«ОСКАР»-2007

Дүйнөлүк киноискусство жана маданият жаатында зор мааниге ээ болгон америкалык улуттук «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземин жылдын эң маанилүү окуясы деп атасак жаңылышпайбыз. Бир жарым карыш бою бар бул «алтын киши» – тагдыры киного байланган миңдеген адамдардын эңсеген кыялы, алдына койгон максаты, өмүр бою күрөшүп келген баалуу белеги. Сиздерди үстүбүздөгү жылдын февраль айында болуп өткөн «Оскардын» жыйынтыгы менен тааныштырабыз.

ОСКАР ТАЯКЕ

Эң мыкты фильмдерге сыйлык тапшыруунун алгачкы долбоору 1927-жылы АКШда пайда болгон. Сыйлыктын символу катары түрмөктөлгөн плёнканын үстүндө турган шер жоокердин сөлөкөтү иштелип чыккан. Америка киноакадемиясынын мү­дүрү Маргарет Херрик даярдалып келген үл­гүнү карап отуруп, анын келбети таякеси Оскарга окшош экендигин айткан. Ошол күндөн тартып барктуу сыйлык «Оскар» деп аталып келет.

МААНИЛҮҮ КҮН

Жылда Лос-Анжелестеги «Кодак» кинотеатрында өтүүчү «Оскар» сыйлыгын тапшыруу иш-чарасынын кино өндүрүшүндө гана эмес, мода, зергерчилик жана журналистика үчүн да чоң мааниси бар. Кечеге келген кино жылдыздардын «жарк» эткен фотокамералардын тынымсыз коштоосу менен кызыл килем аркылуу басып өтүшү салтка айланган нерсе. Так ошол кызыл килем эми чоң подиумга айланып, көптөгөн мода жана зергер үйлөрү үчүн атак-даңкка же­түүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Анткени, көпчүлүк кийим фирмалары жарнама катары өздөрүнүн атын чыгаруу үчүн кээ бир жылдыздарга жаңы үлгүдөгү кийимдерин белекке беришет. Мисалы, 1995-жылы өткөн кечеде «Prada» кийип чыккан актриса Ума Турман бул фирмага чоң ийгилик жана атактуулук алып келген. Атүгүл «менин зер буюмумду тагынып чыгыңыз» деп киноактёрлорго акча төлөп берген фирмалар да жок эмес.
Кечеге чакырылган жылдыздардын фотосүрөттөрү чоң көлөмдөгү акчага сатылат. Алардын бут кийиминен баштап чач жасалгасы, минген машинасы жана себинген атырына чейин бардык деталдар жөнүндө маалыматты таратуу гезит-журналдардын арасында да атаандаштыкты жаратат.

ЭМЕСЕ, МЫНА, ЖЫЙЫНТЫК...

4 саатка созулган «Оскар» сыйлыгын тапшыруунун 79-аземи 2007-жылдын 25-февралында Лос-Анжелесте болуп өттү. Анда 24 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар өз ээлерин табышты:
«Вавилон», «Ханыша», «Иво Жимадан каттар», «Кичинекей нур айым» деген тасмалар менен жарышка түшүп, 2006-жылдын «Эң мыкты фильм» наамына «Жоголгондор» тасмасы татыды. Фильмди койгон режиссёр Мартин Скорсезенин фильмдери буга чейин беш жолу номинацияга көрсөтүлүп, бирок, жеңишке жете элек болчу. Алтынчы жолу өз күчүн сынаган Скорсезе эми мыктылыгын далилдей алды. Көрүүчү­лөр режиссёрго ордунан туруп алакан чабышты. Мындан тышкары, «Жоголгондор» фильми мыкты режиссура, мыкты сценарий, мыкты монтаж номинацияларын да жеңип алды.
«Эң мыкты актриса» наамын алууга Пенелопа Круз, Мэрил Стрип, Жуди Денч, Хелен Миррен жана Кейт Уинслет сыяктуу эң сулуу киноактриса айымдар чыгышты. Сыйлык «Ханыша» тасмасында аткарган ролу үчүн 61 жаштагы Хелен Мирренге ыйгарылды.
«Эң мыкты актёр» болуп «Шотландиянын акыркы ханы» аттуу фильмде аткарган Форрест Уитакер табылды. Бул номинацияга Питер О`Тул, Леонардо ДиКаприо, Райан Гослинг жана Уилл Смит сыяктуу атактуу актёрлор да көрсөтүлгөн.
«Экинчи пландагы мыкты актёр» наамы үчүн «Оскар» Алан Аркинге берилди. Ал «Кичинекей нур айым» фильминде аткарган. Ал эми Женнифер Хадсон «Кыялдагы кыздар» тасмасында аткарган ролу үчүн «Экинчи пландагы мыкты актриса» болуп жарыяланды.
Кинолорго жазылган атайын музыкалык композициялар да көңүлгө алынды. «Ачуу чындык» документалдуу фильминдеги Мелисса Этеридждин «Ойгонгум келет» аттуу ыры «Эң мыкты саундтрек» деген наамдын ээси болду. Ушул эле фильм «Эң мыкты толук метраждуу документалдык фильм» деп аталды.
«Эң мыкты визуалдык эффект» лауреаттыгы «Кариб деңизинин каракчылары-2» тасмасына берилсе, «Кыялдагы кыздар» «Эң мыкты аудио эффекттер» үчүн «Оскарга» жетишти. София Копполанын тарыхый жанрдагы «Мария Антуанетта» фильми «Эң мыкты кийим» номинациясында алдыга чыкты.
Узактыгы 20 мүнөттүк «Батыш жээктин аңгемеси» тасмасынын режиссёру Ари Сандела «Эң мыкты кыска метраждуу фильм» лауреаттыгын алууга жетишти. «Желмогуз кепе», «Арабалар» деген мультфильмдер менен жарышка түшкөн «Шайыр шыйрактар» жылдын «Эң мыкты анимациялык фильми» деп табылды.
2006-жылдын «Эң мыкты чет өлкөлүк тасма» номинациясында Дания, Мексика, Алжир, Германия жана Канада өлкөлөрү жарышка түшүп, жеңүүчү «Башкалардын жашоосу» аттуу германиялык тасма болуп чыкты.
Негизги сыйлыктар ээлерин тапкан соң “Эл сүймөнчүгү” деп белгилүү режиссёр Алехандро Гонсалестин “Вавилон” фильми айтылды. Андан кем калбаган баалуу “Ардактуу Оскар” наамы 300дөн ашык фильмге музыка жараткан 78 жаштагы композитор Энио Морриконеге ыйгарылган.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан