6 ЖАШАР КЫЗДЫН АПАСЫ: «КЫЗЫМДЫ ӨГӨЙ АТАСЫ КОРДОП ЖҮРҮПТҮР»

"6 жаштагы кызыма өгөй атасы жарым жылдан бери зомбулук көрсөтүп жүрүптүр" деп бизге Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну кайрылды. Анын айтымында, кылмышка шектелген күйөөсү качып кеткенге аракет кылып кармалган. Бирок учурда боштондукта жүрөт. Биз ар тараптын жообун угуп көрдүк.

“КҮЙӨӨМДӨН КОРКУП ҮЙГӨ БАРА АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ”

Кызынын абалына жүрөгү чыдабаган апасы “ыплас аракеттер жасалган болсо, күнөөлүүлөр эркиндикте жүрбөшү керек эле” деп нааразы:

– Мен биринчи турмушумдан ажырашып, кызымды жетелеп экинчи ирет турмушка чыктым. Экинчи күйөөм кызыма жакшы мамиле жасачу. Бейбаштык кылса гана бир аз катуу сүйлөгөнү болбосо, кол көтөргөнүн көргөн эмесмин. Ушул жылдын жаз айларында күйөөм экөөбүз таарыныша кетип, ал иштегени Москвага кетти. Ошондо гана анын кызыма ыплас аракеттерди жасап жүргөнүн билип жатам.

Кызым бир күнү өзү теңдүү бөлөлөрү менен ойноп жатып, “мен ооздон өпкөндү жакшы көрөм” деп айтыптыр. Муну угуп, “сага ооздон өпкөндү ким үйрөттү?” деп сурасам, айтпай койду. Эртеси күнү тамак ичип отурганда кызымды алдап чакырып сурай баштадым. Кызымдын “атам үйрөткөн” дегенин угуп алып нес абалда калдым. Ушундай кантип болмок эле деп ишене албай, башка суроо бере алган да жокмун. Эртеси күнү гана дагы эмнелерди кылып жүргөнүн сурасам, үч уктасам түшүмө кирбеген нерселерди айтып берди. “Сиз жумушка кеткенде мени урчу. Уят видеолорду коюп берип, “жакшылап үйрөн, апаң жумушка кеткенде сен экөөбүз ушундай кылабыз” дечү” деп айтып берди.

Андан башка да ыплас аракеттерин айтып берди. Каршы чыкса, урчу экен. Бир ирет башка чапса, башы сандыкка тийип катуу ооруптур. Байкушум, кордук көрүптүр. Качып кетейин деп караңгыдан, иттерден коркчу экен. “Апаңа айтсаң, сени, апаңды кошо өлтүрүп көмүп кетип калам. Силерди эч ким таппай калат” дептир.

Мындай аракеттер жарым жылдай уланыптыр. Байкабай жүргөнүмдү карасаң. Ошол маалда кызым мектепке чейинки даярдоо классында окучу. Мугалими "кызыңыз башында активдүү болчу. Азыр маанайы суз болуп, сабактарга көңүл бурбай калды" деп айткан эле.

Анан 20-мартта Сокулук РИИБине арыз жаздым. Соттук-медициналык экспертиза даярдалды. Бирок анда кызымдын денесинин баары таза чыкты. Бул көп убакыт өтүп кеткендиктен болушу да мүмкүн. Психологго көрүндүк. Кызымдын документтери жок болгондуктан соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өткөрө элекмин. Кызым төрөлгөндө паспортумдун мөөнөтү өтүп кетип күбөлүк ала албай калгам. 30-июлда күбөлүк алдым. Эми экспертизадан өткөрөбүз.

“КАЧАМ ДЕП КАРМАЛЫП КАЛДЫ”

– Бул иш боюнча күйөөмө карата “14 жашка толо элеги белгилүү болгон адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттерди жасаган” деп кылмыш иши козголгон. Май айынын аягында 2 жарым жашар балам кайнак сууга күйүп каза болуп калды. Уулун жерге бергенге 18-июнда күйөөм учуп келип, аны милиция кызматкерлери аэропорттон кармап кетишти. Баламды акыркы сапарга узатуу үчүн аны 2 кызматкердин коштоосунда бир күнгө коё беришмек. Бирок эмнегедир кайра өзүн жалгыз эле 3 күнгө коё беришиптир. Жолдошумдун айтканына караганда, ал милиция кызматкерлерине 15 миң рубль берип, 3 күнгө уруксат алыптыр. Анан ошол убакытта ал качканга аракет кылды. Өзүнүн документтери милицияда болчу, инисинин паспорту менен Казакстанга өтүп баратканда кармалып калды. Ошондо анын үстүнөн “документ жасоо”, “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, камалган. Кийин кайра эле бошоп кетиптир.

Күйөөмдү эркиндикке коё бербеши керек болчу. Азыр кызым экөөбүздүн коопсуздугубуз мени ойлондуруп жатат. Үйгө баргандан коркуп, тааныштарымдын үйүндө жашап жатам. Күйөөмдөн көп нерсени күтсө болот. Анткени ал мага үйлөнгөнгө чейин 2 жолу абакта отуруп чыгыптыр. Адам өлтүргөндөн кайра тартпайт. Ал өзү “бул берене менен камалганча, адам өлтүрүп отурганым жакшы” деп айткан.

“КЫЗ КАЛП АЙТКАН ЖОК”

Жабырлануучу кыз 2 жарым ай ЮНИСЕФтин зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборунда реабилитациядан өткөн. Аны менен иштешкен психолог Наргиза Субаналиева кыз эч нерсени оюнан чыгарган эмес дейт:

– Мен ал кыз менен 2 жарым айдай иштедим. Башында баланын психикалык абалы оор болчу. Депрессияга кабылган, корккон абалда, түнт болчу. Аны депрессиялык абалдан чыгаруу оор эле. Алгач кыз отургучка отургандан да коркчу, жамбашы ооручу экен. Кыздын айтканына караганда, ага өгөй атасы кыйнап порно тасмаларды көрсөтүп, анан көргөндөрүн кайталоону талап кылыптыр. Зордуктоо да болгон. Кыз болгондорду майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди. Чоңдор үйрөтүп коюшкан же кыз оюнан чыгарып жаткан жокпу деп атайын психологиялык оюндардын жардамы менен да текшерип көрдүм. Жок, кыз алдабаптыр. Эгер бирөө тарабынан үйрөтүлгөн болсо, кыз мынчалык майда-чүйдөлөрдү айта албайт болчу.

Өгөй атасынын мындай аракеттери жарым жылдай уланган. Атасы бирөөгө айтса өлтүрүп коёрун айтып коркутуптур. Анан атасы Москвага кеткенде гана коопсуздукту сезип, апасына айта алган.

Үйүнө коноктор келип, ал кыз конокко кошо келген жаш балдар менен чоң адамдардай болуп оозунан өбүшкөн экен. Ошондо аны чоңдор байкап калып, сурап башташканда билинген. Соттук-медициналык экспертиза муну тастыктай албаганы таң калычтуу эмес. Анткени окуядан кийин 2 айдай убакыт өтүп кеткен, жарааттар айыгып калган. Азыр кыздын абалы жакшырып калды. Эми кайрадан анын жараатын козгобош үчүн соттук процесстерге өзүн катыштырбаганга аракет кылабыз.

“КЕЛИНЧЕГИМ МЕНДЕН КОРКУП ЭЛЕ ЖАЛАА ЖААП ЖАТАТ ОКШОЙТ”

Бул окуя тууралуу сурап кыздын өгөй атасына да байланыштык:

– Келинчегим экөөбүздө келишпестиктер уулум каза болгондон кийин башталды. Ушуну менен экинчи ирет баламдан айрылып жатам. 2010-жылы да уулум ооруп бизди таштап кеткен. Баламды жоготконумда ачууга алдырып келинчегиме “баланы күйгүзүп алгандан көрө өзүң өлүп калсаң болмок” деп айткам. Ата-эне баланы карашы керек. Бирок кайра катуу сүйлөп алдым го деп ичимден жаман болуп калгам. Кудай берди, кайра өзү алды деп өзүмдү сооротуп жүргөм. Келинчегим минтип силерге кайрылып, өзүн-өзү актап, менден качып жаткан болсо, анда кандайдыр бир күнөөсү бар. Демек, баланы ал өлтүргөн. Же үйгө камап кетип калган. Бул тууралуу ар кандай варианттарды угуп жатам. Бирок аныгын билбейм, ошондуктан күмөн санап аялым менен урушуп жаткам.

133-берене эмне экенин да билбейм. Сиздерге жеткен маалыматтар жалган. Андай эч нерсе болгон эмес. Сиз айтып жаткандай иш болсо, анда мени камап коюшмак да. Бирөөгө жамандык кылган эмесмин. Жакшы эле жашап келатканбыз. Акча таап, үй-бүлөмдү багайын деп Москвада иштеп жүргөм. Үй-бүлөмдү да Москвага чакырып алайын деп жаткам. Кызым менен мамилем жакшы болчу. Сүйлөшүп турчумун. Мен үй-бүлөмө карата катуураакмын. Мени уруп коёбу же башка нерсе кылып коёбу деп коркуп, келинчегим мага жалаа жаап жатат окшойт.

Уулумдун каза болгонун укканда дароо эле келе калгам. Орусияда бүтпөй калган иштерим бар эле. Аларды бүтүрүп келейин деп, качпай эле кетип бараткам. Ал эми документтерге келсек, өз документтерим менен ал өлкөгө кире албай калыптырмын. Каттоодон ката кеткенби же Москвада жасалма каттоо менен жүргөнмүнбү, билбейм. Ошол себептүү инимдин документтери менен барып келе калайын дегем. Бирок кармалып калдым.

“БУГА ЧЕЙИН ЭКИ ЖОЛУ СОТТОЛГОН”

Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова буларды айтып берди:

– 2018-жылдын 20-март күнү Ж.Э. аттуу Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын 1992-жылы туулган жашоочусунан 24-март күнү Сокулук РИИБине арыз түшкөн. Ал өз арызында "1984-жылы туулган М.К. аттуу жарандык никедеги жолдошу 2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын февраль айына чейин 6 жаштагы кызына эркине каршы ыплас аракеттерди жасап жүргөн" деп арызданган. Аталган факт боюнча Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (14 жашка толо элеги белгилүү болгон адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "кыздын денесинде жарааттар табылган эмес, кыздыгы жана көтөн чучугу жабыр тарткан эмес" деген корутунду чыккан. Соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. Бирок кыздын эч бир документи жок болгондуктан аталган экспертизаны өткөрүү убактылуу токтотулган. Экспертизанын жыйынтыгы менен ишке юридикалык баа берилет. Эгер кыздын алдабаганы, кандайдыр бир зомбулукка кабылганы тастыкталса, ошого жараша тергөө уланат. М.Кны суракка алганда, ал эч кандай ыплас аракеттерди жасабагандыгын айткан.

2018-жылдын 21-июнь күнү ушул эле жаран “Ак-жол” көзөмөл өткөрүү пунктунан жасалма документ менен кармалган. Сокулук РИИБи анын үстүнөн “жасалма документтер менен чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп кылмыш ишин козгоп, соттун чечими менен ал 1 айга камакка алынган. Бир ай өткөн соң тергөөчү айыпкерди камакка алуу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн келтирген. Бирок сот тарабынан өтүнүч канааттандырылбай, ал үй камагына чыгарылган. М.К. буга чейин баңгизатын сактоо жана сатуу беренеси боюнча 2 ирет соттолгон.

Кыз менен иштешкен психолог кыздын зордук-зомбулукка кабылганын тастыктап жатат. Бирок кыздын өздүгүн тастыктоочу документтердин жок болгонуна таяп милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзбөй жатышат. Бул окуянын жыйынтыгына дагы кайрылабыз.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
ikitaidesu
2018-08-07 14:03:35
1-турмуштан бала менен ажырашкандар башка турмуш курбай эле койгула... Балдарды тарбиялап жакшы жашагыла!
+18
Biinura
2018-08-08 10:27:33
ikitaidesu,туура! Баштан отту. Уулум жер коз болуп калды.
+7
monster_high_98
2018-08-07 14:44:03
Далилден дагы документ бийик турабы? Бизде качан мыйзам иштейт,адам адамды олтуруп жатса дагы документ деген нерсени шылтоолоп жинди деген справкасы бар экен чыгарыш керек деп бошотуп салышат.Документи барбы жокпу,далилге таянбайбы, психолог деле тастыктады,бангилер озу ХХХ болот да
+2
Shahrizaada
2018-08-07 15:10:29
Кыз чонойтуш ото эле коркунучтуу болуп баратат го кундон кунго.
+12
Guli.89
2018-08-07 17:02:50
Тооба кылдым озун сактай кор кудай..кандай заман болуп кетти...
+8
kolyn
2018-08-07 17:47:21
Жаш балдарга интим асылгандар уже касал адамдар...,тооба,тооба
0
Bayanova
2018-08-07 18:47:05
Ушундай педофилдерге каттуу мыйзам чыгабы же жокбу? Жок болсо эл озу эле ХХХ ХХХ Кызды чонойтуп турмушка узатыш кыйын болуп бара жатат! Милиция, газета, прокуратура болуп журуп же ХХХ ХХХ
+5
admin_media
2018-08-08 10:45:47
Bayanova, этика нормаларына туура келбеген, провокация жараткан билдирүү калтырууга тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү!
-3
Tiken
2018-08-08 00:34:45
ХХХ Ушинтип балдарындын тагдырын извращенец огой атага кордоткуча эрге тийбей так откон жакшы...
+1
admin_media
2018-08-08 10:47:32
Tiken, порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз!
0
Biinura
2018-08-08 10:28:25
2 жолу соттолгонун билип неге тиет? Озундо да бар.
+1
pomposh
2018-08-08 10:38:14
тобоо кылдым. Эркектерге ыйман берсин.
0
Aisle
2018-08-08 16:13:45
мен дагы кичинемде кабылдым ушундай окуяга балдарынарды бироого ата эненерге дагы таштабагыла..бироо баары бир бироо..экинчи турмушка чыкпай эле койгула аялдар эгер баланар боло турган болсооо..
+7
faraon312
2018-08-10 20:11:44
Жараткандын жазасынан кутула албас...
+1
dina
2018-08-11 00:03:37
Жасалма документ менен чыгып кетем деп кармалгандарга эч кандай жаза жокпу?
+1
nuriwka
2018-08-12 00:07:20
Каждый третий педофиль болуп кеткенби эмне... оо Аллах эки баламды ата энеме таштап чет жака барып иштейм деп коем дагы. Минтип мага окшоп 2 бала сы мн ажырашкандар кантебиз анан????? Эххъъ.......
+1
nargiza1986
2018-08-12 18:42:42
Куноо энесинде! Кантип кызынын журум-турумун байкабайт. Демек жакшы караган эмес.
0
AKCAHAT
2018-08-13 17:20:41
Балалуу айрыкча кыздуу энелер кайра кайра турмушка чыга бергенди койгулачы. Канчалаган бобок кыздар запкы жеп жатат. Бир аз кызынар чонойгондо деле тийип улгуросунор.
+1
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан