«ГАЗПРОМНЕФТЬ»«АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!» АКЦИЯСЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАДЫ

11-июлда «Газпромнефть» уюштурган «Аракет кылып, утуп ал!» акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрүн куттуктоо салтанаты болуп өттү. Бул жолу фортуна 86 автосүйүүчүлөрүнө жылмайып, алар өз утуштарына ээ болушту.

УТУШКА КОЮЛГАН БАЙГЕЛЕР:

• Дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө 1 жолдомо

• 5 сыналгы

• 5 ноутбук

• 10 даана Gergert Sport спорттук велосипеди

• 10 даана Xiаоmi смартфону

• 10 даана Neoline түнкү көзөмөлдөөсү бар автокөзөмөлдөгүч

• 10 даана «Chаngе Fitness» премиум-
классындагы фитнес клубуна клуб картасы

• 5 даана Neoline унаа кубаттандыргычы

• 30 даана сертификат G-Drivе жогорку сапаттагы күйүүчү май куюуга

Аталган акциянын эң башкы байгеси – чет өлкөгө жолдомо 4 баланын энеси Гүлнур Эргешбаевага буюрду. Кубанычы коюнуна батпаган ал: «Менин рулда жүргөнүмө эки жыл болду. Ошол күндөн ушул күнгө чейин унаама жалаң «Газпромнефть» май куюучу жайларынан бензин куям. Анткени мындагы майлардын сапаты эң мыкты. Бул акцияны уюштурган «Газпромнефть» компаниясына өзүмдүн, үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса, балдарыбыз менен 1 жума Дубайда эс алып, андан соң Европаны кыдырууну пландап жатабыз. Акциянын экинчи этабына да сөзсүз катышам. Башка автосүйүүчүлөрдү «Газпромнефть» май куюучу жайларынан май куюп, утуштарга ээ болууга чакырам»,- дейт.

Маршруттук таксинин айдоочусу Жанузак Адылов: «Ар дайым «Газпромнефть» май куюучу жайларынан дизелдик май куям. Жаңы сыналгылуу болуп жубайым экөөбүз тең кубанып турабыз. Анткени жаңысын алсакпы деп жаткан элек. Минтип белекке алдык»,- деп кубанычы менен тең бөлүштү.

Коё туруңуз! Муну менен белектер түгөнбөйт. Алдыда сиздерди акциянын экинчи жана үчүнчү этаптары күтүп турат. Катышып, баалуу утуштарга ээ болуңуздар.

«Бүгүнкү күндө акциянын экинчи этабы кызуу жүрүп жатат. Буюрса, 30-августта жыйынтыкталат. 2-3-этаптарда да ар кандай баалуу белектер утушка коюлган. Ал эми «Аракет кылып, утуп ал!» акциясынын эң башкы байгеси болгон 2018-жылы чыгарылган эксклюзивдүү Rеnаult Kаptur унаасы ушул жылдын ноябрь айында ойнотулмакчы. Андыктан чамдаңыздар! Биз сиздерди эң мыкты сапаттагы күйүүчү майлар менен камсыздап, жумасына 7 күн, 24 саат бою кызматыңыздардабыз»,- дейт «Газпромнефть Азия» компаниясынын башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев.

«Аракет кылып, утуп ал!» акциясына катышуунун жолу жепжеңил. Ал үчүн «Газпромнефть» май куюучу жайларынан май куюп, ар бир 10 литр май үчүн купонуңузга мөөр бастырууңуз керек. Эгер G-Drivе жогорку үлгүдөгү майынан куйсаңыз 10 литр үчүн купонуңузга 2 мөөр бастыра аласыз. 10 даана мөөр чогулткан соң купондорду сүртүлүүчү-картага алмаштырып, кодду www.gpn-prоmо.kg сайтына же болбосо QR-кодду
«ДЕЙСТВУЙ, ПОБЕЖДАЙ!» мобилдик тиркемесине каттай аласыз.

Автосүйүүчүлөр «Газпромнефттен» Орусияда өндүрүлгөн Евро-5 экологиялык стандартындагы күйүүчү майларды куюу менен бирге ар кандай акцияларга катышып, баалуу белектерге ээ боло алышат.


Мындан сырткары «Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагы бекер кызматтарды көрсөтөт:


• Дөңгөлөктөрдү автоматтык түрдө желдөө

• Терезелерин жана мамлекеттик белгилерин жууп берүү

• Бекер Wi-Fi

«ГАЗПРОМНЕФТЬ» МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙЛАРЫНА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан