Дүйшөнбек Байдөбөтов дүйнө салды. АКТЁР УУЛУНУН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИН ЖҮРӨК ООРУСУ МЕНЕН АЛПУРУШУП КЕЛГЕН

Кыргыз Эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтовду акыркы жолу Кыргыз драма театрынан студенттерден экзамен алып жатканда көрдүм. Ооруп араң басып, араң сүйлөп турса да, жаштардын ойногонуна өз баасын берип, берилүү менен ар бир студенттин чеберчилигине шашпай токтолуп, акыл-насаатын айтып, багыт берип жатты. Иш дегенде, театр дегенде ичкен ашын таштап чуркаган инсан 69 жылдык өмүр тарыхын артка калтырып, 7-июль күнү арабыздан кетти. Ал үч жыл мурда инсульт алып, дарыланып жүргөн экен. Залкардын сөөгү 9-июлда өзү туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди.


АТКАРГАН РОЛДОРУ:

  • Кинодогу ролдору – «Мен Тянь-Шань» (Илияс), «Айсулуунун талаасы» (Сабыр), «Каныбек» (Түлкүбек), «Акбаранын көз жашы» (Базарбай), «Саманчынын жолу» (Субанкул), «Кайчы жолдор» (Хан), «Белгисиз маршрут» (айдоочу), «Курманжан датка» (манасчы) жана башкалар.
  • Театрдагы ролдору – «Курманбек» (Курманбек), «Барпы ырчы» (Барпы), «Коммунист Танабай» (Танабай), «Отелло» (Отелло), «Дарак түбүндөгү махабат» (Кэбот) жана башкалар.
  • Сыйлыктары – 1995-жылы «Манас» медалын, 1978-жылы «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти» наамын, 1988-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисти» наамын алган. 1993-жылы Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыкка, 1999-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болгон.

Актёр пенсияда экенине карабай акыркы жылдары Кыргыз драма театрында актёр жана театрдын алдындагы окуу жайда окутуучу болуп иштеп жүргөн.


АКТЁР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ
Болочок актёр 1949-жылы, 5-январда Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жарыкка келген. Ымыркайдын апасы ал кезде 49, атасы 73 жашта болгон. Бир тууган Байдөбөтовдордун төртөө согушка кетип, үчөө кайтпай калган. Актёр ал учурду бизге берген маегинде мындай деп эскерген:

– Мага чейин апам байкуш 15 бала төрөптүр. Эки баласы сууга агып каза болсо, төртөө согушка барып, алардын бири гана кайтып келип, сарык оорусунан көз жумат. Мен согуштан кийин төрөлгөм. Кичине кезимде атамдын сырты жыгач менен капталган Куран китептерин көтөрө албай жыгылган күндөрүмдү, айылдагы аялдардын баары кара кийинип алып суу жээктеп ыйлап отургандарын көп эстейм, ошондо Сталин өлгөн экен. 1-класска барганымда атамдан, 5-классымда апамдан айрылдым. Жалгыз эжем бар эле, ал да каза болуп калды.

1-класска барганымда окумак тургай, эки ай бою «а» менен «б» тамгаларын жаттай албай кыйналдым. Эжем мени сабап жүрүп окуганды үйрөттү.

Артист болом деген дымагы күч инсан мектепти аяктагандан кийин 1966-жылы Алай элдик театрына иштөөгө кетет. Москвадагы ГИТИСке студенттерди кабыл алып жүргөн мугалимдер тууралуу окуп калып, жарнамадагы жерге келсе, алар кетип калышкан болот. Комиссияны артынан кууп отуруп, аэропорттон кезиктирет.

«Окууга тапшырайын дедим эле, комиссия кетип калыптыр, ошолорду кууп баратам» дедим. Режиссёр Аманкул Куттубаев «Алайдан бери кууп келе жатса, бул баланы өттү деп жазып коёлу» деп мени каттап коюшту. 20-майда дагы сынак болду, кезегим жетип кирсем, комиссияда Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, мен тапшырып жаткан окуу жайдын ректору Алексей Горбуновдор отурушуптур. Образга кирип ыйлап, «Карагул ботом» дастанындагы атанын монологун айтып бердим. Жыйынтыгында «Байдөбөтов өттү!» дегенди угуп алып башым тегеренип, жер көчүп, кан басымым көтөрүлүп кетти.

Ошентип, актёр Москвага окууга өтөт да, кетер алдында «үйлөнөм, болбосо сүйүктүүмдү ала качып кетишет» деп арзыганы, классташы Кенже Исмановага баш кошот. Ал учурду актёр мындай деп эскерген.

– Байбичем Кенже менин классташым. Мектепте окуп жүргөндө эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, башкага тийип кетпесин деп эрте үйлөнүп алгам. Жаш кезде жалындап сүйгөн-күйгөн, тентектик кылып койгон учур менде да болгон. Анын баарына байбичем чыдады. Ал опералык студияны бүткөн, азыр театралдык окуу жайдын көркөм жетекчиси болуп иштеп жүрөт.

Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен Тянь-Шань» тасмасына кастинг болуп, жоон топ студенттердин арасынан 2-курстун студенти Дүйшөн Байдөбөтов Илиястын ролуна өтүп кетет.

– Кышында ал киного тартылам деп алакандарымды үшүккө да алдыргам. Азыр ойлоп коркуп кетем, тайгак жолдон машинаны учуртуп айдап баратып киши сүзүп же өзүм авария болуп кетсем эмне болмок деп. Анда менин дагы Илиястай курч кезим да. Мүнөзүм да ага окшош эле, айтканымдан кайтпаган, өз максатымды көздөй бет алган. Бирок ал жашоодо катуу жаңылышпадыбы. Эми мен деле тептегиз жол менен баратам дегенден алысмын, жаңылып-жазып, өкүнгөн күндөр менде да болгон. Ошентсе да мен анын ордунда болсом, Аселдин кетип калганын билген күнү артынан издеп таап, кечирим сурамакмын.

Жаш актёрдун ысымы кыргыз журтуна ушул ролунан кийин тез эле чагылгандай тараган. Москвадан окууну бүтүп келип, 1972-жылы Ош облустук драма театрына ишке кирген. 19 жылдан кийин борбордогу Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулган. Кандай наам албасын жөнөкөйлүгүнөн, адамгерчилигинен жазбаган залкар аткарган ролдору тууралуу бизге берген акыркы маегинде күйүп-жанып төмөндөгүлөргө токтолгон:

– Ошто 18 жыл иштеп, 28 жашымда Эмгек сиңирген артист, 38 жашымда Эл артисти наамын алгам. Мага жол көрсөткөн устатым деп Кыргыз Эл артисти Абдашым Көбөгөновду айтам. Роль ойногондо берилип, чын дилим менен аткарчумун. Театрда калп ойносоң элге жетпей калат. Үйдөн репетиция кылганда уктоочу бөлмөдө аялымды өнөктөш кылып алып даярданар элем. Союз кезинде тартип катуу болуп, бут тосуулар жок болчу. Мен роль талашкан актёр эмесмин. Режиссёр ишенип берген ролду жан дилим менен аткарганга аракет кылам. Театр адамы болгонума эки дүйнөдө тең ыраазымын. Эч нерсеге өкүнбөйм, Союз таркап, артисттер ишсиз калганда да театрды таштап кетпедим.

Турганбү Бообекова, курсташы: «ДҮЙШӨН КУРСТАШ КЫЗДАРДЫН ТӨРКҮНҮ ЭЛЕ»
Мен Дүйшөндү 1965-жылдан бери тааныйм. Ал №5 мектепте, мен №1 интернатта окуп жүрүп, Советбек Жумадылов, Абдашым Көбөгөнов сыяктуу залкарлар уюштурган ийримге барчубуз. Тажрыйбалуу актёрлор роль аткарышса, бизге окшогон жаштар массовка болот элек. Мектепти аяктаган соң Медициналык институтта окуп жатсам да чыгармачылыкты эңсеп жүрүп, Москвага
ГИТИСке окууга өтүп кеттим. Мен барчу окууга Дүйшөн да өтүптүр. Ошентип 24 студентти поезд менен Москвага алып кетишти.

 Түнкүсүн кыздар почтада, ооруканада пол жуугуч болуп иштесек, Дүйшөндөр таңкы беште туруп, жааган кардын үстүнө кол менен туз себишет да, жарым сааттан кийин күрөп салышчу. Туз карды бат эритет экен. Иштеп, акча таап калганда батирге көчүп чыгып алдык. Батир болгондо кандай, жергиликтүү эл жашабаган, эскирип, түрттүрөбүз делинген үйлөрдө жашачубуз.

 Дүйшөн өтө аракетчил, жакшы окуган студент, курстун куратору, СССРдин Эл артисти Иосиф Раевскийдин сүймөнчүгү болчу. Ал актёрлук чеберчилик деген сабактан дайыма «5» алчу. Найза, кылыч өңдүү куралдар менен чабышуудан, үн коюу, сахнада сүйлөө чеберчилиги сыяктуу сабактарда анын алдына эч ким чыкчу эмес. Окууну такыр калтырбай, мыкты жетишкендиктер менен бүтүрдү. Табиятынан аябагандай ак көңүл, таза, чынчыл, тааныштарына ашынган күйүмдүү жан эле. Жалгыз өзү биздин курстун кыздарына төркүндүн милдетин аткарып койчу. Аны көзү өткөндөн бери эстеп ыйлап отурабыз. Бизге кылган мамилесин, аракетин, күйгөнүн эч бир жигит аткара алчу эмес. Бирөөбүздө бир маселе болсо, жамандык болуп кетсе, кыскасы, кыйчалыштаган иштин баарына тикесинен тик туруп, өзү жайгарчу. Келиндеринин баарын «Ак Мөөрүм» деп чакырчу экен. «Бизди эми ким Ак Мөөр деп чакырат?» деп ыйлап жатышат.

 Мындай адамдар эмоционалдуу, сезимге жакын, сүйгүч да келишет. Бирок сезим жагынан да бирөө-жарымды ыйлатып, капа кылып, кордоп, пайдаланып же жамандап артынан сөз кылчу эмес. Өзү жем болсо жем болуп кала берет эле. Ушунча жыл жашап, бир да жолу байбичесине катуу айтпаптыр. Байбичеси «жок дегенде бир жолу урушуп койбойт беле, көңүлүмдү оорутуп койбойт беле» деп ыйлап отурат. Үй-бүлөгө жанда жок камкор адам болчу. 2 уулу, бир кызы бар эле, улуу баласы ооруп каза болгон. Жумшактыгын карабайсыңбы, ошол уулунун күйүтүнөн инсульт болуп калды. Бул сапар инфаркт болуп, кете берди. Ошол күнү жакын жолдошунун келинчегин акыркы сапарга узатышмак экен. Кийинип чыгып, 1-2 тепкич түшкөндө эле жүрөгү токтоп калыптыр.

 Дүйшөн акыркы учурга чейин эле театрда иштеп жатты. Жубайы Кенжеге орден бериш керек. Баласы машина менен жеткирип келет да, Кенже ооруганын билгизбей жумушка жетелеп келип, жанында жүрүп, жумуштан бүткөндө жетелеп кетчү.



Чоро Думанаев, кесиптеши: «МЕН ДЕМДЕГЕН ЧАЙДЫ ЖАКТЫРЧУ ЭМЕС»

 Өлүм менен ооруга айла жок турбайбы. Жанымда жүргөндөй сезилип, өз колум менен топурак салып көмсөм да ишене албай жатам. Кесиптеш деген бир туугандай болуп калат экен. Чындап келсек, бир туугандар менен да күндө көрүшпөйбүз да. Ооруса да келип, окуу жайда студенттерге сабак берип, театрда да ролдорун ойноп берчү. Мен, Марат Алышпаев, Дүйшекем, анан Арнис Кыдырмышев театрда бир кабинетте отурчубуз. Анан ого бетер жакынбыз да. Марат Ошто иштеп жүргөндө чай демдегенди укмуш үйрөнгөн экен. Ал чай демдейт, отуруп алып өткөн-кеткенди эстеп, бакылдашып чер жазчубуз. Марат жокто мен демдесем Дүйшөке жактырбай «Чорого демдетпегиле, эски чаманын үстүнө эле кайнак суу куюп, сары суу бере берет экен» деп калчу.

 Дүйшөкем адамгерчилиги менен адамдардын баарын тартып алчу. Күйүмдүүлүгү, боорукердиги да ченде жок эле. Караколдо Шаршен деген актёр байке бар, бир жолу тиши бошоп калганын Дүйшөнгө келип айтса, ага тиш салдырып бериптир. Айылдаштары бир тойдо чогулуп отуруп, өзүнүн тамы турган көчөнү «Дүйшөнбек Байдөбөтов атындагы көчө кылалы» дешкен экен. Антсе актёр «койгула, менин көзүм тирүү, кереги жок» деп болбой коюптур.



Данияр Байдөбөтов, уулу: «КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУП КЕЛГЕН»

 Улуу агам каза болгондон кийин атам инсульт алып, бул оору менен үч жыл алышты. Негизи буга чейин кант диабети менен ооруп келген. Атамды он күн мурун ооруканадан чыгардык. Дарыгерлер жүрөгү, бөйрөгү ооруп жатканын айтышты. 7-июль күнү көзү өткөн туугандардыкына бармакпыз. Эртең менен тамагын берип, дарысын ичирип, кийинтип алып сыртка чыктык. Бир тепкич ылдый болгондон кийин эле буттары калчылдап, баса албай калды да, «балам, артка кайталы, барбай эле коёлучу» деген боюнча кете берди.

 Атам ооруп жүргөн учурда да иштеп жүрдү. Тынган жок. Дайыма эрте туруп жумушуна жөнөп калчу. Бирок акыркы жылдары эл менен көп аралаша албай, буттары ооруп, башы айланып, унаасын айдай албай калган. Эң негизгиси, атам төшөктө жатпай басып жүрүп, анан дагы менин колумда көз жумду. Атам дүйнөдөгү мыкты ата. Ал бир мүнөз адам болчу. Кандай гана адам болбосун бирдей мамиле кылчу. Дүнүйө деп жашаган жок. Болгону маңдай тери менен гана эмгек кылчу. Ал бизди да ошондой адал эмгекке үйрөттү.



Максат Өкөшов, иниси: КӨЗҮМ ӨТҮП КЕТСЕ ТУУГАНДАРЫМДЫН ЖАНЫНА КОЙГУЛА ДЕГЕН»

 Мен бир тууган агасынын баласымын. Атасынын аты Өкөш да, мени чоң Өкөш деп, «атамдын ордуна карманарым, ишенгеним» деп дайыма мени менен акылдашып турчу. Биздин атабыз мен сегизге чыкканда каза болуп, Дүйшөн байкемди ата, жеңебизди апа деп калганбыз. Атам бирөөнө да катуу сөз айтчу эмес. Жаман айтып жатса да «кой, унчукпа, мейли» деп турчу. Атамдыкындай мүнөз бир туугандардын арасында да, керек болсо мен тааныган адамдарда да жок.

 Жыл сайын кесиптештери менен шерине жешчү. Театр эс алууга чыгарда биздикине барып конок болушуп, суунун жээгинде отуруп, анан тарап кетишчү. Быйыл гана шартка жараша чогула албай калышты. Атам аябай куудул киши болчу. Жылына 2 жолу тай союп, туугандар 25 түтүн шерине жейбиз. Чогулганда атамдын оозун эле карап отурчубуз. Келиндерди, күйөө балдарды бөлөк деп бөлчү эмес. Мындан 3-4 жыл мурун болсо керек, ооруй элегинде «кийин көзүм өтүп кетсе туугандарымдын арасына айылга эле койгула» деген. Ошол керээзин аткарып туугандар өзү туулуп-өскөн айылга жерге бердик.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
69 жашында каза болгон актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Tyty1990
2018-07-17 09:15:47
Жайы жаннаттан болсун. Залкар инсан эле аттиң....
+8
Mydearzh
2018-07-17 10:19:03
"Жакшы" деген бир ат бар кууса жеткис...
Кыргыз дагы бир мыкты уулунан ажырады. Окунучтуу. Жайы жаннаттан болсун.

+12
meni_kut
2018-07-17 11:20:37
Кечке Анжелика ,Самарадан интервью бошобой,сиздин жакшы создорунузду укпай калдык.Бейишиниз болсун залкар инсан элениз.
+35
Nanei
2018-07-17 12:39:01
meni_kut,Айчурок да бар,
+9
meni_kut
2018-07-17 14:04:28
Кимиси болсо да
+8
mazya9292
2018-07-17 13:37:44
жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун!
+5
Aidaraly
2018-07-17 18:29:45
Эх, бири кем дуйно деген ушу экен да. Мага озгочо уну жакчу. Кулакка жагымдуу эле. Дагы 10жыл жашай турса болмок. Аттин жараткан да Жакшы адамдарды алат тура
+7
mela
2018-07-17 21:55:05
Акыркы интервьюсунда «кемпириме ыраазымын»-деп кемпирин ыйлатты эле....
+5
Istina1000
2018-07-18 00:12:34
Кыргыз жузун дуйного тааныткан актерлордун бири эле.... Жаны жаннатта болуп, жаткан жери жайлуу болсун. Укканымда кадимкидей козумо жаш тегеренди...
+4
MIRBOLOT
2018-07-18 11:15:54
Мурда союз маалында Түпкө гастролдоп келишип, арак ичпей койгондо түптүктөр "ой кинодо жакшы эле ичесиң го" деп тамашаласа "ой анын баары арак болсо аракеч болуп кетпейбизби!" деген экен.
+5
besha
2018-07-22 16:52:01
Жаткан Жери жайлуу ,арты кайырлуу Болсун!!!
+1
admin_media
2018-07-23 09:15:46
surgeon777, Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-2
admin_media
2018-07-23 14:31:15
surgeon777,эскертүү бергенге карабастан кайрадан эреже бузгандыгыңыз үчүн 3 күнгө БАН!
-1
№ 819, 13-июль -19-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан