Эркин Рыскулбеков, телеалпаруучу: «САЛТАНАТТАЙ АДАМДАР 100 ЖЫЛДА БИР ЖАРАЛСА ЖАРАЛАТ, БОЛБОСО ЖОК»

15-августтун таңы көпчүлүк үчүн суук кабар менен башталды. 7 жыл бою рак илдети менен алышып келген Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ди-джей, телеалпаруучу, кыргыздын алтын үнү Салтанат Саматова 46 жашында дүйнө салды. Жашоону, өмүрдү жакшы көргөн телеалпаруучу ар дайым жүрөгүбүздө жаркыраган маанай тартуулаган, интеллекти бийик адам катары кала бермекчи.

“МЕН СӨЗСҮЗ ООРУНУ ЖЕҢЕМ...”

Белгилүү телеалпаруучу Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Фрунзе шаарында жарыкка келген. 4 эркектин арасында жалгыз чоңойгон болочоктогу жылдыз мектептин активисти болгону менен, жашоодо тартынчаак эле. Атасы Орозобек Түгөлбаев "кызымды композитор кылам" деп Композиторлор союзуна чейин жетелеп барат. Андан соң Мукаш Абдраев атындагы Музыкалык училищеде, Ишеналы Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин музыка факультетинде билим алган.

Эмгек жолун окуу жайда окутуучу катары баштап, кийинчерээк Кыргыз улуттук радиосуна орношот. 1996-жылы алгачкы жолу орусиялык радио Кыргыз жергесинде бөлүмүн ачып, Салтанат айым кыргыз тилдүү алгачкы ди-джей болуп эмгектенген. Соңку жылдарда Коомдук телеканалда ток-шоу, интеллектуалдуу оюндарды алып барган.

Телеалпаруучу 2011-жылы башы катуу ооруганынан ооруканага кайрылып, залалдуу шишик бар экенин билишет. Ошондон бери 7 жыл өтүп, аты жаман илдет менен күрөшүп келди. “Менин балдарым кичинекей, мен сөзсүз ооруну жеңем. Балдарымды чоңойтуп, үйлөнтүп, неберелеримди карашым керек” деп айтып келчү. Өзү ооруганына карабай “Помогать легко” коомдук фондунда байкоочу кеңешинин төрайымы болуп, онкологиялык илдетке кабылган аялдарга, балдарга жардам колун сунуп келди. Телеалпаруучу айымдын артында бир уул, бир кызы калды.

 

Салтанат Саматованын "Супер-Инфо" гезитине берген акыркы маегинен үзүндү:

“Бул ооруга кабылганда 2 жолу эле ыйладым. Бир жолу "мен өлөм, башка жакшы аял алып ал" деп ыйласам, жолдошум бооруна кысып "баары жакшы болот, чогуу жеңебиз" деп соороткон”.

“Өмүрлүк жарымдын, тууган-уруктун тилеги, элдин батасы, Жараткандын колдоосу менен бул илдетке каршы туруп келе жатам”.

“Жумуш мага аябай дем берет. Той-топур, салтанаттарга барганда чоң энергия алам”.



Эркин Рыскулбеков, телеалпаруучу: “СЕНИ ӨЗҮМ ҮЙЛӨНТӨМ ДЕЧҮ”

– Мен Салтанатты бала кезден тааныйм. Кесиптеш катары 8 жылдай чогуу иштештик. Биринчи жолу экөөбүз “Ала-Тоо” аянтында уюлдук компаниянын юбилейин алып барганыбыз эсимде. Ошол күнү эже таң атпай биринчи химиотерапиясын алып келген экен. Эл алдына чыгып номерди айтат да, сахнанын артына барып кусат. Кечке кусуп кыйналды. Көрсө, ошондо оорусу жаңы башталып жаткан экен. 7 жыл бою аябай карманды, күрөштү. Башында мен аны сиз дечүмүн. “Экөөбүздүн ортобуз 16 жаш экен, менин картайганымды улам баса белгилей бербей сен дечи” деп мени урушуп жүрүп көндүрдү.

Салтанаттын адамдык сапаттары тууралуу китеп жазсаң да аздык кылат. Мен дайыма ага “алтыным, сенин сөздүк лексиконуңда жок деген сөз барбы? Сен эмне тиги чалса деле ооба, бул чалса деле макул дей бересиң? Өзүңдү аясаң боло” деп айтар элем. Анткени ким суранса эле “ооба, барам” дей берчү. Ал акчасын береби-бербейби айырмасы жок эле.

Салтанат “Эмгек сиңирген ишмер” наамын алганда мен сүйүнчүлөгөм. “Салтуш, сыйлык алдың, кут болсун!” десем, “андай болушу мүмкүн эмес, акчасыз чечилбейт ал нерсе” дейт. Кабар маалымат булактарына тараган соң гана ишенип, “Эркинбай, атам сүйүнүп ыйлап жатат” деп аябай кубанды.

Өзү ооруп калгандан бери онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга көмөк көрсөтүп баштады. 2 жыл мурун 23-февралда жолугуп “5000 сомуң барбы?” дейт. “Ооба” десем, “жүрү анда, мага демөөрчү болосуң” деп, "Орто-Сай" базарына жетелеп барды. Суукта экөөбүз кыдырып балдарга белек алдык. 30 бала болсо баарынын атын жашын билчү. Ай, бир алтын киши эле да...

Эми сахнада Салтанат менен иштешүү бир керемет болчу. Ал барында такыр толкунданбайсың. Кайсы жерден токтоп калсам, ошол жерден кошуп улап кетчү.

Акыркы жолу эки күн мурун “төшөктө жатыптыр, эч кимди тааныбай калыптыр” дегенде жетип бардым. Ошондо көргөнүм көз алдымда тартылып кетпей жатат. Салтанат ооруганда да оорусун салтанаттуу көтөрдү. Барган сайын “сени мен өзүм үйлөнтөм” дей берчү. Ошол боюнча өтүп кете берди. Андай адамдар 100 жылда бир жаралса жаралат, болбосо жок.

Орозобек Түгөлбаев, атасы: “САКИНИМ БАШКАЧА ЖАШАЙ АЛБАЙТ БОЛЧУ”

– "Сакиним асманга жаркыраган ак жылдыздай атып чыкпай эле, жаман эле кыз болуп жүрө берсе ушинтип оорубай калат беле, 46 жашында өтүп кетпейт беле?" деп көп ойлончу болдум. Бирок кызым башкача жашай алмак эмес. Ал өмүрүн элине, жаштарга, балдарга арнаган адам эле. Ооруп жатканда “мен оорудан айыктым, ракты жеңдим” деп айтып жүрдү. Мен “балам, бул ооруңду айтпай эле койсоң болбойбу” десем, “ата, мен муну өзүм үчүн эмес, элим үчүн айтып жатам. Бул оорунун атын укканда эле оорулуулар өзүн таштап салышат. Мен ошолор коркпосун дедим” дечү. Баланы ата-эне мүрзөгө койбой, ата-энени балдар койсо жакшы экен, аттиң...

Алтын Камчиев, телеалпаруучу: “БААРЫНАН ТАЖАДЫМ, КУДАЙ КЫЙНАБАЙ АЛЫП КЕТСЕ БОЛОТ ЭЛЕ ДЕГЕН”

– Мен 2000-жылы “Европа+” радиосунда тажрыйба топтоп жүргөндө Салтанат мага жол көрсөтүп, жардам берип жүрдү. Абдан боорукер аял эле. Экөөбүз ини-эжедей жакшы сүйлөшчүбүз. Жайдан баштап “көчөгө көп чыкпай калыптыр, эч жакка барбай жатат” деп Эркин айтып жүрдү.

Мен акыркы жолу баарлашканыбызда "ушунун баарынан тажадым, Кудай кыйнабай алып кетсе болот эле" деген маанидеги сөздөрдү жазды. "Кой, жаман ойлобочу, жакшыны ойлочу" дедим. Анан дароо эле Эркин менен сүйлөштүм. "Качан байланыштың эле, мага жаман сөздөрдү жазып жатат" десем, ошондо эле акыбалы начар экенин айтып жүрөктү оорутту.

Салтанат каза болгон түнү саат 12лерде өзүмчө эле ойгонуп кеттим, себеби деле жок. 3кө чейин уктай албай кыжалат боло бердим. Эртеси Эркин чалып кайтыш болуп калганын угузду. Аябай өкүнүчтүү. Кесиптештери дарылануусуна акча чогултуп жатты эле, ага да жетпей калды...

Айгүл Курманова, телеалпаруучу: “ООРУСУН ЖЕҢЕРИНЕ ИШЕНЧҮ”

Айгүл Курманова суук кабардан бир күн мурун түнү менен уктабай чыкканын Фейсбук баракчасына жазып, "жакшы эле күн болот бекен?" деген билдирүү калтырган эле.

– Мен да Салтанат менен радиодон 1997-жылы таанышкам. Экөөбүз бат эле тил табышып, достошуп кеттик. Абдан жөнөкөй, шайыр аял эле. Оорусун жеңерине, аягы жакшы болуп бүтөрүнө ишенчү. Аттиң, ал ишенимдер кыял боюнча кала берди.

Салтанаттын акыркы кезде көрүүсү начарлап, телефон менен да байланыша албай калганбыз. Мен уктабай чыккан түнү эже, балким, мени эстегендир, ойлогондур... Балким, сиңди катары жамандыкты ошондо эле сезгендирмин. Чынында бир күн мурун такыр көз ирмебей чыктым. Эртеси дароо жолдошуна, Эркинге абалын сурап жаздым. Кийинки күнү, өкүнүчтүү, Салтанатты жоготуп алдык...

"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты Салтанат Саматованын мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.




Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Белгилүү теле алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнөн жай алды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nanei
2018-08-21 09:23:01
Ото окунучтуу. Жаткан жери жайлуу болсун. Жаман болду,айыгып кетет деп ойлочу элем
+4
monster_high_98
2018-08-21 10:13:03
Акыл Ордону алып барганы аябай жакчу.Созуно так,озу да суйкумдуу аял эле..Жаткан жери жайлуу болсун
+6
bond02
2018-08-21 11:32:32
Болду эми поезд кетти, олгондон кийин мактабай тируусундо бир макала даярдап же эфирге алып чыгыш башына келбедиби?!
-9
aikokul14
2018-08-21 13:36:14
Ыйлабай окуй албадыи,кандай гана өкүнүчтүү...
+5
Muzik
2018-08-21 17:40:03
Эл сени макташ учун,олуш керек деп бироо айтты эле.
+6
s81
2018-08-21 23:42:04
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Emilzima
2018-08-22 10:53:54
Анын жакшы адам экени сыртынан эле корунуп турчу.
+1
AKCAHAT
2018-08-22 16:23:11
Ушундай инсандарды эмнеге убагында барктап мактап, баарлашып бат баттан ал акыбалын сурап турбайт экенбиз. Олгондон кийин калптан же болбосо пиар ходго илгери архивдеги 6-7ж мурун коридордо бирге тушуп койгон суротун таба калып, жеткире мактап болбогон эле сандырак ойлорун жазымыш этип эстемиш болушту го копчулук айлакерлер. Улан Эгизбаев мн дагы ушундай болду. Тируусундо на самом деле баары ойноп кулуп бул инсандар мн корушуш эмес кызыкпаса деле керек эле.
+2
Jazhoo-soonun
2018-08-23 12:16:31
Эх! арман дуйно, менин жакшы коргон эжекелеримди алып кетти.Гулбубу эже менен Салтанат эжени аябай жакшы корчумун.кандай гана жаркылдаган жандар эле...
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан