«БАЛАМДЫ КӨЛГӨ ТҮШҮРСӨМ БОЛОБУ?»

«Супер-Инфодон» ата-энелерге өзгөчө мүмкүнчүлүк. Балаңыздын саламаттыгы тууралуу сурооңузга 35 жылдык тажрыйбасы бар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы мамлекеттик мекемесинин врач-педиатры Гүлжамал Саадакбаева жооп берет. Балдар дарыгеринин кеңештерин ар жума сайын гезит бетинен табасыз.

Суроолорду 0557 75 63 11 WhatsApp номерине жөнөтүңүздөр.


– Балам 1 жаш 2 айлык. Жакында Ысык-Көлгө эс алганы бармакпыз. Баламды сууга түшүрүп, бир аз күнгө күйдүрсөм болобу? Зыяны жокпу?

Самира, Бишкек шаары

– Жаш балдардын башка климатка көнүүсү жай болгондуктан, алар менен Көлгө 2-3 күнгө барууну пландоо туура эмес. Кеминде 2 күндө ошол климатка көнүшөт. Баланы алып барып дароо сууга салууга да болбойт. Биринчи күнү нымдуу кумду бастырыңыз, андан соң колу-бутун сууга малуу туура. Сууга дароо салганда бала чочуп, суудан коркуп калышы ыктымал. Албетте, суу жылуу болушу (28 градус) шарт. Муздак болсо атайын үйлөнмө бассейндерге суу толтуруп, алгач 1-2 мүнөт, кийин убакытты узартып түшүрсөңүз болот. Сууга түшүргөн соң денесин кургатып, көлөкө жерде эле отургузуу туура. Күндүн тик тийген нурларына, өзгөчө эртең мененки саат 11ден кечки 5ке чейинки убактарда алып чыгуудан сак болуңуз.

«КҮН НУРУНАН КОРГООЧУ КРЕМДИН БАЛАГА ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»
– Күн нурунан коргоочу каражаттарды, алсак, крем, спрейлерди, лосьондорду жаш балдарга колдонууга болобу? Эгер болсо канча жашынан баштап?

Айтурган, Токмок шаары

– Албетте, колдонууга болот. Жаш балдарга «Балдар үчүн» же болбосо «Бардык үй-бүлө мүчөлөрү үчүн» деген белгиси бар, күндөн коргоочу фактору, индекси SPF 30дан 50гө чейинки каражаттарды тандоо керек. Каражаттардын индекси канчалык жогору болбосун, баары бир алардын таасири 2 сааттан ашпайт. Андыктан ар эки саат сайын аны баланын денесине жаңылап сүртүп туруу зарыл. Учурда күндөн коргоочу каражаттардын 6 айлык балдарга арналгандарын да табууга болот. Эң жакшысы, жаш балдарды күнгө кактабай эле койгон оң. Анткени алардын териси жука жана меланин заты аз иштелип чыккандыктан, күнгө бат күйүп кетүү коркунучу чоң. Андан көрө жука кездемеден тигилген, жеңи узун кийим, башына баш кийим кийгизип коё берүү туура.

«ЫСЫКТА МУЗДАК СУУСУНДУКТАРДЫ ИЧҮҮГӨ БОЛОБУ?»
– Уулум 4 жашта. «Кой, жебе, ичпе, тамагың ооруйт» дегенибизге карабай муздак суусундуктарды, балмуздак талап кыла берет. Ангина, отит болобу деп корком. Күн катуу ысып турганда муздак суусундуктарды ичүүнүн зыяны жокпу?

Болот, Лейлек району

– Ысыкта өтө муздак суусундук ичүү сунушталбайт. Анткени муздак суу ашказанда көп убакытка кармалат. Анын курамындагы минералдык туздар организмдин клеткаларына кеч жетет да, тер бездерин козгойт. Андыктан чаңкоону кандыруу үчүн өтө муздак эмес суусундукту аз-аздан ууртап ичкен оң. Ал эми балмуздакты тиштеп эмес, соруп, жалап, кийин бир аздан тиштеп жегенге үйрөтүү керек. Сиз айткан ангина, отит сыяктуу инфекцияларды балмуздак, муздак суусундуктар эмес, патогендик бактерия, вирус, грибоктор чакырат. Эгер балада өнөкөт инфекциялардын очогу бар болсо, мисалы, өнөкөт тонзиллит, анда муздак нерселер ооруну козгошу же өөрчүшүнө себеп болуп калышы мүмкүн.

«СУУ ЖУТУП АЛСА ЭЧ НЕРСЕ БОЛБОЙБУ?»

– Балам көлмөгө түшүп жатып чөгүп кете жаздаптыр. Бир аз суу жутуп алдым дейт. Атасы экөөбүз өпкөсүнө суу кетип калбадыбы деп санааркап жатабыз. Өпкөгө суу кеткенде кандай белгилер байкалат? Эмне кылсак болот, дарыгерге көрсөтүшүбүз зарылбы?

Фатима, Аксы району

– Баланы өз алдынча бассейндерге, көлмөлөргө жиберүүдө сак болуңуздар. Учурда балаңыздын абалы кандай? Өпкөгө суу кирип кеткен учурда аба алмашуу, канга кычкылтектин жетиши кыйындап, бала шалдырап, уйкусурайт, дем алуу, жүрөгүнүн согушу тездейт. Эгер ушул белгилер байкалса, анда баланы дарыгердин текшерүүсүнөн өткөрүңүз. Мындан сырткары балдар сууга түшүп жатканда суу жутуп албайт, же болбосо мурдуна, кулагына суу кирип кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Сууда ар кандай бактериялар, микробдор жана ичеги-карын ооруларын чакыруучу лямблия сыяктуу бир клеткалуу жандыктар болот. Булар органдарды сезгентип, гайморит, отит, ичеги-карын ооруларын жаратат.

«БАЛАНЫ ААРЫ ЧАККАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?»

– Дарбыз жеп отурганыбызда баламдын колун аары чагып алды эле. Азыр чаккан жери шишип, кызарып, ысып турат. Кычышып да жатат окшойт, тырмай берип жара кылып салды. Кандай каражат сүйкөсөк болот?

Асылбек, Шамалды-Сай шаарчасы

– Аарыбы же башка курт-кумурска чаккан жерди эч качан тырмоого болбойт. Катуу тырмагандан кийин чаккан жер жара болуп, ар кандай инфекциялар кирип кетиши толук мүмкүн. Чаккан жерге Псило-бальзам сыяктуу кычышууга каршы кремдерди, гелдерди жука сүйкөө керек. Элдик медицинада бака жалбыракты тартышат же айран сүйкөшөт. Эгер баланын аллергиясы болсо, анда тезинен "Тез жардам" чакыруу керек.

«ЭМНЕГЕ БИРӨӨЛӨРДҮ ЧИРКЕЙ ЧАГАТ, АЙРЫМДАРДЫ ЧАКПАЙТ?»

– 2 балам бар. Мени таң калтырганы, улуу баламды чиркей аябай жакшы көрөбү, көп чагат. Кичүү баламды чакпайт деле. Бул эмнеси? Чиркей чаккан учурда сүйкөөчү каражаттардын кайсынысы зыяндуу эмес?

Салима, Маевка айылы

– Чындыгында чиркейлер, өзгөчө ургаачысы курмандыгын тандап чагат. Биринчиден, аларга жука терилүү адамдар, өзгөчө жаш балдар жана кыздар жагат. Экинчиден, көмүртек кычкыл газынын деңгээлин болжолдошот. Адам канчалык бул газды көп бөлүп чыгарса, чиркей ошого жакын барат. Бул газды кош бойлуулар, сыраны жактыргандар, көп тердеген адамдар көп бөлүп чыгарышат. Үчүнчүдөн, чиркейлер кандын тобуна карап да чагышат. Эң жакшы көргөнү 1-топтогу кандын ээлери. Андан кийин 2-топтогу кандын ээлери кетет. Төртүнчүдөн, чиркейлер таттууну көп жеген адамдарды да көп чагышат. Менимче, балаңыз ушул 4 топтун бирине кирсе керек. Чиркей чаккан учурда «Балдар үчүн», «0+», «Гипоаллергенно» деген белгилери бар атайын крем, спрей, гелдерди сүйкөңүз.

«КЫЗЫМДЫН МУРДУ БАТ-БАТ КАНАП ЖАТАТ»

– Кызым 3,5 жашта. Күн ысык болгонгобу, күн алыс эле мурду канап жатат. Сөзсүз уюган кан чыгып, андан соң токтойт. Көлөкө жерде эле ойнойт. Кан басымы көтөрүлүп жаткан жокпу?

Адина, Бишкек шаары

– Эгер кан уюп түшкөндөн кийин токтосо – бул нормалдуу көрүнүш, өтө кооптонуунун кереги жок. Кызыңызды ЛОР-дарыгерине көрсөтүп, мурун көңдөйүндөгү кан тамырларын текшертип коюңуз. Эгер мурдунун кан тамырлары жакшы болсо, анда неврологго, кийин гематологго көрсөтүү туура.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
deva
2018-07-24 16:38:24
Эң керектүү кеңештер экен. Рахмат сизге, Гүлжамал Саадакбаева жана "Супер-Инфо"!
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан