ТАЛАСТА 11 КИЛОГРАММ АЛТЫН ҮЧҮН 625 ГЕКТАР ЖЕР КАЗЫЛГАНЫ ТУРАТ. 11 КИЛОГРАММ АЛТЫН 625 ГЕКТАР ЖЕРДИ КАЗГАНГА ТАТЫКТУУБУ?

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Үрмарал дарыясынын жээгинен 11 килограмм алтын казып алуу үчүн 625 гектар аянт жер казылганы жатат. Жергиликтүү калк буга нааразычылык билдирип, учурда кен казуу иштери токтоп турат. Беш айыл өкмөттүн эли суусун ичип, талаасын сугарган Үрмарал дарыясынын суусу булганса, анын кесепети карапайым калкка тиерин, андан сырткары 200 гектардан ашуун токой аймагы казылса, аны калыбына келтирүү үчүн 100-150 жыл кетерин айтышат айыл тургундары.

«ЛИЦЕНЗИЯ 10 ГЕКТАР ЖЕРДЕН АЛТЫН КАЗУУГА БЕРИЛГЕН»

2017-жылдын май айында Үрмарал дарыясынын жээгинен чачыратма алтын казып алуу үчүн тендер жарыяланган. Тендерден уткан «Полюс Голд Кей Жи» компаниясы ишти баштаган убакта эл «кен казууда химиялык заттар колдонулуп, биздин ичип жаткан суубузду кирдетесиңер» деп нааразычылык акциясына чыгып, иш токтогон. «Тендер өткөрүлгөн убакта мен бул кызматка келе элек болчумун. Андыктан аукцион кандай шартта өткөнү боюнча жооп бере албайм» дейт Бакай-Ата райондук администрациясынын башчысы Чолпон Төрөкулов:

– 625 гектар жерге чалгындоо гана жүргүзүлөт, анын баары казылып кетет деген ойдон алыс болуш керек. 2017-жылы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тендер өткөрүп, анда «Полюс Голд Кей Жи» ЖЧКсы Үрмарал өзөнүндөгү чалгындоо иштеринен кийин жалпы аянты 10 гектар жерден алтын казуу үчүн лицензия алган. Эгер кошумча дагы жер керек болсо, кайрадан чалгындоо иштери жүрүп, кайрадан лицензия алышат. Үрмарал дарыясынын жээгинде учурда алтын казуу иштери токтоп турат. Алтын казууда жаратылышка зыян келтирчү иштер орун албайт.

«КЕН КАЗЫЛСА ЖАРАТЫЛЫШКА ОЛУТТУУ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН БОЛОБУЗ»

Кен казылчу Үрмарал дарыясынан 5 айыл өкмөтү тиричилик үчүн суу алышат. Алардын бири Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жамал Орозбаев төмөнкүлөрдү билдирди:

– 2017-жылдын январь айында Бакай-Ата районунун акими жана 5 айыл өкмөттүн башчылары Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине кат жолдошуптур. Ал катта «Үрмарал» кенин казуу иштерин «Полюс Голд Кей Жи» ЖЧКсына тапшыралы, алардын иш пландары жакты» деп айтылыптыр. Алар компаниянын атын эмес, инвестор деп гана жазышы керек эле. Катка Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин ошол кездеги башчысы Дүйшөнбек Зилалиев «макул» деп жооп берет.

Мен айыл өкмөт болуп шайлангандан кийин, 2017-жылдын май айында акимчиликте аукцион өтүп, жыйынтыгында «Полюс Голд Кей Жи» компаниясы утту. Биз аткаруучу бийликпиз да, мыйзам боюнча лицензия алгандан кийин кол коюп бердик. Анан эле элдин каршылык толкунуна биз илиндик.

Кен казылат деген аймактын жалпы аянты 625 гектар, анын 208 гектары токой, калганы жайыт жерлер. Бул жерлер 5 айыл өкмөткө тиешелүү: Боо-Терек, Миң-Булак, Ак-Дөбө, Өзгөрүш, Акназаров.

Кыйылган токойдун калыпка келүүсүнө 150 жылдай убакыт кетет деп жатышат адистер. Эгер кен казылып баштаса жаратылышка олуттуу зыян келтирген болобуз. Учурда 80 сотыхтай жер казылгандан кийин иш токтоп турат.

«ОШОНЧО ЖЕРДИН КАЗЫЛГАНЫН, ТОКОЙДУН КЫЙЫЛГАНЫН 9 КИЛОГРАММ АЛТЫН АКТАБАЙТ»

«Элге алтын эмес, таза суу керек» деген Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев «Үрмарал» кенине байланыштуу бир катар коррупциялык схемалар байкалганын айтат:

– Үрмаралдын жээгинен алтын казылат экен дегенде таң калдым, элге кенедей алтын эмес, таза суу керек. 11 килограммдын 2 килограммы алынып салынат экен, ошончо жердин казылганын, бак-дарактардын кыйылганын 9 килограмм алтын актабайт. Балким, ошончо жер казылып жаткандан кийин 9 килограмм эмес, 90 килограмм алтын алынаттыр? Бул жерде коррупциялык иштер бар экени байкалып турат. Мен ошол Үрмарал дарыясынан суу ичкен 5 айыл өкмөттүн экөөсүнө таза суу киргизип бергем, калган үчөөнө да таза суу чыгартайын деп чуркап жүрсөм, айыл өкмөттөрдүн алтын чайкоого уруксат берип койгону таң калтырды.

Тендерден утуп алган «Полюс Голд Кей Жи» компаниясынын директору Андрей Акимов менен жолуктум. Ал Кыргызстандын жараны, Кара-Балтанын тургуну экен. Алтын казуу боюнча бардык документтери бар, мыйзамдуу жол менен иштеген компания экен. «Алтын казууда цианидди колдонбойбуз, жөн гана чайкайбыз» деп иштөө процессин көрсөтүп берди. «Кенде эмнеге кытайлар иштеп жатат?» десем, кен чайкоону үйрөнөбүз деп алар 15тей Кытай жаранын атайын алып келишиптир. Уруксат кагазын алгыла деп акча беришсе, Бакай-Атанын айрым жигиттери 4 адамга гана уруксат кагазын берип, калган акчаны сол чөнтөккө салышыптыр. Анан жергиликтүү эл келип сураганда документи жок болуп чыгып жатпайбы. Жергиликтүү администрация элге эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзбөптүр, анан нааразычылык жаралат да. Бакай-Ата райондук айыл өкмөт башчыларынын «элге өзүбүз түшүндүрөбүз» деген сөзүнө ишенип эми компания зыянын тартып жатат.

«8 ТАРМАКТЫН АДИСТЕРИНЕН ТУРГАН ТОП ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮП ЖАТАТ»

Элдин нааразычылык толкунунда калган «Полюс Голд Кей Жи» ЖЧКсынын директорунун орун басары Нурбол Шырдаков келип чыккан маселеге байланыштуу өз оюн билдирди:

– Биз Үрмаралга барып, айыл өкмөттөрү менен жолугуп, кен казууга кызыкдар экенибизди айтканбыз. Айыл өкмөт башчылары Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине кат жолдошуптур «инвесторлор келгенине байланыштуу биздин аймакта жайгашкан чачыратма алтынды иштетүүгө аукцион өткөрүп бергиле» деп. Агенттиктен келип аукцион жарыялашты, 1 айдан кийин аукцион өтүп, ага 4 компания катышкан. Баштапкы баасы 6200 доллар деп белгиленген, биз 7525 доллар сунуштап, жыйынтыгында биздин компания жеңишке жетишти.

Чалгындоого 625 гектар алынган. Анын ичинде иштетиле турган жери бар, иштетилбегени бар. Мынча чоң аянтты 7525 долларга алынды деген сөз боюнча, анткени башка кызыкдар тарап жок болгондугунан болуш керек. Союз учурунда эле бул аймак изилденип, чачыратма алтындын запасы аз экени билинген. Кендин запасы канча экенин инвестор чечпейт, аны тиешелүү мамлекеттик органдар изилдеп чыгат.

Аукционду утуп алгандан кийин айыл өкмөттөрүнөн, жергиликтүү кеңештен керектүү документтерди алып, ишти баштаарда элдин нааразычылыгынан улам иш токтоп калды. Ортодон билбей туруп айрым адамдар «алтын казып алууда химиялык заттар колдонулат» деп элди дүрбөтүп салышты. Жалган жалаа жаап, элди дүрбөткөн адамдар мыйзам алдында жооп берсе дейт элем. Учурда 8 тармактын адистеринен турган атайын топ изилдөө иштерин жүргүзүп жатат, алардын чечимин күтүүдөбүз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетине кайрылып, «Үрмарал» кенин иштетүүгө качан уруксат берилген? Аукционго канча компания катышкан? Аукциондон уткан «Полюс Голд Кей Жи» ЖЧКсы тууралуу маалымат берүүсүн өтүнүп кайрылып, бирок «бүгүн, эртең, азыр...» деген боюнча гезит басууга кеткиче жооп ала алган жокпуз.

Кен иштетүүгө байланыштуу келип чыккан Үрмаралдагы нааразычылык акциясы биринчи учур эмес. Кыргызстандын аймагындагы дээрлик бардык кенди иштетүүдө эл каршылык билдирет. Буга негизгиси кен казууда жаратылышка, адамдардын ден соолугуна терс таасир тийгизери себеп. Экинчи тарабы, кен казуудан мамлекетке канча пайда түшөрү, түшсө да кайсы чөнтөккө кетери күмөн жаратат. Канткен күндө дагы 11 килограмм алтын алуу үчүн канчалаган гектар жерди талкалоо туура болбой калары бышык.


Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-07-24 11:00:27
Ошол алтын менен карыздан кутулсанар суйунмокпуз, тилекке каршы сол чонтогунорго кеткен сон жакшына жерди бузгандан не пайда
+3
anonymous
2018-07-24 11:50:22
11 кг алтын 500 000 $ болот экен. 625 га жерди иштетсе андан көп пайда берсе керек эле
+4
admin_media
2018-07-25 17:54:02
Sezimim...,Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.

0
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан