КҮЗГҮ МОДА К-РОР СТИЛИНДЕ

Бир нече жыл мурун бирөө жеңи шалбыраган, узун рубашка же футболканын үстүнөн сарафан кийип жүрсө көзгө өөн учурамак. Бул нерсе азыр кадимки көрүнүш түгүл, модага айланды. Корей сериалдарынын күйөрмандары айдолдор кийген кийимдерди кийип бактылуу. Бул жолу дүйнөнү багындырып келаткан k-pop стили качан башталганы жана күздө кандай кийимдер трендде болот, ошол темага токтолдук.

ДҮЙНӨГӨ ТАРАГАН K-POP СТИЛИ

Кореяга алгачкы жолу батыштын кийимин саясатчы, активист Юн-Чи-О алып келип, аларды алгач жалаң аристократтар кийишкен. Ал эми карапайым эл корейлердин улуттук кийими – ханбокту кийишчү. Батыштын кийими бара-бара кеңселерге дресс-код катары кийилип, акырындап массага алынып кеткен.

Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу Түштүк Кореяда мода музыканы ээрчип келет. Атактуу айдолдор кандай кийинишсе, күйөрмандары, албетте, аларды туурап, ошондой кийингиси келет. Ошентип мода жайылат.

АК РУБАШКА

Оверсайз свитшот, худилерге суроо-талап көп болгондуктан кезек рубашкаларга жетти. Бир караганда өзүнө чоң кийим кийип алгандай сезилет. Корей кийимдеринин “фишкасы” ошондо. Кореялык атактуу “Blackpink” тобу ушул тенденцияны өзгөчө жайылтып жиберишти. Жеңи шалбыраган узун, кенен рубашкаларды көздү жумуп туруп ала бериңиз. Мындай рубашканы кыска юбка, чолок шымга шымдап, астына өңдүү же ачык узун байпак (чулки) менен кийип алсаңыз жакшы отурат. Жип, ленталар менен кооздолгон саймалуу, тери түстөгү кенен, жеңдүү блузкалар да күзүндө популярдуу.

ТРЕНЧ

Корей эли, байкасаңыздар, оверсайз стилиндеги кийимдерди жактырышат. Тренч темасында да ошондой, мүшөктөй кенен болгон плащтарга басым жасалат. Айрым жылдыздар тренчкотту спорттук кийим, жынсы шым менен кийсе, кээ бирлери жеңил көйнөктөрдүн үстүнөн кийишет.


ЖЫНСЫ

Классикага айланган жынсы быйыл да актуалдуулугун жоготпойт. Винтаж стилиндеги күрмө менен пиджактар юбка, шым, жеңил көйнөктөр менен да жакшы отурат.

ПИДЖАК

Чакмагы өтө чоң болбогон пиджактар жылдын хит кийими болмокчу. Аны кыздар да, эркектер да, жаш-улуу муундар да кие алышат.

Корей стилинин дагы бир өзгөчөлүгү – кабаттап кийинүү. Күзүндө үшүп калбайын десеңиз түстөрдү айкалыштырып, мисалы, водолазканын сыртынан рубашка же жеңи жок свитер кийип алсаңыз, жылуу жүрөсүз.

Оверсайз бомбер, худилер

Жеңи узун оверсайз худи, бомбер, свитшоттор бизге да келип, жаштардын сүйүктүү кийимине айланды. Күзүндө да бул тренд актуалдуу.

Корейлердин эң көп колдонгон аксессуары – бул көз айнек. Аны көрүүсү жакшыбы, начарбы айырмасы жок, баары кооздук үчүн тагына беришет.

жылуулук жана сулуулук

Күн сууп баштаганда узун юбка, сарафан, шымдардын мезгили башталат. Ошондой эле учурда ичке жынсылар модадан чыгып, кенен кюлотторго жол бошотту. Акыркы кезде айдолдор кенен спорттук кийимдер менен да жүрүшөт.


КЛАССИКАЛЫК СТИЛЬ

Сеул модельерлери күзүндө токулган свитерлер менен рубашкаларды айкалыштырып кийүүнү сунушташат. Ак, кара, күрөң, тери түсүндөгү сарафандар, комбинезондор да окуучу, студент, кеңседе иштегендерге туура келет. Анан, албетте, жынсы сарафандар актуалдуулугун жоготпойт.

БУТ КИЙИМДЕР

Кеды жана таманы бийик, одуракай, жоон боосу бар кроссовкилерди классикалыкпы, спорттук кийим түрү болобу, баары менен кийүү – быйылкы жылдын өзгөчөлүгү. Эгер назик образ жараткыңыз келсе, кыска юбка же сарафандар менен ботильон, ботфорт кийсеңиз болот.

КЕЗДЕМЕЛЕР...

Бул жылы күзгү мода 1980-жылдарга кайрылат. Мода дүйнөсүндө белгилүү Carhartt WIP бренди көчө модасы үчүн нейлон, вельвет, жүндөн согулган кездемелерден тигилген кийимдерге суроо-талап көп болорун айтат.

ТҮСТӨРДҮН АЙКАЛЫШУУСУ, АКСЕССУАРЛАР

Быйыл ак, кара, саргыч, ток кызыл, көк жана күрөң түстөргө басым жасалууда.

Корей кыздары кийимдерин ар кандай шуру, бижутериялар менен кооздошот. Ачык түстүү, көзгө дароо урунган көлөмдүү билериктер, чокер, шакек, сөйкө, шурулар модада.


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Fortuna1987
2018-08-07 09:38:53
К-рор жаштардын эрмеги. Олуттуу эч нерсе жок. Келет, кетет баягы олбогон классика жана спорттук стиль туболуко кала берет
+17
Batma08
2018-08-07 11:30:45
Сомтуур кийимдерго
+5
Byrmachach
2018-08-07 11:37:10
Шортиктин эмнеси мода дейм да. Уяттуу жерин араң жапкандан кийин. Кыргыз кыздарына жарашыктуу кийим жөнүндө жазгандын ордуна...
+6
Edelveis929317
2018-08-07 12:36:41
Мода экен деп эми муну жарашса дагы,жарашпаса дагы кийип алышат биздикилер.
+5
Iniesta8
2018-08-07 14:13:00
Сулуу кыз экен
0
Journalistgirl
2018-08-09 16:28:10
Биз озубуздун менталитетке туура келген кийимдерди кийели. Корейлердин дене тузулушу менен биздин айырма бар, аларды туурап шермендеге окшоп кийинбей жарашыктуу ынгайлуу кийинсек ошол мода.
0
lazygirl
2018-08-10 03:07:01
Жарашса жарашпаса деле өздөрүнүн фигурасына туура келеби жокпу, моделдерге окшоп кийинип алышат. Буту жоону деле тайтагы деле шымын белине чейин шымдап..
+4
Aasylym
2018-08-13 22:18:46
lazygirl,ха ха ха 100% кошулам
0
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан