«Кумтөр Голд Компани» 2017-жыл үчүн айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча жылдык отчётун чыгарды. Отчёттун максаты – кен ишканасындагы жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнүн абалы жана компаниянын айлана-чөйрөнү коргоодогу ишке ашырылган чаралар жөнүндө өкмөттүк мекемелер, бейөкмөт сектор жана өлкөнүн кеңири коомчулугун маалымдоо. Отчётторду ачык жарыялоо компаниянын маалыматтык ачыктыкты андан-ары кеңейтүүгө жана бардык кызыкдар тараптар менен алгылыктуу диалогду колдоого багытталган ыктыярдуу демилгеси.
Отчёттун форматы очёттуулук тармагындагы глобалдык демилгенин, туруктуу өнүктүрүү тармагындагы отчёттуулуктун, ошондой эле тоо-кен өндүрүш жана металлургиялык сектор үчүн отчёттуулукка кошумчанын талаптарына жооп берет. Отчётто чагылдырылуучу олуттуу өңүттөрдүн мазмунун, алкагын жана чектерин аныктоодо биз компания үчүн да, бардык кызыкдар тараптар үчүн да эң олуттуу саналган маселелердин чөйрөсүн назарга алдык. Бул отчёт отчёттуулук тармагындагы глобалдык демилгенин текшерүүсүнөн өттү жана глобалдык демилгенин бардык талаптарына шайкеш деп табылды.
Бул отчёт мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасында жайгашкан коомдук уюмдарга жана китепканаларга жөнөтүлмөкчү.
«Кумтөр Голд Компанинин» 2017-жылга карата айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү жөнүндө жылдык отчёту бардык кызыккандарга кыргыз, орус жана англис тилдеринде www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.