жол бермек эмес. Чечим жамааттык негизде кабыл алынган. Иш аз эле калган, болгону процедуралык учурлар эле. Министр президентке жана өкмөт башчыга мамлекет башчысынын тапшырмасы менен президенттин аппаратынын позициясын эске алуу менен ТВЕА`нын сунушун кабыл алганын жазат. Жетекчилик өз макулдугун берет. Андан соң өкмөт башчы тиешелүү тапшырманы берет. 4-июлда «Электр станциялары» 390,2 миллион көлөмүндөгү ТВЕА`нын баа сунушун кабыл алуу боюнча токтомду кабыл алат. Май айында Сапар Исаков президентке жазган катта 390 миллион доллар тууралуу сөз болгон. 200 миң кайдан чыгып калды? Дагы дал келишпей жатат. 2013-жылы Энергетика министрлиги долбоордун баасын 386 миллион долларга чейин арзандатууну макулдашат. Долбоордун баасы төрт миллион долларга арзандайт, кимдир бирөөнүн үлүшү баары бир азайып кетти деп жоромолдоого болот.

КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР

Бул процессте Сатыбалдиев, Артыкбаев жана Лаврованын ролу кандай болгон? Дагы арзандатууга болот беле, Артыкбаев жагдайды өзгөртүшү мүмкүн беле?

Андай болбойт эле, ага чейин эле баары сүйлөшүлгөн жана президенттик аппараттын деңгээлинде чечилген, ага болгону кызматтык милдетин орундатууга гана уруксат беришкен. Анда эмне үчүн депутаттык комиссиянын айрым мүчүлөрү Артыкбаевди күнөөлүү кылгылары келип жатат жана ал кандай документтерге кол койгон? Эч кандай.

ЖЭБди жаңылоо боюнча ТВЕА менен болгон келишимге «Электр станцияларынын» башчысы Салайдин Авазов кол койгон. Авазов министрлерди кыйгап өтүп бул келишимге кол коё алат беле? Ооба. Анткени компаниянын акциялары ал кезде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна таандык болчу. ММБФ өз кезегинде буга макулдук берген.

Кол койбоптур, колдоо кылбаптыр, кызматка сүйлөшүүлөр жүрүп бүткөндөн кийин келиптир. Балким, модернизацияга катышкандыр? Жок. Артыкбаевди 2014-жылдын соңунда кызматтан алышкан. Эмнеге? Жообу эң жөнөкөй, 2014-жылдын декабрь айынан баштап модернизациялоо иштери башталган. Артыкбаевдин ордуна Кубанычбек Турдубаевди дайындашкан жана бир нече айдан соң Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп салышкан. Улуттук энергохолдинг түзүлүп, «Электр станцияларынын» акцияларын жаңы компанияга беришет. Жаңы Энергохолдингдин башчылыгына, албетте, ошол эле Айбек Калиев дайындалат. Модернизация башынан аягына чейин Калиевдин жетекчилиги астында өткөн. Дал ошол Калиевдин ЖЭБге сатып алынган кычкачтар жана башка сатып алуулар боюнча маалыматы болгон.

Эгерде Артыкбаев катуу ооруп калса, аты аталган адамдар суудан кургак чыгып кетүү коркунучу бар, ошондуктан түшүнгөн адамдар Артыкбаевдин сакайып кетишин каалап турушат.


Назгүл Бегалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kyialbek.89
2018-07-17 23:28:42
Артыкбайев жакшы адам еле ман айта алам
0
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан