ҮЙ ЖЫЛЫТУУ ҮЧҮН РАДИАТОРДУН КАЙСЫ ТҮРҮ ЫЛАЙЫКТУУ?

Сиз учурда там салып, аны суу менен жылытууну көздөп жатасызбы? Же үйдөгү эски радиаторлорду алмаштыруу керекпи? Анда сизге «Теплоинвест» ЖЧКсынын башкы адиси, инженер, радиаторлорду орнотуу, монтаждоо боюнча 10 жылдык тажрыйбасы бар Ислам Тагайматовдун кеңештерин сунуштайбыз.

– Кыргызстанга учурда суу менен жылытуучу системдер үчүн радиаторлор (батарея) Кытай, Түркия, Орусия, Германия, Италиядан алынып келинүүдө. Басымдуу көпчүлүгү Кытайдан келип жаткандар. Түзүлүшүнө жараша радиаторлор секциялык (гармошка), блок жана колонна түрүндөгү панелдүү болуп бөлүнөт. Жасалган материалына карап чоюн, болот, жез, алюминий, биметалл радиаторлор деп ажыратылат.

ЧОЮН РАДИАТОРЛОР

– Жалаң чоюндан куюлуп (литой) жасалат. Советтер союзу учурунда дээрлик үйлөрдүн баарында колдонулчу. Өлкөбүздө азыркыга дейре колдонулуп келе жаткандар бар. Бирок жаңы койдургандар азыраак. Азыркы тапта Германия, Орусиядан чыгарылат.

Коюлат: Жер тамдарга жана көп кабаттуу үйлөргө койсо болот. Жылуулук электр станциялары (ТЭЦ) суу түтүктөрү чирибеши үчүн сууга жегич (щёлочь) кошот. Ал жегичтен чоюн чирибейт.

1 секциясына – 1,8 литр суу батат.

Артыкчылыктары:

+ Баасы арзаныраак. Учурда 1 секциясы 300 сом жана андан жогору. Мурун колдонулгандары 200 сом.

+ Дат басууга туруктуу (20 жылдан ашуун кызмат кылат).

+ Гидравликалык соккуга (суу толкунунун соккусу) туруктуулугу 16 атмосферага (16 атм.) барабар. Атмосфера – басымдын өлчөө бирдиги. Гидравликалык сокку – бул суу түтүктөрүнүн ичиндеги суунун ылдамдыгынын кескин өзгөрүшүнөн түтүктөгү басымдын өсүп же түшүп кетүүсү (мисалы, суу өтө ысып кеткенде, суу насосу катуу айланганда, кранды күтүүсүз жаап же ачып жибергенде). Мындай соккулардан түтүктөн тыкылдаган үн чыгат. Соккулардан акырындап түтүктөн жарака кетүүсү, түтүктүн жарылып кетүүсү мүмкүн.

+ Кечирээк ысыганы менен, жылуулукту узакка сактайт.

Кемчиликтери:

-
Сырткы көрүнүшү жакшы эмес.
- 1 секциясынын салмагы 3 килограммдын тегереги. Салмагы оор болгондуктан монтаждоо, өз алдынча секциянын санын азайтуу же көбөйтүү кыйын. Ал үчүн слесарь, сантехникке кайрылуу кажет. Бети быдыр болгондуктан сырдоо да кыйыныраак.
- Орнотуу жана карматуу үчүн арматура керектелет (дубалды тешип). Анткени полго коюлуучу түрү жок, жалаң асылып коюлат.
- Учурда бийиктиги 500 миллиметр келген гана түрү бар (стандарт).
- Жылытуу үчүн (электрге, көмүргө, газга) кетирген чыгым башка радиаторлорго салыштырмалуу көбүрөөк.


АЛЮМИНИЙ РАДИАТОРЛОР

– Учурда өлкөгө Кытай, Орусия, Германия, Италиядан алынып келинүүдө. Кытайда көбүнчө сапаты төмөн алюминийден жасашкандыктан мортураак келет.

Коюлат: Жер тамдарга гана коюлат. Жылуулук электр станциялары (ТЭЦ) суу түтүктөрү чирибеши үчүн сууга кошкон жегичтен (щёлочь) алюминий болжол менен 1 жылда чирип калат. Андыктан жер тамдарга гана сунушталат.

1 секциясына – 0,8-1,2 литрге чейин суу батат.

Артыкчылыктары:

+ Баасы арзаныраак (учурда 1 секциясы 350-700 сомго чейин).
+ Дат басууга туруктуу (25 жылдан ашуун кызмат кылат).
+ Бийиктиги 3 түрдүү (200, 350, 500 миллиметр) чыгарылат. Демек, тандоого болот.
+ Гидравликалык соккуга туруктуулугу 25 атмосферага (25 атм.) барабар.
+ Көрүнүшү жакшы. Заводдон ак түстө чыгарылат. Ак түстөн башка түстө болуусун кааласаңыз өзүңүз машинанын краскасы менен сырдасаңыз болот. 1 секциясына болжол менен 100 грамм кетет (150 сом тегереги).
+ Монтаждоо бат жана оңой, анткени салмагы жеңил. 1 секциясынын салмагы 0,6-0,8 килограмм. Үйдү оңдоп-түзөөдө, мисалы, обои чаптоодо, дубалды шпаклёвкалоодо чечип, кайра кураштыруу оңой. Секцияларынын санын көбөйтүп алууга болот.
+ Жылытуу үчүн (электрге, көмүргө, газга) кетирген чыгым чоюн радиаторлорго салыштырмалуу аз.

Кемчиликтери:

- Бат ысып, бат муздайт.

- Материалы мортураак болгондуктан үстүнө катуу нерсе түшсө сынып, майышып калуусу жана сыры көчүп кетүүсү мүмкүн.


БИМЕТАЛЛ РАДИАТОРЛОРУ

– «Биметалл» Италия сөзү, «би» – эки дегенди жана «металл» болсо металлды түшүндүрөт. Башкача айтканда, 2 металлдан: болот жана алюминийден жасалат. Ичиндеги суу жүрүүчү түтүктөр болоттон, сырты алюминийден жасалат. Бизге Кытай, Италиядан келет.

Коюлат: Жер тамдарга, көп кабаттуу үйлөргө койсо болот. Негизи ТЭЦтин шарттарына ылайыкташтырылып чыгарылган.

1 секциясына – 0,4-1 литрге чейин суу батат.

Артыкчылыктары:
+ Дубалга асып коюучу жана полго коюлуучу түрү бар.

+ Бийиктиги 3 түрдүү чыгарылат (200, 350, 500 миллиметр). Демек, тандоого болот.

+ Баасы алюминийге караганда кымбатыраак (учурда 1 секциясы 550 сомдон жогору).

+ Дат басууга туруктуу (30-35 жылдан ашууну кызмат кылат)

+ Гидравликалык соккуга туруктуулугу 40 атмосферага (40 атм.) барабар.

+ Көрүнүшү жакшы. Заводдон ак түстө келет. Башка түстө болуусун кааласаңыз өзүңүз, машинанын краскасы менен сырдап алсаңыз болот. Мунун деле 1 секциясына 100 граммдай краска кетет.

+ Монтаждоо оңой жана бат. 1 секциясынын салмагы 0,8-1,2 килограмм. Обои чаптоодо, дубалды шпаклёвкалоодо чечип, кайра кураштырууга оңой.

+ Жылуулукка кетирген чыгым чоюн радиаторго караганда азыраак.

Кемчиликтери:
- Бат ысып, бат муздайт. Жылуулукка корогон чыгым алюминий радиаторго корогон сыяктуу эле.

- Сырткы материалы алюминийден болгондуктан мортураак келип, үстүнө катуу нерсе түшсө сынып, майышып калуусу жана сыры көчүп кетүүсү мүмкүн.


БОЛОТ РАДИАТОРЛОР

Болоттон жасалгандары учурда Кыргызстанда сатылбайт. Башка өлкөлөрдө да колдонулбайт. Мурун койдургандардын кээ бирлери гана колдонуп жүрүшү мүмкүн.

ЖЕЗ РАДИАТОРЛОР

– Мындай түрү кымбат жана Кыргызстанда жок. Чет өлкөлөрдө бар. Артыкчылыгы 100 жылга чейин колдонулат, жылуулукту өткөрүү сапаты бардык радиаторлордон жогорку деңгээлде. Бат ысыйт.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
1985lana
2018-07-26 23:50:56
Жакшы маалымат экен. Супер инфо, чоон рахмат силерге! Ушундай пайдалуу маалыматтарды, бат-баттан чыгарып турунуздар!?
+1
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан