АЗИЗ МУРАДИЛЛАЕВ, актёр: “АКТЁРДУК – ӨТӨ КЫЙЫН, КАЙТАРЫМЫ ЖОК КЕСИП”

Заманыбыздын мыкты актёру Азиз Мурадиллаевдин ден соолугун сурап, акыркы жаңылыктарын бөлүшүү үчүн сөзгө тарттык. "Азиз катуу ооруп жатат, жардам керек" деген кабар элдин үрөйүн учурган эле. Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актёрго колунан келгени каражат чогултуп, келбегени тынчсызданып дуба кылышкан. Бактыга жараша, ал ооруну жеңип, учурда эмгектенип жүрөт.

– Азиз байке, ооруп жүрдүңүз эле, азыр абалыңыз кандай?

– Рахмат, Кудайга шүгүр, жакшымын. Колдон келишинче дарыларды ичип, дарыгерлерге көрүнүп турам.

– Азыр эмне менен алек болуп жатасыз?

– Чоң долбоор деле жок, анткени “Курманжан даткадай” тасмалар жыл сайын эле тартыла бербейт эмеспи. Эмгек өргүүсүндө жүргөм. Жакында Көчмөндөр оюндарынын ачылышында жана жабылышында театралдык көрсөтүү болот, учурда ошого даярданып жатабыз. Кинолорго, видеороликтерге тартылып эле жүрөм.

– Ийгиликке жеткен ар бир эркектин, ал актёрбу, саясатчыбы, ырчыбы, аркасында аялзаты турат дейт. Сиздин артыңызда апаңыз да, аялыңыз да турат. Кимисинин салымы чоң?

– Экөөнү бөлүп айтыштын кажети жок, менимче. Экөөнүн тең салымы бар. Апам мени өмүр бою эле карап-багып келе жатат, эненин эмгегин бир нерсе менен өлчөй албайсың. Аялым болсо үйлөнгөндөн бери мага уулдарды төрөп берип, жанымда ысык-суукту бирдей көтөрүшүп жүргөнү эле канча? Ал башка маселе. Бирок мен бул айтылып келе жаткан сөздүн өзүнө бир аз башкача өңүттө карайм. Мисалы, сүрөтчү дейли, ал бир чоң эмгек жаратты. Аялы же энеси келип ага “калемиңди түз карма, мындай тарт, тигиндей тарт” деп жанында турушкан жок да. Же алар тартып тиги сүрөтчүнүн атын ылдый жагына жазып коё алышпайт. Сүрөттү жараткандай эле ийгиликти эркек өзү жаратат. Болгону аялзаты анын аркасында туруп, колдоп, түшүнүү менен карап, керек болсо өзүнүн кызыкчылыгын курмандыкка чалып турганы – анын салым кошкону.

– Сиздин үй-бүлөңүздү актёрлордун династиясы десек болобу?

– Атам, апам, келинчегим, мен ушул Кыргыз драма театрында эмгектенип келе жатабыз. Азыр апам, келинчегим болуп баарыбыз чогуу жумушка келебиз. Кечинде кайра чогуу кетебиз. Дайыма чогуу жүрбөйбүз, ар бирибиздин ар түрдүү иштерибиз бар. Бириники спектакль башка, бириники репетиция.

– Династияны улантуучулар барбы?

– Азырынча аны билбейм. Улуу балам башка кесипти тандады. Кичүүсү азыр мектеп жашында. Кээде “актёр болом” десе, кээде “ашпозчу болом” деп калат. Мага кандай кесипти тандаса да өз эрки менен, өз каалоосу менен тандаганы маанилүү. Актёрдук – өтө кыйын, кайтарымы жок кесип. Ушунча жыл окуйсуң, мисалы, мен Кыргызстанда 3 жыл, Орусияда 4 жыл окуп келгем. Канча бир жыл иштейсиң, ролду чыгарам деп алпурушкан эмгегиң канча? Бирок материалдык жактан орто да эмес, төмөн жашайсың. Сол жактан акча жасай албайсың, “ушул ролду жакшы ойноп берчи” деп бирөө мага пара бермек беле (күлүп)? Толгонуп эле эмгектене бересиң. Мындан пайда чыкпашын сезип турсаң дагы, тер төгө бересиң. Бирок бир нерсе бар экен, эл сени кабыл алганын, баалаганын сезүү. Бул баалуу нерсе, менимче. Ооруп калганда элдин колдоосун аябай сездим. Элдин батасы менен деле айыгып кеттим болуш керек. Тааныган, тааныбагандын баары эле тынчсызданып, айыгып кетишимди тилеп жатышты. Кубандым. Демек, кылган ишим текке кетпептир, кимдир бирөөлөрдүн жүрөгү аркылуу өтүптүр. Мен элге керек турбаймынбы деген ой кетти. Бул өзүм үчүн бир чоң ачылыш болду.

– Кайсы бир убакта сиз маданият министри болуп калсаңыз кантип бул абалды оңдойт элеңиз?

– Кыялданып көрөлүбү (күлүп)? Ким келсе да "муну жасап жибермекмин, кыйратмакмын" деп келет. Бирок ал жактын да жазылбаган мыйзамдары бар болсо керек. Өйдө жакты угасың, өзгөртүп жибергиң келсе да мүмкүнчүлүк болбойт. Көзүм жетпейт, эмне кылып оңдоп жибермекмин. Бирок актёрлордун каражат жагын биринчи ойлонот элем. Анткени нечен жылдан бери ошол нерсе менен жашап келе жатпайбызбы.

– Актёрдуктан башка да каражат булагыңыз барбы?

– Кайдан болсун, бизнеске деле старттык капитал керек да. Биздин маянага банктан насыя да ала албайсың. Бешенеге жазган ырыскы менен эле келе жатабыз. Балдарды окутуп тиричилик кылып дегендей.

– Чет жакка чыгып калганда башка жактын актёрлору менен биздин актёрлордун кандай айырмасы бар?

– Айырмасы – биздики кедей. Бирок талант жагынан кимди болбосун артка таштайт.

– Сизди мен “Сүйүү сынагы” деген тасмадагы ролуңуздан улам тааныгам. Ошол ролуңуз менен Алымбек датканы аткарган ролуңуздун ортосунда канча жыл бар? Кайсынысы сизди белгилүү кылды?

– Сиз ал ролумду эстейт экенсиз. Айрымдардын эсинде “Чиркин өмүр”, Апамдын махабаты”, “Президент жана бомж” тасмалары аркылуу калгам. Бирок Алымбек датканын ролунда көбүрөөк жоопкерчилик болду. Алымбек датканын ролун алып калганым өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Мен негизи өзүмдү тарыхый тасмаларга, андан да Алымбек датканын ролуна жарабайт болушум керек деп ойлоп жүргөм. Кастингге бардым, айтканын аткарып, өтүп кеттим. Бул тасмага тартылып калганым үчүн, ролум үчүн режиссёр Садык Шер-Ниязга ыраазычылык билдирем. Колдоо көрсөтүп турду, айтор, жакшы иштештик. Бирок мени кайсы ролум белгилүү кылганы талаш маселе го. Анткени ушуга чейин “Курманжан датканы” көрбөгөн адамдар да бар.

– “Дем” театры сиздин актёрдук кесибиңизде кандай роль ойноду?

– Мен “Дем” ачылгандан бери эле иштеп келем. Ооба, чыгармачылыгымда жакшы роль ойноду. Ар башка жанрда ойношума түрткү берди. Чектөө жок, эркин, түрдүү ролдорду ойнодум. Мындагы актёрдук курам аябай күчтүү. Билимдүү кесипкөй актёрлор. Алар менен жүргөндө жашоонун башка бир түстөрү ачыла түшкөндөй болот.

– Мезгил менен сыналган досторуңуз барбы?

– Досторум көп. Күндө көрүшүп, сырдашып жүргөн досторго жетпейт. Мезгил менен сыналган жакын ишенген досторум бар. Биринин атын атасам, экинчиси таарынып калат, ошондуктан аттарын атабай эле коёюн.

– Аялыңыз менен 18 жашыңызда үйлөнгөн экенсиз. Ошол убактан бери сүйүүңүз кандай жагына өзгөрдү?

– Жаш кездегидей романтика азайып калат. Бирок жүрөктү жылыткан башка бир жакындык пайда болду. Бир туугандай десе да болобу? Айтор, кыйбай турган бир адам болуп калат экен. Сүйүүбүз достукка, бир туугандыкка, жакындыкка өзгөрдү. Бирок ошол сүйүү деген аты менен эле калды (күлүп).

– Тун уулуңуз чоңоюп калыптыр, чоң ата болчу мезгил деле келип калыптыр, бул ролго кандай даярданып жатасыз?

– Буюрса, ал күн да келер, заманбап чоң ата болсом керек.

– Маегиңизге рахмат, оорубаңыз, оорусаңыз таарынабыз...

""Жылдар өтүп сүйүүбүз романтикадан кыйбастыкка айланды".
"Эс тарткандан театр менен чоңойдум".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Актёр Азиз Мурадиллаев: "Актёр болбосом бизнесмен болмокмун"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
bibi87
2018-08-07 13:03:52
Ден соолукта болунуз! Дагы да коп образ жаратыныз
+6
elish1101
2018-08-07 14:23:50
Талантуу актер сыйлайм ден соолугу бекем үй-бүлөөсү менен бактылуу болсун.
+7
monster_high_98
2018-08-07 14:28:46
Омурунуз уууузуун эле болсунчу,
+6
Nanei
2018-08-07 18:01:02
Арак ичпениз биринчи кезекте
+1
Arzu.kg
2018-08-07 18:22:56
Азиз ага кудайым сизге бекем ден соолук, узун омур, уй булоонузго бактылуулук берсин.
+4
nurkiyal
2018-08-08 00:34:56
Админ актер Абдыкалык Акматов жөнүндө да жазып койгулачы сураныч
+1
admin_media
2018-08-08 10:39:26
nurkiyal, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
happy15
2018-08-08 15:50:41
admin_media,Админ Азамат Арыковду да чакырсанар конокко или интервью .
+1
Jango
2018-08-08 12:47:27
Ушул актёрду баалаймын мен омурунуз узун болсун
+3
aqua-94mema
2018-08-08 14:35:48
Чын ден соолук каалайм мыкты актерлордун бири
+3
Astrushka
2018-08-08 20:48:44
Азиз мырза,актёрлордун эн атактуусу,кандай роль болбосун эн жогорку денгээлде аткарат,ден соолук берип омуру узун болсун
+3
blackStar
2018-08-08 23:33:29
Ден-соолукта болуңуз. Рольдорду ийинине жеткире аткарасыз
+2
Jakjakynas
2018-08-09 15:24:41
Ден соолук, ийгилик, тынчтык, бакыт, амандык тилейм. Бар болунуз кыргыздын чыгаан жигити. Алга
+2
MKW.MYRZAiYM
2018-08-10 14:10:17
Уй-булобуз мн чыгармачылынызды сыйлайбыз. Дагы мыкты ролдорду жарата бериниз, уй-булолук бакыт, ден-соолук каалайм!
+1
Nadyrbekkg
2018-08-11 20:36:02
Мен сизди сыйлайм кучтуу актерсуз.
+1
Gulnyr19
2018-08-11 22:10:27
Эч качан оорубаңыз менда сизди сиздин талантыңызды сыйлайм. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
+2
Strawberry
2018-08-12 09:31:19
Кучтуу актёр. Омурунуз узун болсун,эч качан оорубаныз!
+2
№ 822, 3 - 9-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан