Токтобүбү Черикчиева тун неберелүү болуп, өзүнө батпай сүйүнүп турган чагы. “Неберем Бишкектеги №1 төрөт үйүндө жарыкка келди. Дагы деле ишене албай, башкача толкунданып жүрөм. "Небере баладан да таттуу" дегенди эми түшүндүм. Мурун эле ичимден неберелүү болсом атын Дастан коём деп жүрчүмүн. Анткени мен тааныган Дастан деген балдардын баары ийгиликтүү”,- дейт ырчы.
Ал эми Эрнест Абдыжапаровдун төртүнчү небереси жарыкка келди. “Атын Алан койдук. Эки сүйүнүч бир келди десем болот. Неберелүү болгондун эртеси коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма тартууга укук алдым. Режиссёрлукка сегизибиз катышканбыз, ошолордун ичинен калыстар мени тандашыптыр. Тасманын сценарийи даяр, кышка жакын тартып бүтүп калабыз. Учурда Абдрахманов тууралуу маалыматтар чогултулуп жатат”,- дейт режиссёр.