«КЫРГЫЗ ЛОТО» ОЙНОП, ЖАҢЫ ТОЙОТА КАМРИ УТУП АЛЫҢЫЗ!

“Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз лото” брендинин астында “Ала-Тоо” аталышындагы лотереясынын алгачкы нускасын чыгарды. Мында жаңы Тойота Камри 70 автоунаасы баш болгон көптөгөн баалуу белектер жана акчалай байгелер ойнотулмакчы.

ЛОТЕРЕЯ САТЫП АЛЫП, ӨЛКӨГӨ САЛЫМ КОШО АЛАСЫЗ

“Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасы 2018-жылдын 4-августунан баштап “Кыргыз лото” брендинин астында “Ала-Тоо” аталышындагы лотереясынын алгачкы нускасын чыгарды. Мында башкы байгеге 2018-жылы чыгарылган Тойота Камри 70 автоунаасы жана башка көптөгөн баалуу белектер, ошондой эле акчалай байгелер ойнотулмакчы.

Мамлекеттик лотереянын негизги милдети ата мекендик спортту, маданиятты, билим берүүнү, илимди, искусствону өнүктүрүүгө аракет кылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык программаларын ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Түшкөн каражаттын 10 пайызы социалдык долбоорлорду колдоого жумшалат. Оюн таза өтөрүнө кепилдик бар

“Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүнө жана лотерея ишмердүүлүгүнөн түшкөн пайданын тиешелүү бөлүгүн максаттуу которуу фондуна которо турганы боюнча толук кепилдик берет. “Мамлекеттик лотерея компаниясы” лотереялар сатылган акчанын 50 пайыздан көбүнө байге алынат. Ошондой эле оюндун таза, ачык-айкын өтүшүнө кепилдик берилген.

БААЛУУ УТУШТАР СИЗДИ КҮТӨТ!

Биринчи нускасы 2018-жылдын 31-августунда саат 20:00дө «ЭлТР» каналында түз эфирде ойнотулат. «Кыргыз лотонун» “Ала-Тоо” лотереясынын биринчи ойнотулуучу байгелеринин арасында 2018-жылы чыккан Toyota Camry 70 автоунаасынан сырткары 10 iPhone X смартфону жана башка баалуу жана акчалай белектер бар.

Лотереялык билеттин баасы 100 сом турат. Лотереялык билеттер Кыргыз Республикасынын бүт аймагында сатылат. Билеттерди кайдан сатып алууга болот, лотереянын түрлөрү, ойнотуунун эрежелери жана башка маалыматтарды www.kyrgyzloto.kg сайтынан кеңири билүүгө болот.

ЭСКЕ САЛСАК...

Бир жыл мурун Кыргыз Республикасында жеке жактарга лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салынып, мамлекет гана ойното ала турган мыйзам күчүнө кирген. Себеби 2012-жылы өлкөдө казинолор менен букмекерлер жабылган соң алардын ордун лотереялык оюндар баскан эле. Анын айынан кумарга кызыккан көптөгөн адамдардын турмушу бузулган. Мындан сырткары жеке тарап лотерея ойнотуп, утушун бербей же төлөй албай калуу коркунучу да бар эле. Эми мунун баарына мамлекет кепил боло алат. Учурда өлкөдө лотереялык ишмердүүлүк менен алектенүүгө бир гана “Мамлекеттик лотерея компаниясы” мамлекеттик ишканасы укуктуу. “Мамлекеттик лотерея компаниясы” Кыргыз Республикасынын аймагында профессионалдык лотереялардын уюштуруучусу саналат.

БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ...

Мамлекеттик компания гана лотерея ойноткон башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал катары карап көрсөк: Австралияда райондук лотереялык офис лотереялык фондго чогулган каражатка бул континенттеги эң башкы ажайып имараты, Сиднейдин символу болгон опера театры курулган.

Англиянын улуттук лотереясы Лондондогу Тейттин заманбап галереясын курууга инвестиция катары 51 миллион фунт стерлинг бөлүп берген. Эми туристтерден жылына 10 миллион фунт стерлинг пайда таап жатат. Мунун баары галерея каралбай калып, банктын электр станциясына айлангандан улам башталган. 2000-жылдары улуттук лотерея компаниясы бул маданий дөөлөттү калыбына келтирүүнү чечип, акча бөлүп берген. Жыйынтыгында ушул убакка чейин 40 миллиондон ашуун адам Лондондун эң башкы кооз жайына баш багышкан.

Ал эми АКШда болсо бир жылда лотереядан түшкөн пайдага эле 300дөн ашуун мектеп, 50дөн ашуун колледж, көптөгөн оорукана, китепкана жана балдар үйлөрүн курушкан. Мындан сырткары ишкана, Гарвард, Принстон, Колумбия университеттерин курууда негизги демөөрчү болгон.

ӨЗҮБҮЗДҮН ЭЛЕ ТАРЫХТА...

Тарыхка үңүлүп көрсөк, СССР тарагыча “Спортлото” 20 жыл иш алып барып, бул убакыт ичинде өлкө бюджетине 500 миллиард рубль пайда алып келген. Бул каражатка Союздун бүт аймактарына стадиондор, спорткомплекстер курулган. Ошондой эле “Спортлото” 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарын каржылык жактан колдоодо чоң роль ойногон. Мындан сырткары ишкананын каражатына жалпы суммасы 1 жарым миллиард рублга ДОСААФтын 4 миң объектиси курулган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2018-08-21 10:25:57
Утуш керекго деймда
+3
KENEWBEK88
2018-08-21 14:25:16
Эч жакшы утук утбагам
+1
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан