4-июль күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылындагы май куюучу жайда өрт чыгып, 4 адам жабыр тарткан. Ал өрт жүк сактоочу жайдан чыкканы такталды. Бул май куюучу жай мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин бүлөсүнө тийиштүү болуп чыкты. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, май куюучу станция Шадиевдин апасы Айсана Шадиевага таандык болгон.
"Өрт чыккан жай Айсана Шадиевага таандык болгон, аны ижарага алып Манас Исманов аттуу жаран иштетип келген. Учурда факт боюнча "өрт коопсуздугун бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат",- деп билдирет Баткен ички иштер башкармалыгы. Бул өрттөн 4 адам ар кандай жаракаттарды алып, май куюучу станциянын кеңсеси, 4 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн.
Белгилей кетсек, УКМК Аскарбек Шадиевди Лейлек району аркылуу Тажикстанга, андан ары Москва аркылуу АКШга кеткен деп билдирүү тараткан. Бирок анын АКШга качып кеткенин далилдей турган эч бир кагаз, документ жарыя боло элек. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg