Амантай Кутманалиев, төкмө акын: «ЧУДИНОВДУ СЫНДАЙ КОЁМ ДЕП ЖУМУШТАН АЙДАЛГАМ»

– Амантай ага, чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Улуттук филармониянын алдындагы «Эл ырчысы Эстебес» тобунда иштеп жатам. Концерттерибиз өтүп жатат.

Төкмө акындар тойлорго да барып кошумча каражат таап калышпадыбы. Сизди да чакырышабы?
– Тойлорго чакырышат. Мени баалап, ырымды уга турган жерлерге барам. Кээ бир жерге барсаң ырыңды деле укпайт. «Анда эмне чакырдыңар?» деп аларды кошуп ырдап салсам таарынышат (күлүп). Соодалашпайм, көңүлдөн чыкканын беришет, мен дагы көңүлдүү ырдап берем. Ошол айлыгыбызга өп-чап болуп жатат да.

– "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын жакында эле алдыңыз окшойт.
– Наам эч убакта талантыңа талант кошуп бербейт. Кичине болсо дагы өкмөт сени артист катары тааныды деген документ. Жаш кезде алсаң чыгармачылыгыңа дем болот. А мен картайганда, тагыраагы, былтыр алдым. Бир аз болсо да эмгегим бааланды деп сүйүндүм. Менде наам алам деген амбиция жок. Бир учурда «Ай, Амантай, жаш балдар наам алып жатышат, сен жүрө бересиңби, бир жылкы таппайсыңбы» дегендер чыккан. “Бюджетник” болсом менде кайдагы жылкы? Өздөрүнүн “ставкалары” да бар экен. «Андай наамыңардын кереги жок, өздөрү берсе алам, бербесе албайм» дегем. Аны алып алсаң эртең балдарың, неберелериң чоңоёт. Эл ичинде «сенин атаң наамды сатып алган» деп айтылып турса, ошол сөз жакшыбы? Ал наамың балдарыңдын бетине көө болбойбу.

– Акындык өнөрүңүз качан башталган?

– Өзүм Таластын Талды-Булак деген айылында чоңойдум. Бакай-Ата районунда Чалдовар мектеп-интернатында окуп калдым. 5-классымда чымындар бир аз ойгонду. Адегенде айылды сагынып бир нерселерди чүргөп жазчумун.

«Чалдовар мектеп-интернат,

Чаар ала тоонун этеги.

Алыста жаткан айылыма,

Кыйкырсам үнүм жетеби?» деп эле жаза берсем, мугалимдер күлүп «Ой, сенден акын чыгат» деп күүлөй беришчү. Классташтарым жаңы жылдык майрамдарда мага ыр жаздырышчу. Өзүмдөн-өзүм оолугуп эле комузду үйрөндүм. Айылда комуз черткен киши өтө аз болчу. «Айылыңарда акынчылык кылган киши жок эле, сиз кантип чыгып кеттиңиз?» деп көптөр таң кала берет. Көрсө, каныбызда бар окшойт. Айылдагы аксакалдар «Ой, сенин атаң жамакчы киши болчу. Ал киши отурган-турган жеринде 3-4 сапты мындай эле айтып койчу» деп айтып калышат. «Мен өзүмө ишенем, мен үчүн деңиз тизеден» деп койчу дейт.

– Атаңыз тууралуу айта кетсеңиз.

– Атам Токтогул 1994-жылы каза болду. Ал убакта мен жаңыдан талпынып, филармонияда окуп, иштеп баштаган элем. Апам менен атам ажырашып кетип, атасыз чоңойдум. Өлөрүнөн бир ай мурун жолукканбыз. Филармонияга мени издеп келиптир. «Эшикте сени бирөө чакырып жатат» деди. Эшикке чыксам бир сары киши турат. Куду менин өзүм. Көрө элекмин да. Кучактап эле көз жашы менин далыма куюлуп кирди. «Айланайын балам, менин сага айта турган сөздөрүм көп. Апаң экөөбүздүн турмушубуз кандайча, эмне болгонун, баарын айтып берем. Мени атам деп ойлойсуңбу?» деди. «Атамсыз, атамсыз» дедим. Жатаканага ээрчитип бардым. Уруум, чоң аталарым жөнүндө айтып отурду. Чоң атам Кутманалы Кетмен-Төбөдө жылан чагып каза болуптур. Ал кишинин да төкмөлүк жайы бар экен. Анан «Мен ушуга эле келгем, балам. Сенин атагыңа кызыгып келген жокмун. Болгону өмүр баянымды айтайын дедим» деди.

– Сизди Саркашка десе таанышат. Бул каймана атты ким койду эле?

– Таластын Аманбаев деген айылында сел жүрүп, элдин көңүлүн ачуу үчүн Садык Шер-Нияз бардык акындарды алып барып концерт уюштурду. Кээде эргүү келе калат го. Дайыма эле төгүлө бербейсиң да. Эргүү келгенде жакшы сөздөр өзүнөн өзү чыгып кетет. Ошентип 40 мүнөттөй ырдадым. Ашыралы Айталиев агабыз «вообще то» деп сүйлөчү. Ал «Оо, «вообще то» Амантай мыкты. Саркашкам менин Саркашкам» деп ийди. «Эмнеге Саркашка деп жатасыз?» деп Садык сураса «Ой, мен буга Саркашка деп ат койдум. Илгери улуу акындардын ар биринин «кличкасы» бар болчу. Кара кунан, Сары кунан, Дулдул өңдүү. Мен Амантай баламды мындан ары Саркашка дейм» десе баары күлүп, ошондон кийин Саркашка аталып калдым. Сары – өңүмдү, кашка – тунук дегенди, бир чети сары кашка тулпарды билдирет. Мен бул атым менен сыймыктанам. Себеби улуу, залкар адам койгон.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.

– 26 жашымда үйлөндүм. Жеңең азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Эмир, Байтур деген 2 уулум бар, студент. Жеңең да комуз менен элдик дастандарды ырдачу. Кийин бала басты болуп калдык. Менин деле ашкан-ташкан бай туугандарым жок. Атадан жаш калдык. Жаңы үйлөнгөн жылдары аябай кыйналдык. Батирлеп 16 жыл жүрдүм. Мына, үй алам деп жатканда СССР тарап кетип, үй берилбей калды. 2004-жылы айтышта баш байгеге Жигули унаасын утуп алгам. Унаа ал кезде кымбат эле, ордуна 1 үй келчү. Аны 4200 долларга сатып, акчасына 8 сотых жер тилкеси менен 5-6 бөлмөлүү үй алгам.

– Бийликтин кемчиликтерин айта калып куугунтук жеген учурлар болобу?

– Болот. Бакиевдин учуру эле. Премьер-министр Чудинов болчу. 2010-жылы тил майрамында филармонияда чоң концерт уюштурулуп, өкмөттүк деңгээлдеги адамдардын баары келишти. Ошол жерден менин тилим кычышып кетти. Чудинов кызматка жаңы келерде «мен кыргыз тилин 3 айдын ичинде үйрөнүп, буюрса, кыргызча сүйлөйм» дебеди беле. Анын кызматка келгенине 3 жыл болуп калган. Ырдап келип эле:

Жетекчилик ишиңден,

Сиздин жетишкендик көп тилейм.

3 айда сүйлөйм дедиңиз,

Бирок 3 жылга мезгил жетти бейм

Бүгүн Чудинов сүйлөп кыргызча,

«Чудо» болсо деп тилейм,- десем баары каткырып күлүп калышты. Тамаша катары эле кабыл алса керек деп ойлодум. Чыксам эле артисттер «Ай, Амантай, кичине катуу айтып койдуң» дешти. «Азыр демократия, эмнеден коркобуз? Акындар илгертеден эле ачыгын айтышкан да» деп үйгө кетип калгам. Барсам эле үй телефон шыңгырап жатыптыр. Керим Турапов экен. Ал кезде биздин директор эле. «Эртең менен эрте мага кел, жумуш бар» деди. Эртеси келсем өңү бузулуп, ачууланып калыптыр. «Сен куудулданып, тапанданганыңды коё тур. Эмнеге премьер-министрге антип ырдайсың? Ал деген 2-киши. Баары бир аны эл башы деп коёт. Мына, жогору жактан улам чалып жатышат. Экөөбүз жаман-жакшы айтышпайлы. Булар тынчыганча 2-3 айга арызыңды жазып тур. Капа болбо, айланайын»,- деди. Арызымды жаздым да: «Эгер бийлигиңиз акындардын оозун ушинтип бууп жатса, анда демократия каякта? Бул бийлигиңиз деле алыска барбайт» деп кетип калдым.

– Кайра кантип филармонияда иштеп калдыңыз?

– Оозума Кудай сала бергендей, 3 айдан кийин революция болуп кетпедиби. 8-апрель күнү Керим Турапов телефон чалып «Амантай, тезирээк филармонияга келип кал» деди. «Эмне болду?» десем, «Эмне болгонун көрүп жатасың го, сени кетиребиз дегендер өздөрү кетишти. Таарынып келбей койбо, же шопурумду жиберейинби?» деди. «Жок, өзүм эле барам» деп барсам жакшы тосуп алды. «Баары бир экөөбүз чыгармачыл чөйрөдө жүрөбүз. Жүзүбүз бири-бирибизге жарык болсун деп атайын чакырдым. Мына, айлыгыңды көтөрдүм. Сен алигиче 2-категория менен иштейт экенсиң, жогорку кылып берем» деди. Ага чейин эмнеге аны ойлонгон эмес (күлүп)?..

– Ишиңизге ийгилик.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Амантай Кутманалиев: "Өкмөт башчыны кыргызча үйрөн деп ырдап коюп, жумуштан айдалгам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nurkyz1977
2018-08-07 10:42:24
Омурунузго береке,уй булоонузго тынчтык,ынтымак каалайм! Эки дуйно бактылуу болунуз. Сиздей таланттуу адамдар кобое берсин,атыныздар унутулбай туболук легенда болуп муундан муунга айтылып эл эсинен чыкпайсыздар. Ал эми бийлик менен байлык колдун кири дегендей Чудиновко окшогон чиновникти эч ким деле эстеп баалабайт. Таланты бар адам эч качан олбойт деп бекер айтылган эмес.
+8
monster_high_98
2018-08-07 14:33:06
Демократия дегени менен куудул, токмо акындарга эле асылып журо беришет,чындыкка чычалашып!Озу чындыкты ушулар эле жеткирет
+5
salimbek87.kg
2018-08-07 20:27:24
Ишиңизге ийгилик Амантай байке .супер Аалы Туткучевтен интервью алгыла
+4
nur007mir009kg
2018-08-11 00:04:47
Акындар кана чындыкты айтышат да. Бирок этияттагыла! Биздин чоңдор чындыкты айткандарды эле тынчытып көнүп калышкан, тым тым кылып.
+1
Meerman
2018-08-11 19:55:37
Aaly Tytkuchevten interviu algyla
0
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан