ТЕЗ ЖАНА ОҢОЙ. 30 МҮНӨТ ИЧИНДЕ НАСЫЯГА СМАРТФОН АЛ

Эми Beeline компаниясы Дос Кредобанк менен биргеликте смартфондорду насыяга берет. Болгондо да ыңгайлуу жана жагымдуу шарттары менен. Улам бир жакшы жаңылыгы менен кубанткан Beeline бул ирет да бизди таң калтырды.

Насыяга смартфонду кимдер ала алат?

  1. Курагыңыз 21-65 жаш аралыгында болушу зарыл;
  2. Башка банктарда төлөнбөй калган насыяңыз болбошу керек;
  3. Насыя таржымалыңыз жакшы болушу шарт;
  4. Насыя жеке жактарга берилет.

    Кайсы документтер керек?

Адатта насыя алууда кардар көптөгөн документтерди чогултарын билебиз. Жашоону жеңилдеткенге көнгөн Beeline компаниясы 2 гана документ менен насыяга телефон сатат. Алар:

  1. Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту (ID-card);
  2. Иштеген жерден акыркы 6 айдагы маянанын суммасы жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн маалым кат;

    Кандай смартфондор бар?

Beeline учурда Xiaomi, Samsung, Apple компаниялары өндүргөн гаджеттерди сатыкка койду. Смартфондон тышкары ноутбук, нетбуктарды насыяга алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Насыя канча көлөмдө канча мөөнөткө берилет?

Beeline сунуштаган насыя аркылуу гаджетти 1000 сомдон 70 миң сомго чейин тандасаңыз болот. Ал эми анын төлөө мөөнөтү 6 айдан 12 айга чейин.

Канча пайыз үстөк кошулат?

Баштапкы төлөм телефондун баасынын 10 пайызынан башталат. Капчыгыңызга жараша баштапкы төлөмдүн суммасын 10 пайыздан өйдө деле төлөп койсоңуз болот. Дос Кредобанктын шарттарына ылайык, алынган пайыздык чен жылына 32 пайыз деп эсептелинет.

Кантип алса болот?

Сизге жакын жайгашкан Beeline’дын кеңсесине жогорудагы эки документти алып барасыз. Оператор сизге тиешелүү маалыматтарды базадан текшергенче анкета толтурасыз. Сиз тууралуу маалыматтар текшерилген соң сизге насыя берилер-берилбеси аныкталат. Эгер шартыңыз насыя алууга ылайык келсе, анда оператор берген келишимге кол коёсуз. Анан тандап алган үлгүдөгү смартфонуңузду кепилдик талону менен кошо алып үйүңүзгө кете бересиз. Бул үчүн баш-аягы 30 гана мүнөт керектелет.

Насыяны төлөө жолдору

Төлөөнүн эки жолу бар. Бири накталай, экинчиси Balance.kg мобилдик капчыгы аркылуу. Төлөмдү ар бир айдын белгиленген бир датасында жүргүзүп турасыз. Төлөмгө насыянын негизги суммасы жана анын үстөгү кирет.

Баса, учурда акчаны кайра кайтаруу акциясы да жүрүүдө. Эми ай сайын насыяны өз убагында Balance.kg мобилдик капчыгы аркылуу төлөсөңүз, сизге насыянын үстүнөн ашык төлөнгөн каражаттын 30 пайызы кайра кайтарылат.

 

Beeshop.kg сайты аркылуу смартфон тандап, насыя бааларын эсептеп алыңыз

Төмөндө мен өз мисалымда кантип смартфон тандаганымды айтып берем:

Алгач Beeshop.kg деп аталган сайтка кирдим. Ал жакта азырынча смартфондор, планшеттер жана аларга керектүү аксессуарлар бар экен. Мен “смартфондор” деген бөлүмдү бастым. Көптөгөн смартфондордун арасынан Xiaomi Redmi 5 Plus деген моделди жактырдым. Мен сайтты ачкан күнү бул телефондун кара түстөгү үлгүсү бар болчу. Сайттагы баасы 11 400 сом. Менимче, мындай мыкты телефон үчүн бул жакшы баа. Смартфондун сүрөтүн бассам ал жөнүндө кенен маалымат чыкты. 64 ГБ эс-тутум, батареясы
4000 mAh, экраны 5.99 дюйм. Жакты, алам.

Телефондун ылдый жагында “насыяга сатып алуу” деген баскычты басып, 11 400 сомду 6 ай ичинде канча сомдон бөлүп төлөсө болорун эсептейин деп чечтим. Сайттагы онлайн калькуляторго (сүрөттү караңыз) баштапкы төлөм катары телефондун 20 пайызын төлөй аларымды белгиледим. 2280 сом болду. Ал эми калган бөлүгүн ай сайын 1668 сомдон бөлүп төлөп турам. Жалпысынан насыяга кошулган үстөк менен чогуу 12 293 сом гана төлөйт экенмин. Оңой жана ыңгайлуу турбайбы.

“Насыя ээлерине ар кандай белектер каралган”

Beeline’дын башкы адиси Денис Антанайтис компания жөн гана насыяга смартфон сатуу менен токтолуп калбастан, түрдүү акцияларды, жеңилдетүүлөрдү жана белектерди берип турарын айтат:

– Денис, айтсаңыз, уюлдук оператор эмне үчүн насыяга смартфон берүүнү чечти?

– Биз кардарларыбызга ыңгайлуу болушу үчүн ушул кызматты ишке киргизгенбиз. Телефонго же дагы башка гаджетке муктаж болгон адам улам бир мекемеге чуркап документтер топтомун чогултуп убара болбосун деп насыянын ушундай оңой жана ыкчам жолун сунуштадык. Биз элди байланыш менен эле камсыз кылбастан, өзүбүздү смартфондордун сатуучусу катары көрсөткүбүз келип жатат.

– Beeshop катардагы гаджет саткан дүкөндөн дагы эмнеси менен айырмаланат?

– Beeline телефон сатып алган же насыяга алгандарга оператор катары ар кандай белектерди берет. Кардарга алган насыясынын суммасына жараша кооз номерлер, бекер мүнөттөр же түрдүү жакшыртуулар сунушталат. Мисалы, учурда дагы бир акция жүрүүдө. Samsung J2 Prime үлгүсүндөгү телефонду насыяга сатып алган кардардын балансына Beeline 500 сом белек кылып жатат. Мындан тышкары гаджеттерди үйгө чейин жеткирип берүү кызматы иштейт. Ошондой эле абоненттерибиз балансында акчасы жетишсиз болсо да Beeshop.kg сайтына кирип өзү каалаган смартфонду тандай алат.

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ShaKe11
2018-08-22 12:39:09
Алгандар барбы.?
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан