Неля: «ЧЫГЫШ ЖОМОГУН ЭЛЕСТЕТКЕН ӨЗГӨЧӨ КОНЦЕРТ БОЛОТ»

– Неля, сени менен катар сахна босогосун аттагандардын бир эмес, эки жолудан концерт бергендери болду. Сен эмнегедир жеке концертиңди бергенге ашыкпаптырсың.
– Менин сахнага чыгып, ырдай баштаганыма бир жарым жылдай болуп калыптыр. Мен ушул убакка чейин өзүмдү жеке концерт коюуга даяр эмесмин деп эсептеп жүргөм. Азыр деле жүз пайыз даярмын деп ойлобойм. Ошентсе да колдон келишинче келген элге өзгөчө майрамдык маанай тартуулаганга аракет кылып жатам.
– Концертиңден кандай өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?
– Менин концертим алпаруучу чыгып, ырчыларды кезеги ме­нен чакырган тартипте эмес, чыгыш жомогун элестетип, театралдаштырылган түрдө өтөт. Бул максатты ишке ашырууга мага “Дем” театрынын жигиттери жардам беришет. Дагы бир өзгөчөлүк катары мени эсепке албаганда жалаң эркек ырчылардын катышаарын айтып кетсем болот. Ошондой эле концертке катыша турган жигиттердин баарынан чыгыш стилиндеги ырлардан ырдоосун суранып жатам.
– Эмне үчүн жалаң эркектер катышат? Ырчы курбуларың таарынып калышпайбы?
– Менин башынан бери эле ушундай максатым бар болчу. Жалаң эркектер ырдап, кыздардан мен гана ырдасам, ошондо мен дароо эле башкалардан өзгөчөлөнүп көрүнөм. Ушул максатта ырчы кыздарды катыштырган жокмун. Сиз айткандай таарынгандар да болбой койгон жок.
– Концертти уюштуруу продюсериңдин моюнундабы же өзүңдүнбү?
– Тынчтык байке эки радионун жумушун көтөргөндүктөн, убактысы тартыш болуп жатат. Ошондуктан, мен дагы аны эле карап отура бербей, өзүм чуркап, уюштуруу жагынын көп бөлүгүн моюнума алгам. Концерт уюштуруу үчүн бир-эки адам аздык кылат экен, ошондуктан, башка жардамчыларым да бар.
– Эми оюңдагыны элге көрсөтүү үчүн канча пайыз даярмын деп ойлойсуң?
– Даярдык жүрүп эле жатат. Азырынча 70-80 пайыз даярмын. Мындай иште каражат да суудай эле кетет экен. Өзүм отура турган чыгыш стилиндеги аябай кооз замбар жасаттым. Ошонун жасалышы эле бир канча долларга турду. Албетте, кеткен чыгымга ичим ачышкан жок. Ошонун үзүрү да болушуна ишенем.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан