«ЭГИЗДЕРИМДИН ТИРҮҮ ЭКЕНИН СЕЗЕМ»

Издейм сени

“Супер-Инфо” гезитинин №394-санына жарыяланган “Көз жаш” аттуу макаланы окуп, үй-бүлөбүз менен абдан жаман болдук. Ал макалада аман-эсен төрөлгөн эгиз кыздарынан түрүүлөй ажыраган эне тууралуу жазылыптыр. Мен да кезинде ошол эненин кейпин кийип, ак сүтүмдү кана эмизбей калган эгиз кыздарымдын дайынын билүү үчүн келип отурам”,- деп сөз баштады Атыр апа.

Гезитибиздин №394-санына чыккан “Көз жаш” аттуу макаланы эске сала кетсек, Гүлнур аттуу жаш келиндин төрөт үйүндө эгиз кыздарынан кантип ажырап калгандыгы тууралуу баяндалган.

– Макаланы окугандан тартып жүрөгүм бир орунда болбой жатат. Мен эгиз кыздарымдан ажырасам да, ушул убакка чейин алардан үмүтүм үзүлбөй келет. Кээде аргасыздан “чын эле каза болуп калышканбы?” деп ойлоп, жүрөгүм ооруйт.
Улуу кызым Аида, уулдарым Айдар жана Алмаз төрөлгөндөн кийин дагы кош бойлуу болуп калдым. Анда кызылчада иштечүмүн. Ысык-суукта жүрүп боордун циррозуна чалдыккан элем. Бирок маал-маалы менен дарыланып турчумун. Кош бойлуу кезимде бул дартым көп деле кыйнаган эмес. Көпчүлүк кош бойлуу аялдардай эле шишип калчумун. Муну этибарга албай иштеп жүрүп, анан убактым келип калганда декретке чыктым. Өзүбүз Сокулук районунун Жыламыш айылында тургандыктан, төрөөр маалым жеткенде ал жактын төрөт үйүнө кайрылдым. Бирок алар “өтө шишик басып кетиптир, жаткыра албайбыз” дешип борборго жөнөтүштү.

ӨЛҮМ МЕНЕН ӨМҮРДҮН ОРТОСУНДА...
– Мен борбордогу №2-төрөт үйүнө катталдым. Толгоом башталганда кан басымым көтөрүлүп, абалым абдан начарлап кетти. Бирок кыздар аман-эсен эле ыйлап төрөлүштү. Ошентип, 1983-жылы 13-октябрда эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келдим. Бир аздан кийин ороп келип мага көрсөтүштү. Бири ак жуумал, экинчиси кара тору экен. Кыздарымды көрүүгө өзүмдү кармадымбы, айтор, наристелеримди боорума кыскандан кийин эс-учумду жоготуп коюптурмун. Эсиме келгенде “кыздарымды алып келгилечи, эмизейин” деп сурансам, мени төрөткөн акушерка: “Сен бала эмизгенди эмес, өзүңдү ойло. Өмүрүң кылдын учунда турат”,- деп жооп кылды. Бир аздан кийин дагы кыздарымды көргүм келип, алардан алып келүүлөрүн сурап кайрылсам: “Сага балдарды алып келгенге болбойт. Бага албайсың го, андан көрө тиги жакта бирөөлөр сурап жатышат, бербейсиңби?”- деп оозумду ачырды. Болгон күчүмдү жыйнап: “Жок! Мен бага албасам, атасы, бир туугандары багышат”,- деп макул болгон жокмун.
Ушундан кийин абалым өтө оорлоп, дарыгерлер мени башка ооруканага которобуз деп калышты. Балдарымды сурасам: “Сиздин абалыңызды көрүп, дароо айтуудан баш тарттык. Кыздарыңыз каза болуп калышты”,- деп суук кабар угузушту. Боздоп ыйлап: “Анда сөөктөрүн алып кетели”,- десем: “Берилбейт, биз аны башка жакка жөнөтүп жибердик”,- дешти.
Бул ошол ооруканада уккан акыркы сөздөр болду. Кийин өзүмө келсем, башка ооруканада экенмин. Жолдошум, тууган-урук менин аман калышымды тилешип, алагды болушуп, кыздардын тагдыры эмне болгону такталбай кала бериптир. Ооруканалап бир жыл жүрдүм. Көрсө, көп сездирбегени менен эски дартыма кош бойлуу кезимдеги шишик басуу кошул-ташыл болуп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган күндөр башыман өтүптүр. Кийин төрөт үйүнөн берилген кагазды карасам, “боюнан түшүп калды” деген жыйынтык жазылган экен. Өз көзүм менен көргөн кыздар кандайча бойдон түштү болуп калганына түшүнө албай жаттым.
Улам ооруп-сыктап жүрүп кыздарымдын дайынын билүүгө да чолоом тийбей калды. Андан кийин көр турмуштун айынан балдар менен алек болуп кеттим. Бирок бир жерден эгиз кыздарды көрсөм эле капа болуп, ооруп калчумун. 1992-жылы Айзада аттуу кыздуу болдум. Мына ушул кызды көргөндөн кийин алаксыдымбы, айтор, жаратым унутула баштады. Жогоруда аталган макаланы окуганда ал жаратымдын оозу ачылып, кыздарымдын дайынын билүүнү чечтим. Эне жүрөгү менен кыздарымдын түрүү экенин сезип турам. Азыр алар, балким, үй-бүлө күтүп, очор-бачар болуп калышкандыр. Кыргызда “бала тапкандыкы эмес – баккандыкы” деген кеп бар эмеспи. Менин эми кыздарымды кайтарып алайын деген ниетим деле жок. Болгону, алардын амандыгын билсем, алар менен катташып турсам деп гана кыялданам. Турмушта ар кандай нерселер болот эмеспи, балким, кыздарга жардам керектир. Боор этимден бүткөн балдарымды бир көрүп алсам, бул жашоомдо арманым жок болот эле.

Айдар, Атыр апанын уулу:
«КӨЗҮ АЧЫКТАР ДА ТИРҮҮ ДЕШЕТ»
– Биз чоңоюп, аркы-беркини түшүнүп калгандан кийин апам карындаштарыбыз тууралуу окуяны төкпөй-чачпай айтып берген. Ошол күндөн баштап биз да бир туугандарыбызды табууга куштар болуп жүрөбүз.
1993-жылы аскерден келгенде №2-төрөт үйүнө барып, эмне максат менен келгенимди айтып, архивин карайын десем, уруксат беришпеди. Сурамжылап бир топ издедим, бирок жыйынтык чыккан жок. Кийин троллейбус айдап иштеп жүргөндө эгиз кыздар түшүшсө эле “балким, булар менин карындаштарымдыр” деп ойлоно берчүмүн. Бир жолу троллейбуска эгиз кыздар отурушуп, анан Салиева көчөсүнөн түшүп калышты. Кыздар улуу эжем Аидага абдан окшош экен. Троллейбус айдабаганда артынан бармакмын.
Бир туугандарыбыз кеңешип, көзү ачыктарга да кайрылып көрдүк. Алардын көбү эле “карындаштарыңар түрүү, алыс деле эмес, жакын эле жерде жашашат” деп айтышат. Анан дагы “силер 6 бир тууган экенсиңер” деп көп айтышат. Ушундан улам карындаштарыбыздын тирүү экенине ишенебиз.

Чындык деңиздин кол жетпеген тереңине бекем катылса да, бир күнү жээкке калкып чыгат. Балким, бул макала окуяга тиешеси бар бирөөнүн колуна тийип, ал кеч болсо да чындыкты чыркырап балдарын издеген энеге айтып берет деген ишеничтебиз.

Бул окуя тууралуу маалыматы барлар
(0312) 66-09-46, (0778) 51-11-52
байланыш телефондоруна
кайрылсаңыздар болот.

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номуру так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aitowa11
2014-03-19 18:34:31
Адамдарга тушунбойсун
0
Daiis
2017-10-23 01:45:35
Табылып калса экен эми
0
№ 398, 18-24-июнь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан