– Салам, Зарина. Кандайсың?
– Жакшы. Эмне маанайың суз?
– Баягы сен сунуштаган сериалдын жаңы сериясын көрө албай жатам. Телефонумда интернет трафик түгөнүп, кайра жаңы топтом алуу үчүн эртеңки күндү күтүшүм керек экен. Баса, Майкл тирүү калдыбы же?..
– Спойлер болбой эле жакшы тарифтик план сунуштайын, жаңы сериясын өзүң көрүп албайсыңбы? Сюжетин айтып койсом кызыксыз болуп калат да.
– Абдан чыдамым кетип жатат. Бирок кайсы тарифтик планга которулбайын баары бирдей эле. Улам биринин шарттары, эрежелери менен тааныша берип башым да айланып калды. Анан калса абоненттик төлөмдүн кымбаттыгы да кыйнап жиберди.
– Кел, мен сенин номериңди башка жакшы тарифтик планга которуп берем. Ал “Просто” деп аталат. Ага которулуу үчүн акчаң да коробойт. Болгону жумасына 95 сомдук абоненттик төлөм төлөйсүң. Сынап көр, жакса колдонууну улантасың, жакпаса кайра өзүң көнгөн тарифтик планга которулуп аласың да.
– Мм, арзан экен, ээ? Эгер сен айткан тарифтик план үнөмдүү болсо, анан азыркыга караганда көбүрөөк интернет трафик берсе, колдонуп көрөйүн.
– Телефонуңдан *555*9555# комбинациясын терсең.
– Макул. Вау, мага дароо 1 жумалык интернет пакет берди го! Эми түнкүсүн бекер, калган убакта 4 ГБ интернетти колдоно берет турбаймынбы.
– Ооба, аны менен гана чектелип калбайт. “Просто” тарифтик планы аркылуу башка мобилдик операторлорго бир апта ичинде 10 мүнөт, түйүн ичинде бепбекер сүйлөшө аласың.
– Жыргал го, демек, тиги сериалдын жаңы серияларын көрүп бүткөн соң сага чалсам, чогуу талкуулайт экенбиз да?
– Ооба, бул сериалды көрүп бүт, анан мен сага жаңы тасма сунуштайм. Азырынча айтпай турайын. Экшн, курбум, экшн!
Замандын жаңыланууларынан артта калбаган шок курбум Зарина менен ушундай сүйлөшүү болду. Ал качан болбосун жеңилдетүүлөр жана арзандатуулардын биринчи колдонуучусу болуп жүрөт. Ал сунуштаган буюмду же кызматты тандаган сайын кубанам жана эч качан өкүнгөн эмесмин. Бул ирет да “Просто” тарифтик планын тандап, бир жума колдонуп көргөндөн кийин төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим...
СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫН БААРЫ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛУП КАЛДЫ
Мен социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун. Мурда интернет трафикти аяп, социалдык тармактарга кирерде мобилдик интернетти улам жандырып, кайра өчүрүп турчумун. Ал эми акыркы бир аптадан бери интернетим кенен болуп жыргап калдым. Азыр мен Фейсбукка пост жазам, таанышам, Инстаграмга сүрөт илем, лайктарга кубанам, жакындарым менен видеочалуу аркылуу сүйлөшөм. Көрсө, менин маанайымдын жакшы болушуна сапаттуу жана көп интернет эле жетпей туруптур да.
ЭЧ КАНДАЙ ТҮШҮНҮКСҮЗ ТӨЛӨМДӨР ЖОК
Мурда балансымды толуктаган соң акчамдын кайда короп жатканын билбей кала берчүмүн. 6, 15, 29 сом... Ушул сыяктуу билинбеген майда-барат чыгымдар көп жолу катталган. Бул бир жумалык сыноодо мен балансымды 95 сомго толуктаган боюнча берилген пакетти колдонуп жүрө бердим. Жогоруда көрсөтүлгөн суммадан ашык бир да тыйын короткон жокмун.
«МОЙ BEELINE» ТИРКЕМЕСИН КОЛДОНУП БОНУС АЛДЫМ
Зарина номеримдеги тарифтик планды алмаштырып берип жатып телефонума “Мой Beeline” тиркемесин жүктөп алышымды айткан. Анын айтканын угуп жүктөдүм эле, менин номериме тиешелүү маалыматтын баары ошол жерде экен. Тарифтик план, балансымдын калдыгы, интернет пакеттин калдыгы, мага компания тарабынан берилген бонустар. Бонус демекчи, аталган мобилдик тиркемени жүктөгөн күнү аны орнотконум үчүн 1 ГБ, тиркемени колдонуп жатканым үчүн аптанын аягында дагы 200 МБ кошумча белекке берилди. Айтор, интернет трафик түгөнүп калат деп корккон жокмун.
ЭМИ ГЕОЛОКАЦИЯ ТАНДАБАЙМ
Азыр Ысык-Көлдөмүн. Сыртта +33 градус ысык болуп турат. Мен көлдүн жээгинде күнгө күйүп жатам. Кол алдымда сүйүктүү смартфонум жана ага туташкан “Просто” тарифтик планы. Мурда борбордон аймактарга чыкканда интернеттин начардыгы кыйла сезилчү. Эми менде андай эмес. Көл жээкти, ак чардактарды, кемелерди сүрөткө тартып социалдык тармактарга жүктөп, түз эфирге чыгып, жашоонун жыргалын сезип жатам. Эми жакындарыма да аталган тарифтик планга өтүүнү сунуштайм го.
Кой, досторум күтүп калышты, мен да сууга бир чумкуп келейин. А силер “Просто” тарифтик планына которула бергиле. Кантип өтүү керектигин билесиңер.
Алтынай Тынышова