“КАРАГУЛ БОТОМ” СПЕКТАКЛИ ПОЛЬШАНЫН КӨЧӨЛӨРҮНДӨ КОЮЛДУ

Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры, “Учур”, “Дем”, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрларынын актёрлору биригип Польшага Көчө театрлар фестивалына аттанышты. Бул тууралуу Аскат Сулайманов мындай дейт: “Польшанын шаарларында Көчө театр фестивалы өтүп жатат. Биздин топ “Карагул ботом”, “Нан жана ит” спектаклдери менен бардык. Ар кайсы өлкөдөн келген театр актёрлору шаарлардын ар кайсы көчөлөрүндө спектакль коюшууда. “Карагул ботом” спектаклин эл жакшы кабыл алып, көрөрмандар уюштуруучулардан кайра коюуну суранышууда. Ошентип бир күндө бир нече көчөдө ойноп жатабыз. Башка театрлардыкы цирк, шоу сыяктуу экен. Биз спектаклде сүйлөбөйбүз. Баарын кыймыл-аракет, мимика менен көрсөтөбүз”.













star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shahrizaada
2018-07-17 14:13:54
Ийгилик
+1
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан