МУХТАР АТАНАЛИЕВ АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫН ЖОЛУКТУРАТ

Бир кезде “Май айы махабатым”, "Ак толкундар" өңдүү ырлары менен атак алган ырчы Мухтар Атаналиевди акыркы учурда сахнадан эмес, тасма талаасынан көрүп калдык. Эки жыл мурун “Үркүн” тарыхый тасмасын элге тартуулаган Атаналиев учурда Айтматовдун каармандарын жолуктуруу үстүндө жүрөт. “Айтматовдун “Жамийла, “Ак кеме”, “Бетме-бет”, “Эрте келген турналар” аттуу 4 көркөм тасмасынын каармандарын 60 жылдан кийин кайра жолуктуруп жатабыз. Бир тасмада төрт окуянын уландысы болмокчу. Башкы каармандардын образдарын жараткан актёр-актрисалар кайра бет келишип, айтылбай калган сөздөрүн айтып, сырдашат. Жакында гана Наталья Аринбасарова (Жамийла) менен Назрет Дубашев (Сейит) тартылып кетишти. Эми калган каармандарды тартабыз”,- дейт режиссёр.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aitun
2018-08-21 22:00:48
Ильяздын ролун ойногон отуп кеттиго.
+1
Aitun
2018-08-21 22:01:23
Аа бул жакта ал чыгармасы жок экен:)))
0
kadam
2018-08-27 12:37:54
Кино жаатында тийиштүү билим жок, кантип кино тартат?
0
Solnyshkin
2018-08-28 00:08:29
kadam, Tamashounun baldary birinin artynan birin tartyp atpaiby, sany bar sapaty jok kinolordu, aga karaganda Muhtar baikenin tajryibasy koburook bolso kerek
0
№ 824, 17-23-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан