ЧОЛПОН ЧОТБАЕВА

– Чолпон, качантан бери ыр дүйнөсүнө аралашып келатасың?
– Кичине кезимден эле ырга, бийге жакын болчумун. Чоң сахнага чыгып ырдасам деп кыялданганым да эсимде. Чыгармачылыкка баш-отум менен өткөн жылдын август айынан тартып аралаша баштадым. Негизи, ыр дүйнөсүнө аралашып калганыма эжелерим себепкер болгон. Менден улуу эки эжем музыкага абдан жакын болушчу. Аларга таасирленип, мен дагы ырдап калчумун. Үчөөбүздүн “трио” болуп ырдап чыгалы деген планыбыз да бар эле. Бирок,“ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, экөө тең турмушка чыгып кетишкен соң чыгармачылыкка көңүл бурууга убактылары жок калышты.
– Репертуарыңда канча ыр бар?
– Азырынча үч ыр бар. Бирок, жакынкы убактарда орус, англис тилинде ыр жаздырууга камынып жатам.
– Демек, чет тилдерди да билет турбайсыңбы?
– Ооба, орус, англис тилинде эркин сүйлөйм. Ал эми француз тилин азырынча токсон пайызга билем. Бара-бара толук өздөштүрүүгө аракет кылып жатам.
– Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Келечектеги кесибим визажист болгондуктан, бош убактымда чачты ар түрдүү кылып жасалгалоону, макияж койгонду үйрөнөм. Анан да бош убактымды адабий чыгармаларды окуу менен өткөрөм. Спорттон волейбол, тенниске кызыгам.
– Ырчылык кесибиңе ата-энең кандай көз карашта?
– Эч кандай каршылык көрсөтүшпөйт. Кайра бардык жактан колдоп турушат.
– Жылдыз оорусуна чалдыга элексиңби?
– Жок. Анткени, учурда мен көпчүлүккө жетишээрлик деңгээлде тааныла элекмин. Ошондуктан, өзүмдү жылдызмын деп элестете албайм. Кокус жылдызым жанып, белгилүү ырчы болуп кетсем да, бул ооруга моюн бербегенге аракеттенем.
– Чолпон, сени учурда эс алуудагы генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевдин кызы дешкендер бар го?!.
– Фамилиябыз окшош болгондуктан, көптөр мени ошол адамдын кызы деп ойлошот экен. Бул – жаңылыштык.
– Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Жок, бирок, кыялымда болочоктогу жигитимдин элесин түзүп алгам.
– Ошол жигитти сүрөттөп бербейсиңби?
– Кыялымда сырткы сулуулугу менен ички сулуулугу төп келишкен жигитке жолуксам дейм. Анан албетте, чечкиндүү, адамгерчиликтүү, акылдуу болушун каалайм.
– Алдыдагы пландарың менен бөлүшө кетсең.
– Буюрса, жакында “Сүйүү гана” деген ырыма клип тарттырганы жатам. Бул клипти тартууга чыгармачылыгыма жардам көрсөтүп жаткан Нурслан Сыдыгалиев деген байке колдоо көрсөт­мөк­чү. Тажрыйба топтогонго чейин фонограмма менен ырдасам, такшалгандан кийин жандуу үнүм менен ырдап чыгам деген оюм бар.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан