СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Жайдын салкын кечи. Рустам зарыгып кыздын келер жолун улам акмалап жатты. Ак көйнөкчөн тааныш караан көрүнгөндө жүрөгү дүкүлдөй түштү. Бул кызда чын эле адамды тартып ала турган зор күч бар эле. Жашоодо жалаң гана жакшылыкка ишенип, ааламды жадырай караган адамдар болот эмеспи. Айдананын табияты так ушундай болчу. Кимге болсо да жылуу сөзүн, жылмаюусун арнай алчу. Бул жолу да жадырап жылмайып, жылуулук чачып келатты. Кийип келе жаткан ак көйнөгүндөй дили да ак, наристедей баёо эле. Рустам утурлай чыкты.
– Салам!
– Салам.
Бири-бирин тиктешкен экөө күлүп жиберишти.
– Эмнеге күлдүң?
– Сенчи?
Бири-бирин жадырай карап, бактылуу тиктешип алышкан экөө эмнеге күлүшкөнүн талдай алышкан жок. Ал азыр маанилүү деле эмес болчу. Алар үчүн бүтүндөй аалам күлкүгө оролуп турган эле.
– Маанилүү жаңылыгым бар деп айтпадың беле?
– Мага бүгүн бир адам келиптир. Иштешүүнү сунуштады.
– Жакшы болгон турбайбы.
– А мен сен тууралуу сүйлөштүм. Айка, сен сахнада ырдасам деп жүр­бөйсүңбү, туурабы? Бул экөөбүз үчүн тең мүмкүнчүлүк. Эгерде аны кабыл албасаңар, мен дагы макул болбойм деп айттым. Аргасыз макул болуп кетти.
Айдана Рустамды элжиреген көз­ караш менен тиктеп турду да, көкүрөгүнө башын жөлөдү.
– Билесиңби, эч ким мага камкордук кылып, келечегимди ойлоп кабатыр болгон эмес. Бардыгы эле менден мээрим, камкордук талап кылышчу. Биринчи жолу мен тууралуу ойлонгон адам бар экенине ыраазы болуп турам. Эх, Рустам...
– Макулсуңбу?
– Макулмун! Сен барда эч нерседен коркпойм.
– Кеттик анда, майрамдайбыз.
Кол кармашкан экөө чуркап жө­нөштү.

ххх

Алымдын ойлору уйгу-туйгу болчу. “Кайдагы кызды ойлоп тапты дагы. Кызыңды жөн кой десем, өзү да баш тартканы турат. Демек, кызын көрөйүн. Эгерде үмүттү актабаса, бийчилерге кошуп койгонум оң болот...” Бардык жагын өлчөп ченеген Алым кабинетинде экөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатты.
Аз убакыттан кийин Рустам менен Айдана анын алдында турушту.
– Оо, келип калдыңарбы?
– Келдик, мына мен айтып жаткан Айдана деген кыз ушул. Үнүн угуп көрсөңүз...
Көздөрүн кыбыңдата эрдин тез-тез жаланып алган Алым кызга суктана карап алды. “Бою кичине экен. Жүзү сулуу деп да айта албайсың. Бирок бир нерсеси бар. Макияж, стилисттин жардамы менен бир нерсе чыгарса боло турган...” Айландыра Айдананы тиктеп жатканын сезип, Рустамдын да куйкасы куруша түштү. Алым бир топко ойлонуп турду.
– Болуптур, экөөңдү тең алдым. Ишке киришерде менин биринчи талабым, сүйлөшүлгөн сааттан бир мүнөт да кечикпей келип жүргүлө. Бул кийинки алып бара турган ишибиздин ийгилиги үчүн керек.
Ошол эле күнү экөөнү үн жаздыра турган студияга алып келди.
– Кана, башта. Сага ишенем,- деп аста башын ийкеген Рустам анын колдорун кысып четке чыга берди. Кыз ырдап жатты. Мукамдуу авазы жаңырып, тез эле бөлмөгө толуп чыкты. Алымдын тостойгон көздөрү таң калгандан чарасынан чыгып кетчүдөй болуп турду. Айдананын жүрөгү ырдап жатты. Ырдап жатканда жүзү албырып, көздөрү жайнап, бир ажайып сулуулук коштоп кете турган. Бул жолу да жүзү көрктөнүп турган эле. Кумарлуу көздөрүн Рустамдан албай ырдап бүттү.
– Браво!
Кубанган Алым кол чаап жиберди.
– Сен жаткан кенч турбайсыңбы? Азамат! Эми бизди ийгилик күтүп тургандыгына толук ишенем.
Аста рахмат айткан Айдана кезегин Рустамга берди. Жигит коңур үн менен ырдап баштады. Экөөнү алмак-салмак караган Алым табылгасына сүйүнүп кымылдап жатты.

ххх

Алоолонгон оттун табында тамак бышырып жаткан Айша улам даамдап көрүп, отту кайра-кайра калап, күйпөлөктөй берди. Тиги кырда отун терип жүргөн Иман кыйкырып калды.
– Айшаа-а! Отун жетеби?
– Жете-ет!
Колтуктай алып келген отунду таштай салып, Айшаны кучактай тегеретип жиберди.
– Жаш жигиттей эле чуркайт экенсиң. Тиги кырдан жыгылып калабы деп коркуп жаттым эле.
– Жүрөк жаш эмеспи. Анын үстүнө жакынкы убактарда мурункудан да жашарып кеттим, Айшам. Мунун баары сени кайрадан тапканымдан.
Айшанын бактылуу жүзү ай жарыгында жаркып турду. Мурунтан эле табият коюнунда эс алып келели деп жүрүшкөн. Анын үстүнө билгизбегени менен Иман Айшанын уулу үчүн тынчсызданып жүргөнүн сезген. Алаксытып, көңүлүн көтөрөйүн деп бул жакка алып келген. Анткени бул жерде алар жалындаган жаштыгын өткөрүшкөн эле. Тамактанып болушкандан кийин өчүп бара жаткан оттун табын тиктеп экөө кучакташып көпкө отурушту.
– Иштериң кантип жатат? Быйыл концерт берем деп чарпылбай эле койсоңчу...
– Иштер чачтан көп. Анвар экөө­бүз жакында Казакстанга кетебиз деп турабыз. Маанилүү сынак өтөт имиш...
Айша оор улутунуп алды. Уулу менен көрүшүп, сүйлөшүп жүргөнү менен анын жанында болбогону аябай тынчсыздандырчу. Кээде түн ичинде ойгонуп алып, уулунун келечегин ойлоп жатып таңды кантип атырып жибергенин билбей калчу болгон. “Тобо, өз атасын ушунчалык танат деген эмне жорук? Экөөнү бара-бара тартылышып ата-бала болуп кетет деген оюм ордунан чыкпай калчудай го. Мени кыйбай бир күнү кирип келет десем, тескери жагына айланып кеттиби? Жакындаштырам, мен турганда кайда барат эле деп жатып, экөөнү таптакыр ажыратып салдым окшойт...”.
Ушинтип ой кучагында турган Айшанын оюн Иман бузду.
– Айша, эсиңдеби, ушул тоого келгенибиз?
– Эсимде, достор менен келбедик беле.
– Таң калам, канча убакыт өтсө да ошол кызгылтым кеч, тоолор эч эсимден кетпейт. Анда сен шайыр-шатман кыз элең, ээ?
– Азырчы?
– Азыр кемпирдей болуп кайра-кайра эле үшкүрүп-бышкырып жатасың го. Мен билген Айша бир орунда тура албаган шок кыз болчу.
– Эми кайдан?.. Андан бери канча жыл өттү. Иман, ойлогонум эле Рустам...
– Мени ойлобойт дейсиңби? Шамилден дайым «кичине боор тартчудайбы?» деп сурасам, башын чайкайт. Баарынан оору өз балаңдын сенден баш тартканы болот тура. Мага чала! Мен да бир кезде андан баш тарткам.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан