«БАЛАМДЫН ЧИМКИРИГИ ТОКТОБОЙ ЖАТАТ»

«Супер-Инфодон» ата-энелерге өзгөчө мүмкүнчүлүк. Пайдаланып калыңыз! Балаңыздын саламаттыгы тууралуу сизди түйшөлткөн суроолор барбы? Анда 0557 75 63 11 WhatsApp номерине жөнөтүңүз. Суроолорго 35 жылдык тажрыйбасы бар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасы мамлекеттик мекемесинин врач-педиатры Гүлжамал Саадакбаева жооп берет. Жооптор жума сайын гезит бетине жарыяланып турмакчы.

– Балам 3 жашта. Бир жылдай болуп калды, чимкириги токтобойт. Дарыгерге көрсөтсөм «сасык тумоодон улам» деп, дары-дармек жазып берген. Дарыландык, бирок жакшы жыйынтык болбоду. Ийне алып жатканыбызда да түссүз суюктук агып жатты, дарылоосу бүткөндө кайра эле сары түстө. Эмне кылсам болот?

Атыргүл, Бишкек шаары

– Сасык тумоодон дарылангандан кийин кандайдыр бир убакытка чейин баланын мурду акпашы керек эле. Эгер баланын дарылоодон кийин да мурду акса, демек, ал өнөкөт ринитке кабылган. Лор дарыгерине көрсөтүп, рентген жасатуу керек. Балким, мурун көңдөйлөрүндө аденома болушу мүмкүн. Же болбосо атайын клиникаларга кайрылып, эндоскопиялык текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштайм.

РИНИТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Ринит – мурундун былжыр челинин сезгениши. Ага кабылганда мурундан суюктук көп чыгып, дем алуу кыйындайт. Анын эки түрү бар.

Вирустуу ринит. Себепкери – вирус, бактерия, грибок. Организм катуу үшүп калганда анын коргоо механизми төмөндөйт да, мурундагы вирус, бактериялар көбөйүп, сезгенүүнү жаратат. Мурундан суу, чимкирик көп агат. Дарылабаса гайморит, ортоңку кулактын отити, фарингит, бронхит жаралат.

Аллергиялык ринит. Өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан, мурунга аллергендин кирип кетүүсүнөн (мисалы, жаныбардын жүнү) болот. Дарылабаса гайморит, бронхиалдык астмага өтөт.

Муздак абадан жаралчу ринит. Суукка чыкканыбызда мурдубуз дем алган муздак абаны жылытуу үчүн былжырды көп чыгара баштайт. Ошондуктан мурундан суу агат. Сууктан ысыкка киргенде да мурундан суу куюлат. Кыскасы, бул процесстер "суукка аллергия" деп эсептелет. Ысыкта бир топ отурганда өтүп кетет. Бирок суукта дамамат көп жүргөндө гайморитке, полипке айлануусу мүмкүн.

Риниттин алдын алуу жолдору

1. Мурунду жууп, тазалап туруу. Дарыканаларда сатылуучу деңиз тузунун даяр эритмелери оорунун алдын алып, сезгенүүдөн улам көөп кеткен мурун былжырын калыпка келтирип, тез айыгууга жардам берет. Жуу ыкмасы: башты оң жакка чалкалатып сол таноого дарыны куйсаңыз, дары оң таноодон агат (туура жасалганда). Анан чимкирип, берки танооңузду ушундай эле жол менен жууйсуз.

2. Бутту жылуулоо. Суукта бутка дары чөптүн (ромашка, ит уйгак жана башка) кайнатмасынан ванна жасап, жүн байпак кийүү зарыл.

3. Компресс. Риниттин жаңы башталышында мурун кайкысына (переносица) жылуу компресс жасоого болот.

4. Суукта жылаң баш сыртка чыкпоо керек.

5. Иммунитетти көтөрүү. Бул үчүн витаминдүү тамак-ашты көп жеп (айрыкча сарымсак, бал, лимон, жашылча салаты), активдүү жашоо образы сунушталат, атайын иммундук системди көтөрүүчү каражаттарды пайдалануу.


«КУЛАГЫНАН САРЫ СУЮКТУК АГЫП ЖАТАТ»

– Балам болгону 3 айлык. Эмнеден улам билбейм, кулагынан сары суюктук агып, кулкудай болуп катып жатат. Ириң эмеспи?

Айнура, Токмок шаары

– Менимче, сиз айтып жаткан суюктук ириң эмес. Негизи ар бир баланын, ал гана эмес чоң кишилердин да өзүнө тиешелүү физиологиялык абалы болот. Сиз айтып жаткан суюктук да адамдын физиологиялык абалына жараша бөлүнүп чыгат. Алсак, териси майлуу кишилерде бул суюктук көбүрөөк чыгышы мүмкүн. Айрымдарда суюк түрүндө, айрымдарда кургак болот дегендей. Бул оору эмес. Аны акырын тазалап коюуга болот. Бирок сиздин балаңыз 3 айлык ымыркай экен, анын кулагын өз алдыңызча чукуп тазалоого болбойт. Балаңызды лор дарыгерине алып барып көрсөтүңүз. Ал агып чыгып жаткан суюктук анын физиологиялык абалыбы же жокпу аныктап, андан соң тазалап берет.

«БИР СӨЗДҮ 2-3 ЖОЛУ КАЙТАЛАЙТ»

– Балам 4 жаштан ашты. Сүйлөгөндө такалып, бир сөздү 2-3 кайталайт. Сүйлөөсү, кабыл алуусу кеч эмеспи? Кайсы дарыгерге көрсөтсөм болот?

Бакыт, Ош шаары

– Баланын мындай абалы кекечтенүү же мукактануу деп аталат. Балаңызды логопедге же балдар психоневрологуна көрсөтүңүз. Алар текшерип көрүп ошого карата атайын дарылоону сунушташат же логопеддик сабактарды өтүшөт. Баланын мындай абалга кептелишине бир нерседен коркуу, чочуу, үй-бүлөдөгү ар кандай чыр-чатактар, чоңдордун же бала бакчадан тарбиячынын туура эмес мамилеси себепкер болот. Кекечтенүүнү өз убагында жойбосо балада өмүр бою адат катары кала бериши мүмкүн. Бала менен атайын адистер иш алып баруусу шарт. Мындай балдарга аяр мамиле керек. Айрым ата-энелер «болбойсуңбу, айтпайсыңбы, түшүндүрбөйсүңбү» деп шаштырышат. Мындай мамиле жасоо туура эмес.

«КАНДЫН ГЕМОГЛОБИНИН КАНТИП КӨТӨРӨМ?»

– Кызым 1,5 жашта. Аябай арыктап кипкичинекей болуп кетти. Каны да аз окшойт, өңү купкуу. Кандын гемоглобинин кантип көтөрөм?

Саламат, Бишкек шаары

– Кандын аздыгы – бул организмге темирдин жетишсиздиги. Каны аз баланын өңү купкуу болот, алсырайт, мындан сырткары бор, тамдын боорун чукуп топурак жегиси келет. Гемоглобиндин деңгээлин билүү үчүн кан тапшыруу керек. Анын жыйынтыгынан анемиянын даражасын, жеңилби же оорбу аныктоого болот. Эгер бала анемиянын жеңил түрү менен жабыркаса үй шартында диета кармоо, туура тамактануу менен гемоглобинди көтөрүүгө болот. Ал үчүн курамында темир көп азыктарды берүү зарыл. Мисалы, эт, жашылча-жемиштер. Темир организмге сиңиши үчүн туура тамактануу керек. Биз эт жегенден кийин чай ичебиз. Бул туура эмес. Анткени чайдын курамында тонин заты темирди өзүнө тартып алып, организмге жакшы сиңбей калат.

Эгер бала анемиянын оор даражасы менен жабыркаса, анда ага диета кармоо жардам бере албайт. Сөзсүз дары-дармектер менен дарылоого туура келет. Анализдин жыйынтыгына карата дарыгер 1 килограммга канча миллиграмм темир каражаты керек экендигин эсептеп, дары-дармек жазып берет. Дарылануу 1-2 айга чейин жүргүзүлүп, ай сайын гемоглобиндин деңгээли текшерилип турат. Гемоглобиндин деңгээли 120га жетип нормага түшкөндө дагы ошончо убакыт жарым дозадан берилет. Кандын деңгээли нормалдашып, кан айлануу системи жакшырганда дарылоо токтотулат.

«ТЫРМАГЫН ЖЕЙТ»

– Менин балам азыр 12 жашта. Эмнеге экенин билбейм, кичинесинен бери эле тырмагын жейт. Канча уруштук, баары бир адатын таштабай койду. Кантип калтырсак болот?

Жумайым, Кант шаары

– Баланын тырмагын жеши – терс адаттардын катарына кирет. Бул адат баланын психоэмоционалдык абалынын туруксуз экендигинен кабар берет. Алсак, тартынчаак, мектепте бир нерседен уялат, же кайсы бир сабагынан жетишпей ичинен кыжалат болуп жатат дегендей. Балаңызды психоневрологго көрсөтүүнү сунуштайм. Ал баланы атайын тесттен өткөрүп, ошого карата дарылоо жүргүзөт.

«БАЛАНЫН ИЧИ КАТКАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?»

– Баламдын ичи катып, 2 күндө бир жолу заң чыгарып жатат. Боботик, укроп суусун бердим. Ошондо да 2 күндө бир заңдайт. Кээде клизма кылып жатам. Дагы кандай жолдору бар?

Адина, Бишкек шаары

– Эгер бала ыйлап тынчыңызды албаса, анда кооптонуунун кереги жок. Анткени бул баланын физиологиялык түзүлүшүнөн болушу мүмкүн. Айрым балдардын ичегиси узун болот. Жеген тамагы заң болуп арткы тешикке жеткиче 2 күндөй убакыт керектелет. Эгер 1-2 саат токтобой ыйлап, тыбырчыласа, демек, бала ооруп жатат, анын ичегилеринде спазм бар. Баланын көпкө заң чыгарбай жүрүшү ичегиде лактозанын жетишпегенинен улам болот. Бул көйгөйдөн айрым балдар 3 айында, айрымдар 6 айында гана арылышы мүмкүн. Ага чейин улана берет.

«1 АЙДАН БЕРИ ИЧИ ӨТҮП ЖАТАТ»

– Бир айдан бери кызымдын ичи өтүп жатат. Кээде бир күндө 15 жолкуга чейин жетет. Дарыларды берсем 2-3 күнгө токтойт да, кайра башталат. Кеңеш берип коюңузчу?

Асел, Бишкек шаары

– Биринчи кезекте баланын дене табы көтөрүлүп жатабы же жокпу, ошону байкаңыз. Эгер дене табы көтөрүлбөсө, демек, баланын ичинин өтүшү кандайдыр бир дисбактериоздон, микрофлоранын бузулушунан улам. Ал эми дене табынын көтөрүлүшү ичегинин курч инфекция менен жабыркап жаткандыгынан кабар берет. Дарылоо үчүн баланын заңын баклабораторияга тапшырып, кайсы микробдон улам ичегилер жабыркап жатканын аныктоо шарт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Jazdyn_tany
2018-07-31 10:04:51
Баланы маска кийип алып, түрү суук болуп коркутпаш керек, кекеч болуп калат. Интернетте видеого тартыш үчүн розыгрыш кылып жатышат го, прикол деп, бул туура эмес!
+5
ZhanMM
2018-07-31 10:06:03
Биринчи учурда, баламдын чимкириги токтобой жатат деген учурда - ЛОРго көрсөтүү керек. Балким мурдуна бир нерсе киргизип алгандыр ойноп жатып (мисалы: оюнчуктун майда тетиктери). Андай учур жаш балдарда көп болот.
+3
Raha_83
2018-07-31 14:02:18
Доктурга оз убагында корсотуу кажет
+1
DUNI
2018-07-31 15:21:09
Кулагынан ирин аккандай,геран гулдун жалбырагын жууп ороп тыгып койгула.эртеси эчтеке калбайт. Жаш балдардын кулагын чукуп же жуунтканда сезгентип алабыз
+1
Aytur
2018-08-06 00:32:42
Бир кундо 15 жолу ичи отсо гезитке суроо менен кайрылган эне да энеби?! Баланын ичи откондо эле которуп кунду кун тунду тун дебей жонойбузго ооруканага
+3
№ 821, 27-июль -2-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан