“УУЛУМДУН ЗААРАСЫ ЖЫНЫС МҮЧӨСҮНҮН АЛДЫНАН ЧЫГАТ”. Урологдун кеңеши

«Супер-Инфодон» окурмандарга өзгөчө мүмкүнчүлүк. Пайдаланып калыңыз! Урология жаатындагы сизди түйшөлткөн суроолор барбы? Анда 0557 75 63 11
WhatsApp номерине жөнөтүңүз. Суроолорго Улуттук урологиялык борборунун врач урологу, медицина илимдеринин кандидаты, 35 жылдык иш тажрыйбасы бар Жуман Мырзалиев жооп берет. Жооптор жума сайын гезит бетине жарыяланып турмакчы.

Уулум 10 жашта. Ал туулгандан баштап отуруп сиет. Себеби сийдиги элдикиндей болуп жыныс мүчөсүнүн башынан эмес, ылдый жагынан чыгат. Кичинесинде врачтарга текшертсек операция жасатыш керек дешкен. Биз операцияга коркуп бербей жүрө берип, убакыт өтүп кетти. Эми деле операцияга кеч эмеспи? Баламдын оорусу эмнеден келип чыкканын билгибиз келет.

Гүлнур, 33 жашта, Талас

– Заара чыгаруучу түтүкчөнүн оозунун жыныстык мүчөнүн башында эмес, башка жагында, мисалы, ортосунда, аягында, чатка жакын жайгашып калуусу тубаса болот. Бул илимде гипоспадия деп аталат. Себептери – бала ичте экенинде энесинин ичкилик ичкенинен, катуу талгак болгондугунан, уулуу дары-дармек же химиялык заттарды, бензин, керосин сатып иштегенинен жана башкадан болот.

Акыркы убактарда бизге бул диагноз менен келгендер эмнегедир көбөйүп баратат. Араларында өспүрүмдөр, үйлөнүү курагына жетип калгандар да бар. Аталган дартта бала туруп заара ушата албай (чачырай берет), отуруп сийүүгө аргасыз болуп калат. Операция үчүн эң жакшы курак 2-6 жаш болуп эсептелет. Эми деле кеч эмес. Операция жасатпай жүрө берсе жыныстык мүчө ийрейип, кийин бала жыныстык катнашка жарабай калат. Операция бир нече этап менен жасалат, андыктан бир топ убакыт керектелет.

“ЖЫНЫС КЫНЫМДЫ ТИЛИП САЛЫШКАНДАН БЕРИ ЖИЖИҢДИК КЕТПЕЙТ”

– Мен мурун кичүү баламды төрөгөндө балам чоң болуп абдан кыйналгам. Ошондо төрөтүп жаткан врачтар жыныс мүчөмдү тилип, бирок кийин тигебиз деп тикпей коюшкан. Ошондон бери бат-бат эле цистит болуп, бат-бат сийгелектеп дааратканага чуркай берем. Эмнеге? Кантип дарыланса болот?

Зарина, 37 жашта, Бишкек

– Жыныс мүчөнү тилип баланы төрөткөндөн кийин аны тигүү керек болчу. Тилингенден кийин жыныс кыны көтөн чучукка жакын болуп калат да, ал жактагы микробдор да жылып, жыныс кынына кире берет. Анан микробдор заара түтүкчөсү (уретра) менен өйдө табарсыкка чыгып, аны сезгентип циститти жаратып жатуусу мүмкүн. Эгер сизде жижиңдик (бат-бат заара ушатуу) да бар болсо, ал табарсыктын же жатындын ылдый түшүүсүнөн болуусу ыктымал. Сиз врачтарга текшерилүүңүз зарыл. Врачтар операцияны сунуштоосу мүмкүн. Операцияда ылдый түшкөн органды (табарсык же жатын) өйдө көтөрүп ордуна тигишет.

 

 

“БИР ЖУМУРТКАМ ЖОК”

– Мен 16 жаштамын. Жумуртка калтамда бир жумурткам жок. Кийин балалуу болбой калбаймбы? Эмне кылууга болот?

Элдияр, 16 жаш, Токмок

– Умада (жумуртка калтасы) 1 жумуртканын жок болушу тубаса болуусу мүмкүн. Ошондой эле ал бар, бирок төрөлгөндө умага түшпөй, жука чурайда же ич көңдөйдө калып калган. Андыктан урологго текшерилип, УЗИге, компьютердик томографияга түшүп, себептерин аныктатуу керек. Эгер ал бар жана жарактуу болуп, бирок жука чурайда же ич көңдөйдө жүрсө, операция жолу менен ордуна алып келүү кажет. Эгер ал бар, бирок жараксыз болсо, анда операция жасап аны алып салуу керек. Эгер башынан жаралбаган болсо, арга жок. Бирок бир жумуртка жогунун деле ролун аткара берет, демек, тукумсуз болуп калам деп коркууга негиз жок.



“УРУКТУК АРА ЖАРАЛУУСУ МҮМКҮНБҮ?”

– Күйөөм экөөбүз балалуу болбой жүрүп, доктурларга текшерилсек күйөөмө “урук безинин тубаса патологиясы” деген диагноз коюшту. Мындай ооруда, билишибизче, эркектин уруктугу ара жана майып болуп жаралат экен. Ушул туурабы? Дарылоого мүмкүнбү?

Жанар, 32 жашта, Ош

– Урук безинин тубаса патологиясында урук безинен иштелип чыккан сперматозоиддер калыптагыдай болбойт. Мисалы, 2 баштуу, 2 куйруктуу, же моюну өтө узун, же башы сүйрү дегендей. Мындай сперматозоиддер тукумсуздукту шарттайт. Дарылоо спермограмманын (спермалардын саны, сапаты аныкталат), УЗИнин жыйынтыктарына карата жүргүзүлөт. Эгер дарылануудан жыйынтык чыкпаса, анда жубайлар ЭКО ыкмасына кайрылуулары керек.



“КҮЙӨӨМДҮН НАСЫБАЙ ЧЕККЕНИ БОЛОЧОК БАЛАГА ЗЫЯН ЭМЕСПИ?”

– Биздин 2 балабыз бар, бири 8, бири 6 жашта. Эми дагы балалуу болгубуз келет. Бирок күйөөм 5 жылдан бери насыбай чегет. Ошондон улам кокус боюмда болсо бала майып болуп төрөлүп калбайбы деп коркчу болдум.

Жанара, 31 жашта, Жалал-Абад

– Болочок бала майып болуп калат же калбайт деп айтуу кыйын. Насыбайдын курамы зыяндуу заттардан турганы баарына эле маалым. Ал заттар жүрүп отуруп эркекте уруктуктун иштелип чыгуусун буза турганын окумуштуулар далилдеген. Тактап айтканда, уруктуктун пайда болуусу, жетилүүсү начарлайт. Ошондон улам майып баланын жаралуусу мүмкүн делет. Насыбай чеккен эркектердин бел кубаты начарлап, жыныстык жактан шалдыкка жеткирерин да айтып коюу керек.



“СЫНЫП КАЛГАН ЖЫНЫСТЫК МҮЧӨНҮ КАНТИП КАЛЫПКА КЕЛТИРЕТ?

– Эркектердин жыныстык мүчөсү кошулуу учурунда сынып да калат деп угам. Ал кандай учурларда сынат? Жана аны кантип калыпка келтиришет?

Оскар, 25 жашта. Бишкек

– Эркектин жыныстык мүчөсү ичине кан толуп көөп турган учурунда (эрекция) катуу сокку тийгенде сынып, ийрейип калат (жыныстык кошулуу учурунда туура эмес катуу кыймылдан да болуусу мүмкүн). Тагыраак айтканда, мүчөдөгү көңдөй денечелер тери алдынан жарылат. Сынган кезде карс эткен үн чыгат. Катуу оорутуп, шишийт, ич жагынан кан кетет, кан уюйт (гематома). Кан чаткаякка, санга, курсакка чейин тарап, тери карарат. Андайда тезинен урологго барып, УЗИ-доплерден өтүү, кавернозография, уретрографияга тарттыруу, магниттик-резонанстык томографиядан өтүү керектелет. Анан дароо операция жасатуу зарыл. Эгер операция жасатпаса адам кайтыш болуп кетүүсү мүмкүн.



БӨЙРӨК ДА РАККА КЕЗИГЕБИ?

– Жакында тууганыбыздын баласына врачтар “бөйрөктүн рагы” деген диагноз коюшту. Аны угуп баарыбыз коркуп, эми эмне кылып дарылатсак болот деп башыбыз катып турат. Дарылоонун кандай ыкмалары бар?

Чыңгыз, 46 жашта, Кадамжай

– Бөйрөктүн рагын тамеки чегүү, өтө семирип кетүү, кант диабети, бөйрөктүн оор түрүндөгү оорулары, узак мөөнөттүү бөйрөк диализи, айрым химиялык заттардын (мисалы, асбест, бензол, гербициддер) таасири жана башкалар козгошу мүмкүн. Дарылоо ыкмаларына операция жасап ракты алып салуу, химиялык терапия, иммунотерапия жана башкалар кирет. Кайсы ыкмалардын керектиги анализдердин, магниттик-резонанстык томография сыяктуулардын жыйынтыгына жараша тандалат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Akniet_kg96
2018-08-21 12:21:35
Менин баламдын да жумурткасы бир жагы тушуп бир жагы ойдо жагын да турат бирок тушпойт аны эмне кылса болот
+3
Jigitchem
2018-08-23 17:07:43
Akniet_kg96,меники да ошондой болчу операция кылган мен 11 жашымда мен да коркчумун балалуу болбой каламбы деп. Азыр жакшы кудайга шугур 2 кыздын атасымын баары жайында
+2
Erjigit15.kg
2018-08-21 15:38:03
Менин баламдын бир тукуму түшбөй калган 1 жарым жашинда операция кылдык түшкөн эмес бирок оозун ачып койдук деген качан түшөт билбейм
+2
Miss.erkewka95
2018-08-22 20:54:41
Гипоспадия тууралуу биринчи жолу угуп атыпмын... Таң калдым...
Баарына Аллах шыпаасын берсин
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан