Тилек Токтогазиев, ишкер: «БИР КҮНДӨ 12 МИЛЛИОН СОМГО КҮЙҮП КЕТТИМ»

Жаштайынан ишкерлик менен алектенип, өз күчү, даремети менен бутуна тургандардын арасынан Тилек Токтогазиевди баса белгилесе болот. Ал алгачкы миллион сомун 22 жашында тапкан. Совет мезгилинде иштетилген күнөсканаларды эске албаганда, ал алгачкылардан болуп чоң күнөскана иштетип бутуна турган жана элге жардам берген. Анын айтымында, «тоого чыгыш оңой, бирок тоо башында кармалып туруш оор экен» дейт. Тилек бул сөзү менен миллиондорду тапса болот, бирок бир күндө күйүп да кетүү мүмкүн экенин белгиледи.

Каарман тууралуу

Туулган жери – Бишкек шаары

Туулган жылы – 1990-жыл, 26-декабрь

Билими – Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган

– Сени жаш миллионер деп тааныйт экенбиз. Миллионер болууга жол эмнеден башталды?

– Мектепти аяктаар жылы жалпы республикалык тест тапшырат эмеспизби, ошондо бир кызды көрүп жактырып калгам. Ал кызды киного, кафеге алып барып көңүлүн ала алган жокмун. Анткени чөнтөк жука эле. Ата-энем күнүнө жол киреге деп 20 сом берчү, ал эмнеге жетет? Кыздар эрте турмушка чыгат эмеспи, эртерээк кыймылдап акчалуу болуп, сүйгөнүмө көрүнөйүн, «кантип акча тапсам?» деп ойлоно баштадым. 2012-жылы 17-августта ошол кызга үйлөнөм деп тилек кылдым.

– Эмнеге ал датаны тандап алдың?

– 17 жакшы көргөн саным. 1ге 7ни кошсо 8 да. 2012-жылга чейин бутума турам да деген ойлор келди.

– Мектептен кандай окудуң эле?

– Борбордогу №9 математикага басым жасалган мектепти алтын сертификат менен аяктагам. Мектепте да, университетте да эки сабактан 4, бир сабактан 3 болуп калды, калганы 5 болчу. 3тү мугалимдер менен уруша кетип алгам десем болот. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Акыркы экзаменде мугалим «эмне күлүп жатасың?» деп калды. «Күлгөн жокмун, өзүм ушундаймын» десем, айтышып жатат деп ойлоду окшойт, 3 коюп салды. Мен чынында баа үчүн окучу эмесмин.

– Күлүп жүрөрүңдү мен да байкадым. Ишкерликти эмнеден баштадың?

– 1-курста 2008-жылы досум экөөбүз коктейль жасаган күркө ачып, өзүбүз сата баштадык. Бирок бир айдан кийин уурулар күркөнү сындырып акчабызды алып кетишти. Ата-энем «окууңа керек болот» деп 30 миң сом даярдашкан, мен бюджетке өтүп кеттим. Күркөбүздү тоноп кеткенден кийин 30 миң сомду сурап «чоңураак бизнес баштап көрөйүн» дедим. Алар «бизнести суутуп коюптурбу, оку, ишти анан башта» дешти. Болбой өжөрлөнүп жатып алып кеттим. Интернеттен бизнес кылууга идея карасам, кычкылтек коктейли деп чыкты. Аны орусиялыктар жакшы ичишет экен. Бирок биздин ишибиз жүрүшпөй койду. Жарнама кылбай жатабыз го деп автобустардын баарына жарыя чаптадык, болгон жок. Кычкылтек коктейли анда бизде сатылчу эмес. Жаңылык жасайын деп элге сиңе элек нерсени баштоо ишкерлердин катасы, мен да ошондой ката кетириптирмин. Анан сүттөн коктейль жасамай болдум. Базардан 850 сомго блендер, килограммдаган балмуздак, анан коробкадагы сүттөрдөн алып баштадык. Биринчи күнү эле таза кирешеси 1000 сом, майрам күндөрү 30 миң сомго жетип жатты.

– Жакшы, ата-энең ким болуп иштечү?

– Атам заводдо инженер болчу, кийин юридикалык билим алып юрист болду. Апам кол өнөрчүлүк менен үйдө алектенчү.

Менин тайпалаштарым жалаң чоңдун балдары эле. Аларга кошулуп түштөнүүгө барсам, бир жолку тамактануум эле 1000 сомго чыгып кетти. Ата-энем студент болдуң деп аптасына 500 сом берчү. Тайпалаштарым менен бир жолу түштөнүүгө барып, бир аптанын акчасын жарым саатта жеп алып отуруп калдым. Ошону менен барбай койдум. Үйдөн 2-3 жумуртканы сууга бышырып алып, эч ким жокто коридордон жеп алып жүрдүм. Чынында кээ бир учурда коктейлден түшкөн акчам чөнтөгүмө батпай калчу. Башка балдарга кошулуп, акчамды чачып, ойноп-күлүп салайын дейм, бирок «аптасына 500 сом менен жашачу белең, эми деле жашай аласың» деп өзүмдү тыйып койдум. Ошентип сүттөн жасалган коктейлдерди шаардын ар кайсы бурчуна ача баштадым. Мен кофеге да кызыкчумун, мектепте окуп жүргөндө 2 апталык жол киреге деген акчамды чогултуп, биринчи жолу 150 сомго кофе ичип, кофейня ачууну кыялдангам. Кудайга шүгүр, ал тилегиме да жетип, 2011-жылы, декабрда жакшы жерден кофейня ачтым. Аны ачууга акчам жетчү эмес. «Жашап жаткан үйүбүздү насыяга коёлу, 750 миң сом керек» десем ата-энем так секирди. Аларды дагы көндүрдүм, насыяны убагынан эрте төлөп бердим. Кофейня да тез эле туруктуу кардар топтоду. Иштин качан башталганы да маанилүү экен. Мисалы, кофейняны жайында ачсак, элдин көбү эс алууга кетип, кардары жок калмакпыз.

– 2012-жылы 17-августта үйлөнөм деп тилек кылбадың беле, ошол күнү үйлөндүңбү?

– Ооба, ага чейин бутума туруп, тыңып калдым. Анан жактырган кызымды жолугушууга чакырып жүрүп, 2012-жылы 17-августта үйлөндүм. Азыр бир кыз, бир уулум бар.

– Күнөскана иштетип, көпчүлүктүн оозуна алындың окшойт, ал идея качан келди?

– 4-курста окуп жатканда мугалимдерден, жеке ишкерлерден, студенттерден түзүлгөн команда бар эле. Команданын негизги милдети бизнес аркылуу коомдогу көйгөйлөрдү чечүү болчу. Ойлонуп көрсөк, шаардын четиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн 4 сотыхтан чарбагы иштетилбей отоо чөп басып жатат экен. Ошолорго бекер күнөскана куруп берип, ээлерин агрономдор окутуп, эксперимент жасай баштадык. Биринчи жылы 5, экинчи жылы 30 үй-бүлөгө жардам бердик. Анан ал ишибизди аймактын айылдарында уланттык. Экспериментибиз жакшы жыйынтык берди. 2 жылдан кийин өзүм күнөскана курдум. Башында 2 жыл кыйналдым. Биринчи жылы күнөскананы ысытыш маселе жаратты. Экинчи жылы бадыраңды курт-кумурска басып кетти. Башкаларга үйрөтүп жүргөн кичине күнөскананын түйшүгү жеңил экен.Чоң күнөскананын маселеси да чоң болду. Мен 3000 чарчы метрлик 2 күнөскана кургам. Чынында күнөсканалардын келечеги өтө чоң. Бирок бир ката кетирип алсаң бир заматта күйүп кетесиң. 2016-жылы октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түшүп, жаныбыздагы айылдын баары электр жылыткычын колдонгон. Ал учурда кышка эч ким даяр эмес болчу. Анан биздин подстанция күйүп кетти. Күнөсканаларды генератор менен иштетип баштадык. Жарык күйгөндө генераторду өчүрөбүз, кайра күйгүзөбүз, ошентип отуруп генераторубуз да күйүп кетти. Анан бир күндө бадыраңдар үшүп кетип, 12 миллион сомго күйүп кеттим.

– Бадыраңдан көңүлүң калыптыр да?

– Жок, көңүлүм калган жок. Кыйналганда, тескерисинче, идеялар келип, башың катуу иштей баштайт экен. Ошол кезде акыбалды кантип жөнгө салсам болот эле деп ойлонуп отуруп, күнөскананын формасын боз үй түрүнө өзгөрттүм, катуу суук болгондо кийиз менен жабууга ылайыкташтырдым. Байкасаңар, биздин боз үйлөр кышкысын жылуу болот. Кийиздер жылуулукту бир топко сактайт эмеспи. Бар байлыгымды, жадакалса жашап жаткан үйүмдү да сатып, ишимди кайра баштадым. Азыр баары кайра калыбына келди.

– Жаштарга кандай кеңеш бересиң?

– Бир иш баштап ал жүрүшпөй калса, маанайды чөгөрүүнүн, сынып калуунун кереги жок. Жогоруда "кыйналганда мээ иштей баштайт" деп айтпадымбы, кайра күчтөнүп мыкты идеялар менен умтулуу керек. Бизде ишкана куруп, товар чыгарып анан "ким алат?" деп кардар издейт. Жок, биринчи кардар тап, анан иш башта дегенди туура көрөм.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик. Кыргыздын сендей жаштары көбөйсүн.


Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Nuri1988Elim2010
2018-07-24 12:45:33
Азамат.Кытайларга окшоп кетет экен.Кытай жээндерден эмеспи
-7
Omurbek998
2018-07-24 13:28:45
Сендей балдар кобойсун ийгилик
+9
Merelisha
2018-07-24 13:48:14
Мололец,ар бирибиз эле кыла алчуу иш десем болчуудай,болгону куч,акыл керектелет.
+11
Muratmipa
2018-07-25 17:50:09
Merelisha,либой ишти или бизнести башташ оной аны алып кетиши бар далше иштетип
+1
engel
2018-07-24 13:56:31
Ээх муну окуп чыгып озумду бир жалкоо ЛОХ сезип калдым....
+36
Jazdyn_tany
2018-07-24 17:13:33
engel,айтпа )))
+12
bazarkyl
2018-07-24 18:30:29
engel, ошондой эле болду. Бул окуп жүргөндө дейби, окуп жүргөндө тамеки-арак менен өттү меники.
+12
tursunbaev78
2018-07-27 21:23:25
engel,жардың
+1
nasipa9799
2018-07-24 19:47:37
Азаматсын ишине ийгилик иним.
+3
nasipa9799
2018-07-24 19:49:19
Копторго улгу болчу жигит экен азамат
+5
Pandora
2018-07-25 04:07:53
Озу айткандай жузуну карасан жылмайып тургандай экен,аны коруп кошо жылмаясын,силерге кандай билбедим,мага ошондой сезилди,же биринчи суйуумо октоконума.
Ийгилик жигит,ар дайым куйым озу колдоп ийгилик жандап журсун...Тооба кылдым кандай адамдар? Ушундай болот? Ушундайларды окуганда жогоруда айткандай озумду лох сезем,мен окуп жургондо колума акча тийсе кандай кийим алсам экен деп досумду ээрчитип базарга жонойт элем.
+4
Meken28
2018-07-25 08:37:10
Kunoskakana degen emne
0
engel
2018-07-25 15:05:48
Meken28,теплица
+1
Muratmipa
2018-07-25 17:51:02
Meken28,куноскана деген куноскана
+3
janymjamal
2018-07-27 09:52:22
Meken28,теплица
0
TalaCSKA
2018-07-25 23:32:04
Баарынан жактырган кызына жетип уйлонуп бир кыз бир уулду болгону жакты мага.
+8
Akylai_aktan
2018-07-26 23:06:10
Соонун маек!Эмне дейбиз , ишинизге ийгилик!Кана эми баарыбыз эле сизге окшоп ойлонсок,менден болгону бир эле жаш чон экенсиз . А кругозорунуз ото бийик.Менда озуму неудобно сезип жатам.
Супер Инфо рахмат , ушундай жаштарга мотивация беруучу маектерди коп чыгарышынарды суранат элем.
Кыргыз элине азыр финансылык билим ото зарыл деп ойлойм
+2
shamalchanin
2018-07-27 07:02:24
Окуп алып суйунуп калдым, ожор бала экен! Эркек деген ушундай болот! Айтканынан кайтпайт! Бактылуу бол Тилек! Иштерине ийгилик, тапканындын берекесин берсин))!!
+3
Snejana
2018-07-27 20:20:56
Сонун маек. Ушундай берилип окудум, чиркин. Менден бир аз эле улуу экенсиз.
+1
Journalistgirl
2018-07-27 22:03:07
Саламатсызбы урматтуу админ. Тилек ага менен кантип байланышсак болот? Кенеш сурайын дедим эле.
+1
Chaki2795
2018-07-29 05:06:25
Молодец, сендей жигиттер көп болсо экен, мен да Кыргызстанга барганда сүттөн коктейль жасап сатсамбы
0
Bakbai
2021-02-07 00:32:49
Ананайын Щаулиним
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан