СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Кайдан билейин, кызым, ар кандай адам келет. Бирде жаш жигит, бирде орто жашап калган адам. Ар бири сирень гүлүн сага берип коюумду суранышат. Акыры мен да кызыгып «деги силер кимсиңер?» деп сурадым. Баарынын жообу окшош «таксистмин, аксакал, бирөө атайын жиберди» деп айтышат.
– Рахмат сизге,- дедим гүлдү алып жатып.
Ал гана эмес, бул жылы да биринчи жолу сирень гүлүн ошол адам кайрадан берип жибериптир.
– Койчу, быйыл да унутпай жибериптирби?- дедим таң калып.
– Ооба, сага окшоп вахтёр да таң калды. «Малика, деги кимдин башын мынчалык айлантып жүрөсүң?» дейт, күндөгүдөй эле жумушка келсем. Таң атпай бул кишиге эмне болгон деп чочуп кеттим. «Мына, сенин «сирендүү сезонуң» башталыптыр» деп бир кучак сирень гүлүн карматты.
– Деги ким экенин билдиң­би?- дедим кызыгып. Малика анан айтам деп сырдуу жылмайып койду. Дагы бир рюмкадан шарап алганыбыздан соң Малика сөзүн улантты.
– Баса, Нурлан Адылжанович аспирантураны Москвадан бүтүп келген экен. Кийин Москвага дарыланууга барганымда мени анын эң жакын досу Денис Алексеевич карап, дарылады. Москвадан мени курулуш фирмасында архитектор болуп иштеген бир тууган агам тосуп алды. Эртеси Нурлан Адылжанович жазып берген дарек боюнча Денис Алексеевичти таап бардык. Ал бизди жылуу-жумшак кабыл алды.
Биз барган клиника Денистин ата-энесинин менчик клиникасы экен. Мен керектүү дары-дармектерди сатып алганга гана акча короттум. Операцияны болсо бекер жасап беришти. Анткени Нурлан Адылжанович менен алардын үй-бүлөлүк катышы бар экен. Ошентип, Москвада бир айга чукул дарыланып келдим.
– Малика, бир суроону берүүгө батынбай турам, оор келбесе…- деп мукактандым. Чындыгында, бул суроо мени кызыктырып жаткан.
– Сурай бер, экөөбүздүн ортобузда жашыра турган эч нерсе калган жок. Кудай, ай, сага жакын курбума да айтпаган сырларымды айтып бердим окшойт.
– Бактияр эмне болду?
– Бактияр?.. Москвага кетерден мурун ага жолуктум. Курбум Нуржамал экөөбүз “Ош базарында” жүргөнбүз. Бут кийим сатуучу катардан өтүп бара жатып ток ургандай токтоп калдым. Ал жерде Бактияр соода кылып жаткан экен.
– Артка,- деп Нуржамалдын колунан сүйрөп, кантип базардын сыртына чыкканымды билбеймин. Жүрөгүм дүкүлдөп, бүт денемди калтырак басып чыкты.
– Эмне болду?- деп Нуржамал түшүнбөй калды.
– Нуся, сен ушул жерде туруп турчу, мен азыр…- деп аны калтырдым да, кайра Бактияр турган жерге жакын бардым. Эсиңде болсо, Замира деген эжеси тууралуу айтып берген элем. Мурда бул орунда ал бут кийим сатчу, эми анын ордуна Бактияр чыгып соода кылып жаткан окшойт. Алыстан көпкө чейин уурданып карап турдум. Ал мени көргөн жок. «Шуу» үшкүрүп, кайра курбумдун жанына келдим.
– Кеттик,- дедим түнөргөн калыбымда. Ал унчукпай жандап басты.
– Деги эмне болуп жатасың, жакшына бара жатып эле?.. Нуржамал бир чети тынчсызданып, бир чети нааразы болуп үн катты.
– Бактияр… Бактиярды көр­дүм,- суз жооп бердим. Ал мени ушунчалык аяп карады.
– Дагы эле баягы Бактиярбы?.. Аны унуттум деп айттың эле го?
– Нуся, аргасыз унутуп жү­рөм, аргасыз... Мен аны сагындым,- деп көзүмө толгон жашты көрсөтпөөгө аракет кылып жер карадым. Ал мени кучактап чачымдан сылады.
– Малика, Бактияр сенин тамчы көз жашыңа тең эмес. Болду эми, адамдар карап жатат. Ии-й, эми сен күтүп турчу, менин да Бактиярды көргүм келип жатат. Баса, калп эле көрбөй калган адам болуп соодалашканы жанына барайынбы? Мүмкүн, сен жөнүндө сурайт…
– Кереги жок,- деп аны токтоттум. - Жүрү, Нуся, бул жерден батыраак кетеличи.
Ошентип, биринчи жолу Бактиярды көрүп, бирок унчукпай кетип калууга кудуретим жетти. Ошентсе да жүрөгүм түтпөй, эртеси жумушум жок болсо да Бактиярды сыртынан көрүү үчүн базарга бардым. Ал күнү гана эмес, бир нерсе жоготуп алгансып, базарга күн сайын барчу болдум. Алыстан-алыстан уурданып карап, аны көргөнүмө шүгүрчүлүк кылып кайтчумун. Кадимкидей сагынычым жазылып, кусалыгым басылып калгандай сезилчү. Бир жолу өзүмө эрким жетпеди.
– Бактияр…- деп кыйкырып жибергенимди өзүм да байкабай калдым окшойт.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан