ӨФ, КАЙРАДАН МОЛОЧНИЦА... Андан толук арылууга болобу?

Молочница же жатын кынынын кандидозу – айымдар арасында кеңири тараган оору түрү. Оорунун жаралышына кандай факторлор таасир берет жана кантип алдын алууга болот? Суроолорго «Мир здоровья» медициналык борборунун гинекологу Айпери Соурбекова жооп берет.

ООРУ ТУУРАЛУУ

Молочница же жатын кынынын кандидозун кандида тобундагы грибоктор козгойт. Булар таза жатын кынында да аз санда болуп, эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт. Кайсы учурда ыңгайсыздык жаратат? Качан гана кандида грибоктору кандайдыр бир ички же сырткы факторлордун таасиринен улам көбөйгөн учурда жатындан бөлүнүп чыккан суюктук быштак сымал ак болуп, кычышуу, заара кылган учурда жана андан кийин оорутуу сезилет.

ДАРЫЛОО

Бул дартка айымдар гана эмес, эркектер да чалдыгышат. Андыктан жогоруда саналган белгилер байкалары менен дарыгерге кайрылып, өнөктөшү менен чогуу дарылануусу шарт. Молочницаны дарылоодо дарыгер грибокко каршы медициналык каражаттар, мазь, таблеткалар, суппозиторийлерди жазып берет. Жатын кынынын кандидозун өз убагында дарылабаса өнөкөт түрүнө өтүп, буга бактериялык вагиноз, трихомониаз, хламидиоз, гонорея өңдүү оорулар кошулушу мүмкүн. Эгер кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп, дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.


ООРУНУН ӨӨРЧҮШҮНӨ ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР ЖАНА АЛДЫН АЛУУ

АНТИБИОТИКТЕР

Антибиотиктерди кабыл алган учурда алар зыяндуу микробдорду гана эмес, кээде адамдын организмине керектүү болгон, кандида тобундагы бактериялардын өсүп кетүүсүн көзөмөлдөп туруучу бифидобактерия жана лактобактерияларды кошо жок кылып салат. Бифидо жана лактобактериялардын колдоосу жок болгон учурда кандида грибокторунун саны көбөйүп, мындан улам молочница жаралат.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Антибиотик колдонордо өтө сак болуңуз. Аларды өз алдынча колдонууга болбойт, сөзсүз дарыгердин кеңеши, көзөмөлү менен ичиңиз. Антибиотиктерди кабыл алгандан кийин организмди кайра калыпка келтирүү үчүн 2 жума же 1 ай пайдалуу бактериялуу пробиотиктерди ичүү сунушталат.

ЖЫПАР ЖЫТТУУ ГИГИЕНАЛЫК КАРАЖАТТАР

Күн сайын жана этек кир келген учурда колдонулуучу көпчүлүк гигиеналык каражаттардын ички катмарларына ар кандай жыпар жыттуу заттар сиңирилип жасалат. Жыныс кынынын териси жана чел кабыгы өтө сезимтал болгондуктан, тилекке каршы, мындай жыпар жыттуу заттар көп жага бербейт. Мындан улам анда аялуу жерде кычышуу, кызаруу байкалып, айрым учурда шишип чыгып, кандида бактериясынын көбөйүшүн шарттайт.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Колдон келсе жытсыз гигиеналык каражаттарды колдонууга аракет кылыңыз. Аларды ар 3-4 саат сайын которуп туруңуз. Ошондой эле териси сезимтал айымдар тампондордон жана гигиеналык каражаттардан баш тартканы оң.

КОРГОЛБОГОН ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ

Эгер кезектеги жыныстык катнаштан соң молочницанын белгилери байкалса, демек, ооруну козгогучтар өнөктөшүңүз тараптан сизге конокко келди дей берсеңиз болот. Бул оорунун козгогучтары жабык формада да келиши мүмкүн.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактанам десеңиз презерватив колдонуңуз. Эгер дайымкы өнөктөшүңүз менен болгон байланыштан кийин кандидоздун белгилери байкалса, анда чогуу дарылануу сунушталат.

НЫМ КУПАЛЬНИК

Эс алуу учурунда бассейнге, көлгө, деңизге сууга түшкөн учурларда молочницанын көбөйгөнү байкалат. Анын себеби – ным купальникте. Анткени нымдуулук кандида грибогунун өөрчүшүн шарттоочу факторго кирет.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Ным купальник менен көпкө жүрбөө үчүн сөзсүз кошумча кийим ала жүрүңүз. Же болбосо бат кургоочу кездемеден тигилген купальник тандаңыз.

ТАТТУУ АЗЫКТАР

Кандида тобундагы козгогучтар глюкозаны аябай жакшы көрүшөт. Күнүмдүк менюга таттуу азыктарды көп кошуу кандида грибогунун санынын көбөйүшүнө алып келет.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Менюңуздагы таттуу азыктардын санын азайтыңыз. Кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп туруңуз. Эгер молочницадан жабыркап, дарыланып жүргөн болсоңуз, анда таттуу азыктар тууралуу унутуңуз. Мындан сырткары дарылануу учурунда спирт ичимдиктерин, маринаддалган, ышталган азыктардан баш тартуу туура.

БОЙГО БҮТҮҮДӨН САКТООЧУ ГОРМОНАЛДЫК КАРАЖАТТАР

Гормоналдык каражаттарды колдонуу жыныс кынынын флорасына сөзсүз таасирин тийгизет. Мындан улам аларды колдонуу учурунда көпчүлүк айымдарда молочница жаралышы мүмкүн. Ошондой эле аялдардын этек киринин келүү цикли бузулганда, кош бойлуу кезинде да күчөйт. Анткени бул учурларда организмде гормондук өзгөрүүлөр жүрөт.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Гормоналдык каражаттарды тандоо учурунда сөзсүз гинекологуңуз менен кеңешип, ага бат-баттан молочница болоруңузду эскертиңиз. Мүмкүн, бойго бүтүүдөн сактануунун башка жолун тандап берер. Эгер биринчи таблетканы ичкенден кийин эле молочницанын белгилери байкалса, дароо дарыгерге кабарлаңыз.

СИНТЕТИКАЛЫК ИЧ КИЙИМДЕР

Синтетикалык ич кийимдер абаны начар өткөрөрү жана тердетери баарыбызга маалым. Дал ушул нымдуу жана жылуу атмосфера кандида грибокторунун өөрчүшүнө себеп болот.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Пахтадан согулган кездемеден тигилген, өз өлчөмүңүздөгү ич кийимдерди тандаңыз. Өзгөчө синтетикалык кездемеден тигилген стрингилерди жана тар ич кийимдерди кийүүдөн качыңыз. Эгер шартка жараша кийүүгө туура келсе, бат чечип салууга аракет кылыңыз.

ИММУНИТЕТТИН ТӨМӨНДӨШҮ

Ар дайым стрессте жүрүү, иммунитетти төмөндөтүүчү дары-дармектерди көп ичүү да молочницанын өөрчүшүнө алып келет.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Ар убак иммунитетти бекемдеп, ачык маанайда жүрүүнү адат кылыңыз.


Дамира Арстанова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mirlanpiter
2018-07-24 12:45:29
Болочок энелер силер өзүңөрдү жакшы карагыла,эринерди тийгенде кыйнабай
+6
Asyl.jazi
2018-07-24 16:48:23
mirlanpiter,эркектер дагы кабылат деп турат го бул оорууга. Үйлөнгүчө эркектер дагы жөн жүрсүн да
+10
Jelezo
2018-07-24 14:16:43
Мусульман калктарында ушуга окшогон нерселерди уялып айтбай жүрө беришет өтүшүп кеткенден кийин сасып баштайт.Ажырашуунун биринчи себеби ушундай нерселерден көп болот.
+12
deva
2018-07-24 16:32:50
Эми түшүнүктүү көлгө барганда эле ооруп калчумун да
+3
Pandora
2018-07-26 21:36:06
Бир эжем айтып калды аселден тампон жасап колдон,пайдасы жакшы анын эч кандай зыяны жок деп.Курс боюнча 3 жолу жасаш керек экен,эки кун жасагандан кийин эле молочница болуп,энемди уч коргондон коргонмун.Кундузу жон журо албаймын,туну уйку жок.
0
ziash85
2018-07-27 23:19:44
Имунитетти кантип көтөрүү керек ошону да билип бергилечи супер инфо сураныч
0
nur951545
2018-07-31 03:43:24
Жакшы кенештер экен
0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан