(Башталышы өткөн сандарда)
– Энеме эмне дейм?
Кыздын эриндеринен ушу сөз чыкты. Ак шейшепти мыкчый кармаган ал титиреп турду. Аман үнсүз. Туруп ваннага кеткен убакта эшиктин жабылганын укту. Элина чыгып кеткенин билди. Эмне кылуу керек? Аркасынан чуркоо керекпи? Кечирим сураш керекпи?
Кучагында от болуп жалбырттап жатып «сизди сүйөм» деген кыздын дирилдеген эриндерин элестетти. Же аркасынан бара албай, же бир нерсе деп айта албай кала берди.
ххх
Түнү менен уктабай чыккан Турдугүл эне эшикти ачып кирип келген небересин көрүп учуп турду. Көрөрү менен жүрөгү оозуна кептелди. Күзгүдөй каранып, кареги менен айланып жүргөн небереси жаман нерсеге кабылганын сезди.
– Эмне болду, кагылайын?
– Эне-е...
– Эмне болду?
– Мени кечире аласызбы? Мен жаман иш кылдым. Мен...
– Ок, антип айтпайт.
– Эне-е?
Моюнунда мончок тагынып жүрчү. Ал мончоктун орду кызарып калган экен. Эне тиктеп туруп жаактан ары чаап жиберди. Бала болуп башына жүн чыкканы бул кызга кол көтөргөнү ушул.
– Чык, жогол, көзүмө көрүнбө.
– Мен аны сүйдүм. Сүйүү да күнөөбү?
– Энесин тарткан шерменде...
Жаакка чапкан муштан да ушу сөз жанын ачытты. Энесине биринчи жолу жат тиктеди. Тааныбай тиктеди. Үн катпай үйгө кирип буюм-тайымын чогулта баштады.
Эми босогону аттап чыгып кете берерде энеси ичи түтпөй кетти.
– Кайда барасың?
– Коё бер мени.
– Отур, ким ал?
Кыз көзүн ала качты. Энеси коркутса да, үркүтсө да, ыйласа да, жалынса да атын айтпай койду. Көктүгү, өжөрлүгү ушунчалык эле, үч күн наар албай койду. Энеси кайра бир кашык тамак бере албай күйпөлөктөйт. Эшик шыңгырады. Турдугүл эне эшикти ачып таң калып туруп калды. Бою узун, келишимдүү жигит босогодо турган эле. Мурун көргөнү деле эсинен чыгып кетиптир, анын үстүнө бөлмө күңүрт эле.
– Сен кимсиң, балам? Тааныбай жатам.
– Мен Аманмын. Алимбектин баласы.
– Аа, балам, тынч эле келдиңби? Келегой төргө өт.
Кенедей батиринин төрү кайсы, босогосу кайсы экени белгисиз эле. Аман өтүп отуруп калды.
– Элина үйдө эмеспи?
Кемпирдин жүрөгү солк этти. Кайдан билет бул жигит небересин?
– Сен Элинаны кайдан билесиң?- деди шектүү.
– Кызыңыздын колун сурап келдим. Мага курбусу айтты. Элинаны үйгө камап коюптурсуз. Мен өзүм келдим. Сиз издеген жигит менмин.
Турдугүл сестейип калды. Эченди көргөн кыраакы жүрөгү бул балада бир нерсе бар экенин билип турду. Эч Элинасын ыраа көрбөдү. Ичи сыйрылып кетти. Элина аркы бөлмөдө эле. Берки бөлмөгө жетелеп келген энеси өкүм унчукту.
– Кылган ишиңдин оордугун териштирчү бир Аллах. Убалдан корк дагы, бул кызды азыр жетелеп кет. Силер мага чече турган нерсе калтырган жоксуңар. Алып кет дагы, үйлөн.
Аман Элинаны колдон алып үн катпай чыгып кетти. Энеси шалдыраган боюнча кала берди.
ххх
Жетелеп кетти да, Элинаны бактылуу кылды. Экөө бирдикте уядай жайлуу үй жасашты. Той берип деле дүркүрөтүп жиберген жок, болгону кыргызча нике окутуп коюшту. «Расмий никеге кийин турабыз» деп айтышты энесине. Бул дүйнөдө арзышкан эки жаш кандай бактылуу болсо, экөө алардан да ашып бактылуу эле. Аман ар күн сайын Элинаны катуу сүйүп баштады. Иштери менен чет өлкөгө көп чыкчу, ошол учурда «жытыңды сагынып кетем» деп кийимдерин алып алчу эле. Бир сапарынан үйгө кайтканда аны жагымдуу жаңылык күтүп турган экен. Босогодон эле моюнуна асылган жары «Сюрприз!» деди.
– Ой, эмне болгон сюрприз? Кечке жаза бердиң го телефондон.
– Жаткан бөлмөсүнө сүйрөп кирип колуна бир нерсе карматты.
– Мына!
– Бул эмне?- эки кызыл сызыгы бар нерсени тиктеп турду. Элинанын көздөрү балбылдайт. Сүйүнүп кеткенде ушунчалык сулуу болуп кетет.
– Койчу эй, чынбы?
– Ооба, үч жумалык.
Аман отуруп калды. Ата болом деген ой ага такыр келбеген экен. Даяр дагы эмес экен.
– Сүйүнгөн жоксуңбу?
– Биз балалуу болууга даяр эмеспиз деп ойлоп жүргөм.
– Кандайча?
– Малышка, азыр эмес. Биз сөзсүз балалуу болобуз, бирок азыр эмес.
– Бул эмне дегениң, сен түшүнбөй калсаң керек. Ал бала бар. Бул жакта!
– Анда жок кылууга туура келет.
Элина башын чайкады. Күйөөсүн түшүнө албай турду.
Аборт. Аман баланы алдыр деп туруп алды. «Биз азыр өзүбүз үчүн жашап алалы. Кийин бизде баары болот» деди. Көздөрүн бакырайтып эмнеге баланы алдыр деп жатканын түшүнгөн жок.
– Элина, сен өзүң баласың,- деди Аман чарчаңкы.
– Мен сенин аялыңмын, бул сенин балаң!- дейт көшөргөн кыз башын чайкап.
– Баары бир алдырыш керек!
Акыркы сөзүм ушул дегенсип бекем айткан Аман чыгып кетти. Кайра үйүнө келсе Элина жок экен. Телефонуна чалса өчүк. Келет деп күттү. Аябай көнүп калган экен, келери менен моюнуна асылганына, кыткылыктаган таза күлкүсүнө тез эле куса болуп кетти. «Бир аз чыда, азыртадан аркасынан чуркап көндүрбө, өзү келет» деди. Бооруна экөө түшкөн сүрөттү кысып алып уктап калды.
ххх
Элина энесине келген эле.
– Эне?- деп кирип барып эле кучактап калды. Кемпир да сагынган экен, бооруна кыса кучактап алып чачтарынан жыттап көпкө турду.
– Кандайсың, эне?
– Жакшы.
– Оорубай эле жүрөсүңбү?
– Мени Кудай алмак беле, сен кандайсың, козум? Күйөөң жакшыбы? Деги сага кандай мамиле кылат экен? Энеси сынай тиктеп турду. Элинанын жүзүндө бир санаа тургандай.
– Баары эле жакшы, эне, сенин жаныңда бир аз жүрүп кетем. Аман командировкага кетти,- деди оозу бош.
Энесин сууга түшүрүп, чачын кургатып, тыпырайтып мурункусундай өрүп койду. Бырыш баскан жүзүн тиктеп туруп ичи тызылдап кетти. Өөп-өөп алды. Көзүнөн жаш сызыла түштү.
– Жаманым десе, эмне болду? Мени сагындыңбы?
Жашына муунуп турган Элинанын көздөрүнөн буурчактап жаш төгүлүп кетти.
– Кантет?
Үрөйү учкан чоң эне карбаластап кетти. Өөп-жыттап акырындап сурап отуруп боюнда бар экенин билди. Телмирип отуруп калды.
– Аман алдыр деп жатат.
– Ок! Ошол кантип болсун?! Алдырган эмнеси?- деп чочуп кетти энеси.
– «Али өзүң жашсың» деди. Мен алдырбайм, эне!
«Өзүң сары ооз балапансың, кагылайын, ай» деп ичинен сызып турду энеси. Жүрөгүнүн түпкүрүндө күйөө баласында бир кеп бар экенин билип турду.
Аман канчалык күткөн менен Элина келген жок. Эки жолу сүйлөшкөнү барса таптакыр көшөрүп болбой койду. Акыры аргасыз Аман макул болду. Аялынын жаш болсо да өжөр мүнөзүн ошондо билди.
– Сен каалагандай болсун.
Элина ошентип кызын жарык дүйнөгө алып келген эле.Энелик азапты, түйшүктү да эрте тартты. Куду куурчак менен ойногон секелектей түрүн көрүп Аман таң калып кетчү. Баласынын ыйына, чыргоолугуна сабырдуулук менен чыдап жатканына бир эсе суктанып кетер эле. Аны көргөндө өзүн балдар үйүнө өткөрүп берген энесин эстечү.
(Уландысы кийинки санда)