АВТОУНААЛАРГА БОЛГОН БАЖЫ ТӨЛӨМДӨРҮ ТӨМӨНДӨДҮ. ЭМИ УНАА АРЗАНДАЙБЫ?

Жакында өкмөт сырттан ташылып келүүчү автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн төмөндөттү. Бул чечим өлкөбүздүн автоунаалар рыногуна канчалык таасирин тийгизет?

1 ЖАРЫМ ЖЫЛГА БЕРИЛГЕН МҮМКҮНЧҮЛҮК

Ушул жылдын 10-июлундагы өкмөттүн токтому менен өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү төмөндөтүлдү. Ага ылайык, бензин жана дизелдик кыймылдаткычтуу автоунааларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин төмөндөтүлөт. Ал эми электромобилдерге бажы алымдары алынбайт.

Аталган токтом 2018-жылдын 25-июлунан баштап күчүнө кирип, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштемекчи. Бул чечим эскирген унааларды азайтуу жана жеке жактардын өлкө аймагына электр-гибриддик кыймылдаткычтуу унааларды ташып келүүсүнө көмөк берүү, ошондой эле өлкөнүн автопаркын жаңылоону максат кылат.

ТОКТОМ НОРМАЛАРГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ

Экономика министрлигинин эксперти Айдарбек Самыкбаев өкмөттүн токтому ЕАЭБдин нормаларына каршы келбей турганын айтты. ЕАЭБ тууралуу келишимдин 26-пунктунда 2020-жылдын 1-январына чейин Кыргызстанда бажы төлөмдөрү менен салыктын коюму талап кылынбай турганы жазылган. Мындайча айтканда, 2020-жылдын 1-январына чейин Кыргызстан өзү каалаган төлөмдөрдү коё алат.

2015-жылдын 1-январынан тарта өлкөбүзгө ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден унаа алып кирүүдөгү бажы төлөмдөрү жыл сайын өсүп келген. Мындан улам сырттан унаа ташыгандар кескин азайып, бажыдан түшкөн каражат да азайган. 2020-жылга чейин Кыргызстан өзү каалаган төлөмдөрдү коюусуна мүмкүн болсо, анда эмне үчүн ошол убакта Темир Сариев жетектеп турган өкмөт бажы төлөмдөрүн көтөрүп салган деген суроо жаралат.

ЭЛЕКТРОМОБИЛДЕР КӨБӨЙӨБҮ?

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү экологияга зыяндуу деп дизель жана бензин менен жүрүүчү унааларга тыюу салуу боюнча аракет жасап жатат. Мисалы, Индия менен Германия 2030-жылы мындай унааларды сатууга тыюу саларын кабарласа, Англия менен Францияда 2040-жылы тыюу салынат.

Президент Сооронбай Жээнбеков июндун башында Кытайга жасаган иш сапарында электромобиль маселесин көтөрүп, биргелешкен завод курууну сунуш кылган. Эгерде бул ишке ашып калса, анда жакынкы жылдары көчөлөрдө электромобилдер жүрүп калышы ыктымал.



“БИЗДЕГИ УНААЛАР ЕВРОПАДАН КЕЛГЕН УНААЛАРГА АТААНДАШ БОЛО АЛБАЙ, АРЗАНДАШЫ МҮМКҮН”

Элмирбек Жумалиев, ишкер:
– Мен мурда көп жыл Европа өлкөлөрүнөн Кыргызстанга автоунаа ташып, сатып иштегем. 2014-жылы бажы төлөмү кымбаттап, автоунаа ташуу пайдасыз болуп калганда айла жок башка ишке өткөм. Унаалар боюнча бюджетке акча түшпөй калганда өкмөт аргасыз бажы төлөмүн азайтты окшойт. Кеч болсо да бажы төлөмүн азайтканы жакшы болду. Эми кайра унаа ташысамбы деп ойлонуп жатам, бирок бизде өтөбү, өтпөйбү деген маселе бар. Себеби жаңыраак унаалар Европада деле кымбат. Мисалга, бизде 2008-жылы чыккан Тойота Камри унаасынын баасы 9-10 миң доллардын тегерегинде. Эми аны Европадан алып келгенде деле 8-9 миң долларга түшөт. Бирок сырттан келген унаанын абалы биздегилерге салыштырмалуу жакшы болот. Ошондуктан бул жакта жүргөн унаалар аларга атаандаш боло албай, арзандашы мүмкүн. Бизде болсо 3-5 миң доллардын тегерегиндеги унааларга суроо-талап көп.

Адыл Жумашев, ишкер:
– Мен ар кайсы өлкөлөргө автоунаа, тетик жөнөткөн Япониядагы фирмалардын биринде иштейм. Менин оюмча, бажы төлөмү азайганы менен, унаалар арзандап кетпейт. Себеби 2008-жылы чыккан унаанын баасы Европада 5 миң доллардан кем эмес. Аны алып келип бажыдан өткөрүп, оңдой турган жерлерин оңдогондо ал унаанын баасы 8 миңге чыгып кетет. Аны кирешеси көбүрөөк адамдар эле албаса, карапайым адамдар Кыргызстанда жүргөн мурунку эле эски унааларды алышат.

Негизи Кыргызстандагы унаалар өтө эскирип кеткен, бул экологияга чоң зыян алып келүүдө. Ошондуктан гибрид кыймылдаткычтуу унааларды көбөйтүү зарыл.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан