ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТТИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Ипотекалык кредит – бул турак жайга байланышкан максаттуу узак мөөнөткө берилүүчү кредиттин түрү болуп саналат. Биринчи ирет «ипотека» деген термин Грецияда VI кылымдын башында пайда болгон, аны кыргыз тилине которгондо «бир нерсенин алдына койгуч» дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлк (батир, үй, жер, гараж жана башка) менен камсыз кылынган банк тарабынан берилген ипотекалык насыя болуп эсептелет. Аталган кредиттин башка кредиттерден айырмачылыгы, өзгөчөлүгү жана Кыргызстандагы учурдагы абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктарга тышкы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бейшеналиева Бактыгуль Айыповна маалымат берди.

– Кыргызстанда ипотекалык кредиттөө рыногу канчалык деңгээлде өнүккөн? Ага болгон элдин кызыгуусу кандай бааланып жатат?

– Бүгүнкү күнү турак жай маселеси бардык жердегидей эле Кыргызстанда да эң актуалдуу жана маанилүү маселе болуп эсептелет. Ипотекалык кредит – бул текшерүүдөн өткөн жана ишенимдүү инвестиция катары, турак жай чөйрөсүнө салуу ыкмасы деп айтсак да болот.

Бир чети бул кредит калктын турмуш тиричилик шарттарын жакшыртса, экинчи жагынан курулуш жана турак жай рыногуна болгон суроо-талапты жогорулатат. Мындан сырткары ипотекалык кредиттин өнүгүшү – өлкөнүн реалдуу экономикалык өсүштөргө жетишинин негиздеринин бири болуп саналат. Акыркы жылдары Кыргызстанда ипотекалык кредит системасын колдонуунун тажрыйбасы байып бара жатат. Анын мыйзам базасы негизделип, бир ыргакка келип калды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы Токтомуна ылайык, «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020-жылдар» мамлекеттик программасы кабыл алынган. Бул мамлекеттик программа бири-бири менен байланышкан иш-чаралардын комплексинен турат. Ал мамлекеттик колдоо механизмдерин камтыган калк үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Бул механизмдин негизги звеносу болуп – Мамлекеттик ипотекалык компания эсептелет. Ал кайра каржылоо механизмин камсыздайт жана жеткиликтүү турак жай тармагындагы мамлекеттик программанын ишке ашырылышына шарт түзөт. Бүгүнкү күнү элдин аталган кредиттин түрүнө болгон кызыгуусу өтө жогору.

– Мамлекеттик ипотекалык компания кандай иш менен алектенет?

– Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) ипотекалык кредиттөөнү «Даяр турак жай сатып алуу» жана «Турак жайды өз алдынча куруу» сыяктуу механизми аркылуу ишке ашырууда.

Алгач ипотекалык кредиттер боюнча чен 12-14 пайызды түзгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ипотекалык кредиттин эсептик чени азыр төмөндөтүлгөн.

– Ипотекалык кредитти мөөнөтүнөн мурда төгүп кутулууга мүмкүнбү?

– Албетте, мүмкүн. Кредитти мөөнөтүнөн мурда төгүү менен бирге жарым-жартылай дагы төксө болот.

Мамлекеттик ипотекалык компания мөөнөтүнөн мурда төккөн үчүн комиссия төлөнбөйт. Ал эми банктардан алынган ипотекалык кредиттер боюнча банктан маалымат такташ керек.

Кредитти мөөнөтүнөн мурда төгүүдө:

– кредиттин негизги суммасы азаят;

– пайыздын суммасы дагы азаят.

Башкача айтканда, мүмкүнчүлүк болгон сайын мөөнөтүнөн мурда төгүлсө, бул турак жай арзаныраак болот, анткени пайыздын суммасы азаят.

– Мамлекеттик программа боюнча канча банк ипотека берет?

– 2018-жылдын 18-июнуна карата Кыргыз Республикасындагы 25 банктын ичинен 8 банк ипотекалык кредит берип келет. Мамлекеттик ипотекалык компания 3190 ипотекалык кредитти каржылаган, ошо менен бирге 3 миллиард сомдон жогору кредит берилген. Анын ичинен 971 кредит Чүй облусунда эле берилген.

– Кадимки кредиттин ипотекалык кредиттен айырмачылыгы эмнеде?

– Биринчи айырмачылыгы, анын кайсы максатта алынып жаткандыгы менен байланыштуу. Ипотека бир гана турак жай алуу же турак жайды оңдоп-түзөө максатында берилиши мүмкүн. Бул кредитти керектөөчүлөрдүн кредити сыяктуу башка багыттарга да жумшап жиберүүгө болбойт. Айырмачылыктар анын мөөнөтүндө да бар. Ошондой эле документтерди тариздөөдө, кредитти тариздөөнүн эрежесинде да болушу мүмкүн. Ипотека – бул узак мөөнөттүү кредит, аны карыз алуучу 5-15 жылдын аралыгында төлөп бүтөт (эгерде мөөнөтүнөн мурда эле төлөп койбосо). Ошондуктан бул кредиттин чени төмөн болот. Албетте, бул жерде карыз алуучу дагы бир кыйла тобокелдиктерге барып жатат. Эгерде керектөөчүлөрдүн кредитин төлөөнү убагында жүргүзбөй койгон карызгерге үстөк пайыз, айып пул чегерилсе, ипотекалык кредит алуучу убагында тийиштүү төлөмдү жүргүзбөгөндүгү үчүн үйү жок, көчөдө калуу коркунучу бар.

Дагы бар маанилүү айырмачылык – бул керектөөчүлөрдүн кредитине алынган буюмду эмне кылуу сиздин каалооңуз менен жүргүзүлсө, ипотекалык кредитте карызга алынган сумма толугу менен төлөнүп бүтмөйүнчө жана документтери таризделип, банкка карызыңыз жок болуп калганга чейин кыймылсыз мүлк менен эч кандай операция жүргүзүүгө акыңыз жок.

– Ипотеканын артыкчылыктары жана кемчиликтери эмнеде?

– Ипотекалык кредиттердин артыкчылыктары төмөнкүлөр деп айтсак болот:

1) турак жай сатып алууга жылдар бою каражатты топтоо зарылчылыгы жок;

2) карызды төлөө ай сайын тең суммада жүргүзүлөт;

3) мамлекеттик программа боюнча кошумча мүлктү күрөөгө коюу зарылчылыгы жок.

Кемчиликтери:

1) ипотекалык милдеттенмени төгүп бүткөнчө мүлк банкта күрөөдө;

2) сатып алынган мүлккө ээ болуу боюнча укугу карызы боюнча төлөмдөр аяктаганча банктын атында калат.

Турак жай алууга максатталган кредитти, акчанын көп бөлүгү даяр, бирок каражат жетпей жаткан учурда алуу жакшы болот.

Ипотека менен кредиттин ортосунда тандоодо карыз алуучунун ошол убакыттагы абалын, өзгөчөлүгүн, макул жана каршылыктарды таразалап, баалап, өзү тандоону ишке ашырышы керек.

Аталган кредиттин түрү боюнча бардык сиздерди кызыктырган суроолор боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания менен байланышсаңыздар болот же зарыл болгон маалымат менен компаниянын расмий сайтынан таанышуу мүмкүндүгү каралган.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nur...nur.
2018-07-17 10:59:01
Кридит албаш керек ипотекасында
+3
010288
2018-07-17 22:22:44
nur...nur.,эмнеге?Биз алалы дегенбиз.
+1
aydarken
2018-07-19 19:17:42
кантип алса болот жол жобосун билгендер барбы канча милиондук уйду канчага берет
+1
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан