Куудул Тынар Курбаналиевдин улуу эжеси Кыздаркан Курбаналиева иниси тууралуу баяндап берди. Эже дагы сөзгө чечен, ар бир сөздү орундуу суйлөгөн, куудул, инисинен кем калышпай тамашалай билген адам экен. Кыздаркан эже бир туугандардын улуусу болгондуктан учурда эне ордуна эне болуп, сиңди-инилеринен кеңешин аябайт.
БИР ТУУГАН КУРБАНАЛИЕВДЕР
Кыздаркан Курбаналиева – 1960-жылы туулган, үй кожойкеси
Рашид Курбаналиев – 1962-жылы туулган (каза болгон)
Шарипбек Курбаналиев – 1964-жылы туулган, дыйкан
Кубаныч Курбаналиев – 1967-жылы туулган, Маданият үйүнүн директору
Рысбү Курбаналиева – 1969-жылы туулган, заводдо иштейт
Данияр Курбаналиев – 1972-жылы туулган, Орусияда эмгектенет
Тынар Курбаналиев – 1977-жылы туулган, куудул
“ТЫНАР ЖААГЫ БАСЫЛБАГАН ЫЙЛААК БОЛДУ”
– Тынар туулганда мен 9-10-класста окучумун. Ошто Тынар Аманов деген артист бар. Апамдын боюнда бар кезде ошол артист баштаган топ биздин айылга “Тар капчыгай” деген спектакль коюп келишет. Спектаклден кийин ата-энебиз аларды үйгө коноктошуптур. Ошол артисттин атынан апам инимдин атын Тынар койгон экен. Ал төрөлгөндөн эле жаагы басылбаган, ыйлаак бала болду. Апамдын колу талыганда атам, атам болбой калганда биз көтөрчүбүз. Ыйлай берип бир үй-бүлөнү гана эмес, кошуналарды да чарчатчу. “Балаңардын үнү басылбайт, бир жери ооруп жатат го” деп кошуналар да келип карашкан күндөр болгон. Айласы кеткен атам менен апам көкнардын уругун таап келишкен. Ыйлаак балдарга урукту оозуна сала койсо басылат экен. Ыйлап келе жатканда эле урукту каймакка аралаштырып Тынардын оозуна сала койсок, чын эле уктап калчу.
“ТААРЫНГАНДЫ БИЛЧҮ ЭМЕС"
– Тынарды мен багып чоңойттум. Турмушка чыккандан кийин мага келгиси келди окшойт, 4-класстан колума келди. Балалуу болгонумда кичине каралашып жүрдү. Бирок анда да моюну жар бербей араң жасачу. Бир жолу баламды бешикке бөлөп, “Тынар, сен терметип тур” деп сыртка чыгып кеттим. Артымдан эле чыгып келгенинен “бала ыйлап жатпайбы, бар кара” деп кайра үйгө киргизип жибердим. Ал деле бала да, ойногусу келген окшойт. Бешиктеги баланын үстүнө ыйлаганы угулбасын деп болгон жууркандын баарын жаап салып чыгып кетиптир. Сыртта жүргөнүнөн “бала ыйлаган жокпу?” десем, “уктап жатат” деп койду. Бир аздан кийин үйгө кирсем, бешиктин үстүндө төшөк үйүлүп жатат. Балам боргулданып тердеп болбой калыптыр. Анан аябай уруштум. Канча урушсак да көзүн тостойтуп тура берет эле. Таарынганды да билбейт, көзүн алайтып карап кайра өзүңдү качырат.
“КЫШКЫСЫН ТУРСИЙЧЕН ЖҮРЧҮ”
– Кийим кийгенди жаман көрчү. Биз уялып, “жок дегенде турсий кий” деп кубалап жүрүп араң кийгизчүбүз. Кыштын күнү деле жемпирдин үстүнөн пальто кийип, турсий-өтүкчөн көчөгө чыгып кетчү. Ошондо да бир да жолу ооруган жок. Мектепке элдин балдарындай кылып ак көйнөк, кара шым кийгизип жиберебиз. Келе жатканда көйнөгүн бир бала, шымын дагы бир бала көтөрүп, сумкасын дагы башкасы көтөрүп, өзү майка-турсийчен колуна шымынын курун кармап алып келип калат.
Өтө шок бала болду. Өзүнүн эжеси, жеңеси да мугалим эле. Экөө тең “Тынардын тентектигинен уялабыз, бизди жер каратат” деп эле отурушчу. Бир жолу айылдагы бир кемпирдин баласын уруп коюптур. Ал үйүнө ыйлап келип, чоң энесине даттанат. Анан ал Тынардын мектептен келчү жолун тосуп, көчөнүн ортосуна чай-нанын алып чыгып, баласы менен отуруп алат. Тынар амалкөй да болчу, тигил кемпирдин жолун тосуп отурганын билип калып, үйгө адыр менен келгени эсимде.
Тынар кандай тентектик кылбасын, атам эч качан урушчу эмес. Жумуртка бышырам деп кошунабыздын бир машина чөбүн өрттөп жиберсе да атам Тынарга бир сөз айткан жок. Атам ал кишинин чөбүн төлөп берген.
“ТЫНАР МЕНЕН ЛИЛИЯ ЖАМАН-ЖАКШЫ АЙТЫШКАН ЖОК”
– Апам Тынарга “Бишкектен үйлөнбөйсүң, сырттан албайсың, ушул эле тегеректен алып берем” дей берчү. Баары бир Тынар жеңди, сүйлөшкөн кызы, ди-джей Лилия Абдубаитовага үйлөндү, баарыбыз сүйүндүк. Лилия кечкисин “Арзуу” деген уктурууну алып барчу. Үнү да бир керемет, абысыным экөөбүз угуп отуруп ыйлап да алчубуз. Эртеси дагы радио угуп отурсак сүйлөп жаткан кыз өзүн тааныштырып “Лилия Абдубаитовамын” деп калды. “Күндүзү угармандарды күлдүруп, түнкүсүн ыйлаткан бул кандай кыз болду экен?” деп суктанат элек. Кийин Лилия бизге бүлө болуп калды, аябай сүйүндүк. “Сырттан алып бербейм” деген апам Лилияны жакшы көрдү, Лилия да апамды жакшы көрчү. Эмне болду билбейбиз, бир балалуу болгондон кийин экөө ажырашып кетишти, баарыбыздын ичибиз ачышты. Апам “ажырашпагыла” деп бир топ аракет кылды, бирок тагдыр экен. Бири сөгүп, экинчиси каргап ажырашкан жок. Көчөдөн көрүшүп калганда азыр деле бир жакшы учурашышат. Былтыр апам ооруп, ооруканага жатып калганда Лилия баласын алып учуп келди. Лилия келгендин эртеси апам узап кетти. Азыркы келинибиз да жакшы, көз тийбесин.
“ТЫНАР АПАМДЫ ТАРТЫПТЫР”
– Бул баланы куудул болот деп эч кимибиз ойлогон жокпуз. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абаддагы медреседе 3 ай окуп, Барпы театрында иштеген инимдин жанына барып алды. Кийин Рахман Разыковдорго кошулуп кетти. “Бешилик” тобу менен алгачкы жолу сахнага чыкканда териме батпай сүйүндүм.
Атам сөзгө жок, жоош адам эле. Тынар апамды тартыптыр, анын жанында жооп бере албай тайсалдап калчу. Бир жолу апамды машинасына салып келе жатып посттон өткөндүгү үчүн 45 сом төлөшү керек болот. Постто турган бала Тынарды таанып акча албай коёт. Анда Тынар “апа, көрдүңүзбү балаңыздын баркын, акча алган жок” дейт мактанып, анда апам “көрдүм 45 сомдук баркыңды” дептир.
Тынар Курбаналиев: “БИР ТУУГАНДАРЫМ МЕНИ ДАЛЕ ЖАШ БАЛА КӨРҮШӨТ”
– Мен 5 уул, 2 кыздын кенжесимин. Экинчи агамдын көзү өтүп кетти. Баарынын ортолору эки жаштан. Менден улуу агам экөөбүздүн аралыгыбыз беш жаш, ошон үчүнбү же баарынын кичүүсү болгон үчүнбү, кырктан ашсам деле баары мени жаш баладай көрүшөт. Эркелетишет, туура эмес болсо урушушат.
Апамдын көзү тирүү кезде апам менен сүйлөшүп, баарын апам менен кеңешчүмүн. Азыр улуубуз Кыздаркан эжем менен көбүрөөк кеңешем, үйүнө тез-тез барам.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg