Технология өнүккөн азыркы заманда бизнести ийгиликтүү жүргүзүүдө телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жана туруктуу байланыш маанилүү ролду ойнойт. Булуттуу АТС же виртуалдуу АТС – заманбап бизнестин керектөөлөрүнө толук жооп берчү кызмат. Beeline компаниясы Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен биринчи болуп компаниялар үчүн бир да кардарын жоготуп албагыдай кызматты сунуштоодо. Бизнес үчүн ыңгайлуу бул кандай кызмат деп кызыксаңыз, анда төмөндө түшүндүрүп бермекчибиз.
ВИРТУАЛДУУ АТС ТУУРАЛУУ:
Булуттуу АТС же виртуалдуу АТС – бул компаниялар үчүн кичи АТСтин, ал тургай колл-борбордун ордун алмаштыра алуучу кызмат. Кызматтын маңызы кардар провайдерден IP-АТСти толук колдонууга ала алышында жана 1 номер менен бир нече телефон аркылуу сүйлөшө алышында. Эгерде кызматкериңиз жумуш боюнча чет өлкөгө чыкса же филиалыңыз чет өлкөдө жайгашса деле роумингсиз ошол номер аркылуу бекер чалууларды кабыл ала алат. Кадимки АТС кардардан сырт жерге жайгашат эмеспи, ал эми виртуалдуу АТС – бардык жабдуулар жана программалык камсыздоо оператордун алдында жайылып турат, кардар АТСке интернет аркылуу кошулат.
КАРДАРЫҢЫЗ АТААНДАШЫҢЫЗГА КЕТҮҮГӨ ЖЕТИШПЕЙ КАЛАТ
"Виртуалдуу АТСтин бизнеске кандай тиешеси бар?" дешиңиз мүмкүн, бул үчүн жөнөкөй мисал келтирсек: Кардар диван алгысы келди дейли. Ал интернеттен эмерек сатуучу дүкөндөрдү издеп таап, сайтта көрсөтүлүп турган телефон номерлерине чалат. Биринчисине чалды, бош эмес, экинчисине чалды бош эмес. Дагы бирөөнө чалды, эч ким алган жок. Кардар айласыздан дүкөн кыдырып жөнөйт. Ал эми виртуалдуу АТС менен абал таптакыр башкача. Ал бир эле номер аркылуу бир нече чалууларды кабыл ала алат, бир кызматкер жооп бере албай калса, экинчиси алат. Ошондой эле кызматкериңиз кардарга качан, кантип жооп бергенин да биле аласыз. Себеби чалуулар качан болгону, ким жооп бергени жана ортодогу сүйлөшүүлөр сакталып калат.
ВИРТУАЛДУУ АТС САТЫКТЫ КӨБӨЙТҮҮГӨ ЖАНА КАРДАРЛАРДЫ ТЕЙЛӨӨНҮН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ
Көп каналдуу номер
Көп каналдуу номер бир убакта бир нече чалууларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондуктан сизге чалган кардарыңыз эч качан «бош эмес» дегенди укпайт.
Чалуулардын расписаниеси
Чалууларды иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү боюнча сиз өзүңүз каалаган убактыңызга расписание коё аласыз. Мисалы, жумуш учурунда чалуу сатуу бөлүмүнө келсе, кечке жуук нөөмөттөгү менеджерге, ал эми түнкүсүн үн почтасына кайра даректелет (мындай учурда АТС кардарга сизге эртең эртең менен кайра чалышат деп маалымат берет).
Чалууларды башкаруу
Виртуалдуу АТС сиз койгон тапшырмага ылайык, реалдуу убакыт режимине ыңгайлаштырылат. Кардардын линияда күтүү убактысын кыскартуу маанилүү, ошондуктан чалуу кабыл алуучу кызматкерлердин баарына чалуу келе тургандай кылып ылайыктаңыз. Сатуунун сапатын жакшыртуу маселесин чечүү үчүн параметрлерди өзгөртүңүз, АТС эң тажрыйбалуу менеджерлерге чалууларды багыттайт. Катчынын милдеттерин азайткыңыз келсе, ким менен байланыштырууну кардар өзү тандагыдай кылып үн менюсун ылайыкташтырыңыз.
Кара тизме
Керексиз сүйлөшүүлөргө жана каалабаган чалууларга убакыт коротпой, маанилүүлөрүнө гана көңүл буруу керек болсо, анда сиз өзүңүздүн «номерлер кара тизмесин» ыңгайлаштыра аласыз.
CRM менен жуурулушуу
Beeline business`тин булуттуу АТСи менен кардарлар базасын эффективдүү башкаруу үчүн CRM-системасынын AmoCRM, Битрикс, Retail CRM жана башка белгилүүлөрү менен жуурулушуу (интеграция) каралган. Жеке кабинетке кирип бир басуу менен автоматтык түрдө ыңгайлаштыруу каралган. CRM менен жуурулушуу чалууну ала электе эле сизге кайсы кардар чалып жатканын билүүгө, сүйлөшүүлөрдүн тарыхын кароого, чалууларды бир убакта бир нече адамга жиберүүгө болот.
Сүйлөшүүлөрдүн тарыхы жана статистикасы
Сиз ким, кимге, качан чалганын, канча жолу чалуулар алынганын же алынбаганын, чалуу канча убакытка созулганын жана менеджер кардарлар менен кантип сүйлөшкөнүн көзөмөлдөй аласыз. Сүйлөшүүлөрдүн жазылып калышы менеджерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат жана ал жаңы кызматкерлерди окутууда үлгү боло алат.
«НАТЫЙЖАЛУУ САТУУЛАР» ПАКЕТИ
Кезек көп болгондогу кайтарым чалуу
Эгерде бардык операторлор бошобой жатса, анда АТС кардарга кайтарым чалууну тапшырууну сунуштайт: мында кардарга анын чалуусун операторлордун бири качан алат деп күтүүнүн кереги жок. Менеджер бошоор замат АТС автоматтык түрдө кардарга чалат.
SMS-визитка
SMS-визитка кызматы сатуу боюнча менеджерлер үчүн ыңгайлуу курал болуп бере алат. Кардарга жөнөтүлгөн менеджердин байланыштары тууралуу билдирүү алардын адашып калуусуна жол бербейт.
SMS-кечирим суроо
Эгерде чалуу алынбай калганы АТСте катталса, ал тууралуу жетекчинин телефон номерине билдирүү түшөт. Ошол эле убакта кардар да кечирим сураган sms-билдирүү алат. Ошондуктан кардарыңыз башка атаандаштарыңызга байланышпашы мүмкүн.
ОРНОТУУ ЖАНА ЫҢГАЙЛАШТЫРУУ ОҢОЙ
Жабдуулар үчүн чыгымдын кереги жок
Beeline business`тин виртуалдуу АТСи «булутта» жайгашкан программалык чечүү. Кеңселик АТС жана жабдууларды техникалык колдоо үчүн каражат чыгымдоонун кереги жок.
Башкаруу оңой
Сиздин компанияңыздын бардык телефониясы сезгич, түшүнүктүү интерфейс менен ыңгайлуу web-порталда ыңгайлаштырылат жана башкарылат. Колдонуучуну кошуу же чалууларды кабыл алуунун эрежелерин өзгөртүү үчүн атайын техникалык билимдин кереги жок.
Масштабдоо оңой
Сиздин бизнесиңиз кеңейип жаңы офиске көчкөнүңүздө же жаңы өкүлчүлүктөрдү ачканыңызда – техникалык адистерди чакырбай өзүңүз ыкчам эле телефонияны ыңгайлаштырып ала аласыз: жаңы бөлүмдү түзүү, ички номерлерди кызматкерлерге берүү, эрежелерди тапшыруу.
КЫЗМАТТЫ 2 ЖУМА БЕКЕР КОЛДОНУП СЫНАП КӨРҮҢҮЗ
Бул кызматка кошулууну каалагандарга Beeline компаниясы виртуалдуу АТС кызматын 2 жума бекер пайдаланууну сунуштоодо. Бул убакыт жаңы кызматты сынап көрүүгө толук жетет. Эгерде кызмат жакпаса андан баш тартуу каралган, бирок кызматтан баш тарткыңыз келбесине ишене бериңиз.
Тел.: 0628, 0775580628,
e-mail: ats@beeline.kg
Ибрагим Жусуев