САПАРДАГЫ ӨЛҮМ. ТАЖИКСТАНДА ТУРИСТТЕР ӨЛТҮРҮЛДҮ

Ушул жылдын 29-июлунда Тажикстанда велосипед менен жер кезип жүргөн туристтерге кол салуу болуп, 7 туристтин 4өөсү өлтүрүлгөн. Тажикстандын күч түзүмдөрү бул кылмышты жасаган адамдардын кээ бирлерин колго түшүрсө, айрымдары кармоо учурунда өлтүрүлдү.

ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫЛМЫШ

2018-жылдын 29-июль күнү болжол менен 15:30дар чамасында куралданган кылмыштуу топ Тажикстандын Дангара районунун аймагында чет элдик туристтерге кол салган. Алар Куляб – Душанбе унаа жолунда велосипед менен бараткан 7 туристти Daewoo Leganza унаасы менен тебелетип өтүшкөн. Андан соң бычак, балта менен куралданган кылмышкерлер унаадан түшүп, жаракат алган туристтерди чаап, сайып, кылмыш болгон жерден из жашырып кетишкен.

Алган жаракаттарынан улам 4 киши: АКШнын 2 жараны – Аустин Жей жана Лаурен Анне Мунотс, Нидерландынын жараны Воке Рен Вилльем, Швейцариянын жараны Хамел Маркус каза болгон. Ким Айрис жана Дименд Мари Клер аттуу швейцариялыктар жаракаттары менен ооруканага жеткирилсе, шериктеринен артта калып калган Казабат Гуиллаюм Жеан аттуу франциялык жабыр тарткан эмес.

БАШЧЫСЫ КАРМАЛЫП, МҮЧӨЛӨРҮ ӨЛТҮРҮЛДҮ

Бул кылмышты иликтөө үчүн Тажикстандын Башкы прокуратурасы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, иш алпарган. Башкы прокуратура тарабынан “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Көп өтпөй жергиликтүү тургундардын жардамы аркылуу Дангара районунун Торбулок айылында Daewoo Leganza унаасы табылып, ичинен кандын тактары бар бычак жана балта табылган. Ошол эле түнү кылмыш кылган топтун башчысы Хусейн Абдусамадов кармалып, кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн өлтүрүлгөн.

ТЕРРОРДУК УЮМДАРДЫН ТИЕШЕСИ

Тергөө учурунда бул кылмыштуу топтун башка да адамдар менен байланышы болгондугу аныкталып, Нурек шаарынын 10 тургуну кармалган. Анын экөөсү топтун башчысы Абдусамадовго каржылык колдоо көрсөткөнгө, калганы теракттын даярдалып жатканын билип туруп укук коргоо органдарына айтпагандыгы үчүн айыпталышууда.

Бул кылмышты уюштурганын “Ислам мамлекети” террордук тобу моюнуна алды. Бирок тажик бийлиги кол салууга “Ислам кайра жаралуу партиясы” уюмун айыптоодо. Аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө 2015-жылы Тажикстанда тыюу салынган. Кылмыш тобунун башчысы Хусейн Абдусамадов сурак учурунда 2014-2015-жылдары 4 жолу Иран өлкөсүнө барып идеологиялык жана диверсиондук даярдыктан өтүп келгендигин, ал жерде “Ислам кайра жаралуу партиясынын” катарына киргендигин айткан.

Ал эми Тажикстанда чуу түшүрүп, коопсуздукка коркунуч келтирүү максатында кылмыш кылууга буюртма берген деп 2015-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн “Ислам кайра жаралуу партиясынын” активдүү мүчөсү "Кори Носир" каймана аттуу Носирхуджа Убайдов айыпталууда.

ТУРИСТТЕРДИН ЭКӨӨСҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ 1 АЙДАН АШЫК КЫДЫРЫШКАН

Кандуу кылмыштын курмандыгы болгон туристтер Тажикстанды аралап жүргөндө жолугуп, бирге жол улап баратышкан экен. Бардыгы көптөн бери велосипед менен дүйнө кезип келишкен. Алардын экөөсү: америкалыктар Аустин Жей менен Лаурен Анне Мунотс велосипед менен Жер шарын кыдырып келүү үчүн өткөн жылдын июль айында жолго чыгышкан. Буга чейин алар Африканы, Европаны кыдырып, быйыл Борбордук Азияда саякаттап жүрүшкөн. Чыгыш Азия жана Австралияда болгон соң үйлөрүнө кетүүнү пландашкан экен. 25-июлда Тажикстанга баргыча Казакстан менен Кыргызстанда да болушкан. Биздин өлкөдө 1 айдан ашуун убакыт жүрүшкөн бул туристтер Instagram баракчасына Кыргызстандагы саякаты тууралуу өз пикирлерин жазып, кооз жаратылыш сүрөттөрүн жүктөп турган.

ЭМИ ТУРИСТТЕРДИ МИЛИЦИЯ КОРГОЙТ
Өз өлкөсүнө туристтерди тартууга аракет кылган Тажикстанда 2018-жыл – Туризмди өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Өткөн кылымдын 90-жылдарында болгон жарандык согуштан кийин Тажикстанга туристтердин агымы токтоп калган. Террордук уюмдар жок кылынып, айрымдары Ооганстанга жер которуп кеткенине байланыштуу коопсуздук калыпка келип, акыркы жылдары туристтер көп келе баштаган. Ушул жылдын 5 айында өлкөгө 900 миңдей чет өлкөлүк турист келген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 эсеге көп. Туристтердин өлүмүнөн кийин тажик бийлиги туристтерди коргоо боюнча ИИМде атайын бөлүм ачуу боюнча чечим кабыл алды.

Тажикстанга коңшу Ооганстандын бийлиги өлкө ичиндеги террордук уюмдарды көзөмөлдөй албай келет. Ушул жылдын май айында Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали Ооганстандын Тажикстанга чектеш Балх, Кундуз жана Бадахшан провинцияларында жайгашкан 29 машыгуу базасына 7 миңдей талибдер алынып келингенин билдирген. Эгерде алар Тажикстанга өтүп кете турган болсо, биздин өлкөгө да коркунуч жаратышы толук мүмкүн.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Missing-u
2018-08-14 09:44:17
Американы оло жаман корушот экенда булар,ушундай туристтерди тынчы деп ойлошуп. Жапайычылык...
+5
admin_media
2018-08-14 15:22:41
Ulan8383,Djumaev0mur, башкалардын улутун, динин кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
+2
Miss.erkewka95
2018-08-15 14:11:44
Очень очень очень жаль...
+1
AKCAHAT
2018-08-16 15:36:43
Эми карап байкап коргуло, эчтеке мн иши жок дуйно кезип ан сезимин остургон, башка олколордун маданыятын, элдерин коруп, оз алдынча жургон адамбы же кудай деп берилип адамдардын малча себеби жок сойгондор адамбы?
+6
JOM
2018-08-17 09:10:20
AKCAHAT,сиз да бул кылган адамдардай адашпаныз,
Мусулман адам терорист боло албайт,терорист мусулман боло албайт,сиз да билесиз дин эмне экенини.а эгер диндегини кылбай жатышса демек ал туура эмес иш
-2
№ 823, 10 - 16-август, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан