Төбөсү көрүнгөн инсандарга, жылдыздарга өзгөчө кийимдерин кийгизип, эл көзүнө кооздоп чыгарып келе жаткан дизайнер-модельер Арзубек 7-июль күнү борбордогу ресторандардын биринде кийимдер көргөзмөсүн өткөрдү. Анын колунан чыккан кийимдерди кыргыздын атактуу жылдыздары гана эмес, коңшу өлкөнүн аттуу-баштуулары да кие баштады. “7-июль мен үчүн унутулгус күндөрдүн бири болду. Бул иш-чарага 3 айдан бери күнү-түнү уктабай даярдандым. Жыйынтыгы мен ойлогондон да жакшы болду. Кыргыз эстрада жылдыздары, бийчилер кечени шаңга бөлөштү. Окуучуларым менен бирге 150 көйнөктүн үлгүсүн көрсөттүк. Иш-чарада бир нече компаниядан иштешүүгө сунуш түштү. Соңунда "Vonama” мода үйүнүн кызматкерлери жана шакирттерим мага сюрприз кылып сүрөттөрүм түшүрүлгөн портретимди белек кылышты, абдан кубандым”,- дейт Арзубек.