КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛОО

Экономиканын финансы рынокторунун жана банк секторунун ийгиликтүү иши көбүнчө төлөм системасынын ишинен көз каранды. Төлөм системасы деген өлкөбүздүн аймагында акча каражаттарын которууну ишке ашырган төлөм системаларынын жыйындысы. Бул аркылуу чарба жүргүзүүчү субъекттер нак эмес формада акча каражаттарын которууну ишке ашырышат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛООНУН БАСКЫЧТАРЫ

Реформалоонун алгачкы баскычы 2003-2008-жылдары ишке ашырылып, анын жыйынтыгында бүгүнкү күндө төмөнкүлөр иш алып барууда:

Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (СПК) – бул банктар аралык майда жана чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн каралган;

Реалдуу убакыт режиминдеги эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ) – бул система финансы рынокторунда келишилген бүтүмдөр жана башка ири төлөмдөр боюнча тез жана жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган;

«Банктар аралык процессинг борбору» – ЖАКтын базасында түзүлгөн бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору. Бул Кыргыз Республикасынын «Элкарт» улуттук төлөм системасынын жалгыз оператору болуп саналат.

Өлкөбүздүн экономикасында төлөмдөр жана эсептешүүлөрдүн бардык түрүн дал ушул системалар аркылуу нак эмес түрдө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Төлөм системасын өнүктүрүүнүн экинчи баскычы 2012-2017-жылдары ишке ашырылган. Мында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүүгө багытталган милдеттерди аткарууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул баскычта «пенсионердин карты», «бюджеттик каражаттарды алуучунун карты», «банктык төлөм карттарына социалдык төлөөлөр», салык төлөмдөрүн/бажы алымдарын, айыптык төлөмдөрдү жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү нак эмес формада бюджетке төлөө сыяктуу долбоорлор жүзөгө ашырылган.

Калкка ылайыктуу жана ошондой эле өлкөнүн экономикалык коопсуздугун, бюджеттик каражаттардын төлөнүшүнүн кепилдигин камсыз кылуу максатында, 2016-жылы республиканын бардык бюджеттик уюмдары эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдар жана башкаларды төлөө үчүн «Элкарт» улуттук төлөм картына өткөрүлгөн. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акысы эл аралык карттарга которулуучу бюджеттик уюмдар да «Элкарт» улуттук төлөм картына өткөрүлгөн.

Калктын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда жаңы катышуучулар пайда болду. Алар – дароо чекене төлөмдөр чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору. Бүгүнкү күндө бул ишти 22 юридикалык жак жүзөгө ашырууда, алардын ичинен 21и төлөм системасынын оператору лицензиясына, 20сы төлөм уюмунун лицензиясына ээ.

Төлөм системасын реформалоонун биринчи жана экинчи баскычтарынын жыйынтыгы боюнча министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттик ишканалардагы касса бөлүмдөрү жабылып, бардык эсептер банктык эсептерге которулган.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоонун жыйынтыгы боюнча, 2003-2017-жылдар ичинде жаңы продукттар, эрежелер, технологиялар, тейлөөлөр, ошондой эле жаңы катышуучулар пайда болгон.


РЕСПУБЛИКАНЫН ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫН МЫНДАН АРЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ПЛАНДАРЫ

Нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү багытында көптөгөн иштер жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, чечүүнү талап кылган маселелер дале көп. Бул пенсияны, жөлөк пулдарды, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү нак эмес формада алуу менен гана эмес, бардык мекемелердин, уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акысын банктык төлөм карттарына которууга байланыштуу. Ошондой эле банктык төлөм карттары, электрондук капчык жана башка инновациялык технологиялар аркылуу нак эмес формада алымдарды, айыптык төлөмдөрдү, транспорттук кызматтарды жана башка төлөмдөрдү төлөөнү камсыз кылуу керектелген.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк өлкөдө нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын үчүнчү баскычын бекиткен. Мамлекеттик программа аны жүзөгө ашырууга тартылган бардык бөлүмдөр (мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, бизнес-коомчулуктар жана башкалар) менен тыгыз кызматташуунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Мындан тышкары жакынкы келечекке «Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүү, жаңы төлөм инструменттерин жана кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга киргизүү жана «Элкарт» улуттук төлөм системасын башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо чараларын ишке ашыруу боюнча милдеттер каралган. Атап айтканда, ЕАЭБнын алкагында «Элкарт» жана Орусия Федерациясынын «МИР» улуттук карттар системасын интеграциялоо долбоорун жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Бул долбоор кыргыз банктарына 2019-жылдан тартып «МИР» карттарын тейлөө мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми «Элкарт» карттары Орусиянын аймагында да тейлөөгө алынат.

Бүгүнкү күндө «Элкарт» – калктын бардык катмары пайдалана алган, тышкы саясий жана экономикалык факторлордон көз каранды болбогон жеткиликтүү жана коопсуз банктык продукт.

ИННОВАЦИЯЛЫК БАНКТЫК ПРОДУКТТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Эми өлкөбүздөгү банктык төлөм карттары, электрондук акча, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, үй банкинги сыяктуу инновациялык төлөм ыкмаларынын өнүгүшү тууралуу сөз кылсак. Банктык төлөм карттары бүгүнкү күндө күндөлүк турмушта ыңгайлуу, ишенимдүү жана заманбап финансылык инструмент катары республиканын төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда алдыңкы орунду ээлеп келе жатат. Банктык төлөм карттары аркылуу соода-тейлөө ишканаларында, тойканаларда, мейманканаларда, май куюучу станцияларда, интернет аркылуу товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана башкалар үчүн төлөөлөр ишке ашырылууда.

Республиканын аймагында төлөм карттары менен эсептешүү «Элкарт» улуттук төлөм карттары жана эл аралык системалар (Visa, Mastercard, Union Pay, American Express) аркылуу ишке ашырылат. Төлөм системасын реформалоо учурунан тартып банктык төлөм карттарын чыгаруу боюнча алгылыктуу динамика байкалууда. Эгерде 2003-жылы 7 миң 755 карт чыгарылса, 2018-жылдын 1-июнуна карата жүгүртүүдөгү карттардын жалпы саны 2 миллион 238 миң 800 картты түзгөн, мунун 1 миллион 56 миң 700 карты «Элкартка» тиешелүү.

2017-жылы «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси колдонууга киргизилген, ал мобилдик акчанын альтернативдүү жана кыйла коопсуз варианты катары саналат. «Элкарт Мобайл» бардык банктардын «Элкарт» карттарын бириктирип, уюлдук телефон аркылуу суткасына 24 саат бою картыңыздагы акча каражаттарын тескөөгө, коммуналдык төлөмдөрдү, акча которууларды дароо жана коопсуз ишке ашырууга, жакын жайгашкан банкоматтар тизмегин табууга шарт түзөт.

ЭЛЕКТРОНДУК АКЧА ЖАНА АРАЛЫКТАГЫ БАНКТЫК ТЕЙЛӨӨ

Электрондук акча Кыргызстандын нак эмес төлөмдөр рыногунда нак эмес эсептешүүлөр инструменти катары да кызмат кылат. Ал аркылуу соода ишканаларында товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жана интернетте төлөөлөрдү ишке ашырууга болот.

Биздин өлкөдө электрондук акча чыгарууга 9 коммерциялык банк тарабынан лицензия алынган. Электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн 10 локалдык системалары жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдүн 6 эл аралык системалары иш алып барууда.

Учурда электрондук акча өлкөбүздөгү калк арасында кеңири колдонулууда жана алардын өнүгүүсү байкалууда. 2018-жылдын I чейрегинин жыйынтыгы боюнча (2015-жылдын IV чейрегине салыштырмалуу) электрондук капчыктардын саны 3 эсе жогорулап, 820 миң 200 капчыкты түзгөн. 2018-жылдын I чейрегинин жыйынтыгы боюнча (2015-жылдын IV чейрегине салыштырмалуу) жүргүзүлүп жаткан төлөмдөрдүн көлөмү 14,5 эсеге өсүп, 2 миллиард 8 миллион сомду түзгөн.

Учурда адамдар интернет жана компьютерсиз өз жашоосун элестете алышпайт, ал эми уюлдук телефон эң зарыл буюм катары калууда. Бүгүнкү күндө 20 банк кредит алуудан тышкары, бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген интернет-банкинг кызматын сунуштоодо. Мобилдик банкинг кызматы 6 коммерциялык банк тарабынан сунушталат. Эсеп жана акча каражаттарын которуу боюнча SMS-билдирүү да мобилдик банкинг кызматтарынын бири.

2018-ЖЫЛ РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫНА КАРАТА ИШ-АРАКЕТТЕР

Жогоруда белгилеп кеткендей, 2016-жылы республикадагы бардык бюджеттик уюмдардын эмгек акысы, пенсиялары, жөлөк пулдары жана башка төлөмдөрү «Элкарт» улуттук төлөм картына өткөрүлгөн. Калк аны нак акчага айландыруу көйгөйүнө туш келбеши үчүн Улуттук банк тарабынан өлкөнүн алыскы региондорунда да төлөм инфраструктурасын арттырууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө (банкоматтарды, POS-терминалдарды, банктык күркөлөрдү орнотуу).

Банк секторуна түрткү берүү жана төлөм инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык 2018-жылдын 1-январынан 2022-жылдын 31-декабрына чейин банктык жабдууларды алып келүүнү КНСтен бошотуу каралган. Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда келишим түзүлүп, анын алкагында банктар тарабынан 861 банкомат, 6 миң 865 терминал, 2 миң 680 төлөм терминалдарын, 52 банктык күркөлөрдү алып келүү пландаштырылган. Жабдуулар айрыкча республиканын региондорунда 2018-2022-жылдар ичинде орнотулмакчы.

Бүгүнкү күнгө карата республикада 1 миң 502 банкомат жана 8 миң 904 POS-терминал катталган.

Төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашыруу пенсияны, жөлөк пулдарды жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү, анын ичинде мамлекеттик эмес секторлорго да эмгек акынын банктык төлөм карттар аркылуу төлөнүшүн камсыз кылууга, ошондой эле өлкө бюджетине акча каражатарынын түшүүсүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул, өз кезегинде, финансы агымдарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана экономиканын көмүскө секторун кыскартууга багытталган.


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 820, 20 - 26-июль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан