Максат Бегалиев: «КЭЭДЕ ОЮБУЗ БИР БОЛБОЙ КАЛАТ»

Жылдыздар турмушунан

Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү коңур үндүү Максат Бегалиевдин келинчегин көрүп суктангандар, албетте, көп. Назгүл менен ырчы жигиттин чогуу түтүн булатып келаткандарына 4 жыл болуптур. Түгөйлөрдүн ушул арада тили бириге түштүбү, муну биз сынап көрдүк.

Үйдө ким башкаруучу да, ким аткаруучу?
Максат: – Мен жана мен.
Назгүл: – Ар кандай болуп калат...

Максат биринчи жолу сүйүүсүн качан билдирген?
М: – Чынын айтсам, эсимде жок... Эстей албай койдум.
Н: – 2006-жыл, 4-февраль күнү.

Сиздер үчүн эң бактылуу, унутулгус күн кайсы?
М: – Мен үчүн ар бир күнүм унутулгус.
Н: – 31-декабрда биринчи жолу Макс экөөбүз досторубуздун үйүндө көрүшүп калган күн мен үчүн унутулгус болгон. Ошол күндөн баары башталган...

Тамак-аш, үй иштеринде Максат жардамдашып турабы?
М: – Ооба, убактым болгондо жардам берүүдөн качпайм.
Н: – Жок, бул аял кишинин иши.

Сүйүү бара-бара балага өтүп кетет деген чынбы?
М: – Чын. Бирок мен Назгүлдү да сүйөм.
Н: – Жок, сүйүү ошол күчүндө эле калат.

Кызганычтан таарынышуулар болуп турабы?
М: – Ооба, кээде болуп турат.
Н: – Мен кызганчаакмын. Сүйгөн адамыңды кантип эле кызганбай коёсуң?

Максаттын алдап, жалганы чыгып калган күндөрү болгонбу?
М: – Жок, мен калп айтпайм.
Н: – Чынчыл адам жок болсо керек. Баары эле жок дегенде жакшылык үчүн да калп айтып коюшу мүмкүн...

Үйдө ким уйкучу?
М: – Назгүл.
Н: – Көбүнчө Максат. Кээде экөөбүз тең кучакташып кечке уктай беребиз.

Экөөңөрдүн табитиңер дал келеби?
М: – Кээде туура келбей калат.
Н: – Бардык учурда оюбуз бир. Болгону, кийим тандоодо табитибиз дал келбейт.

Үйдө чатакты көбүнчө ким чыгарат?
М: – Назгүл.
Н: – Моюнума алам, мен.

Максаттын атын пайдаланган учурлар болобу?
М: – Кээде жардамы тийип турат.
Н: – МАИчилерге кармалып калганда жардамы тийип калат.

Машинага көп акча кетеби же Назгүлгөбү?
М: – Машинага... Экөөнө бирдей эле го.
Н: – Машинага.

Үйдө аял башкаруучу болуш керек дегенге кошуласызбы?
М: – Жок.
Н: – Жок, аялзаты өзүнүн эле ишин кылганы оң.

Үй-бүлөдө эмне көп маселе жаратат?
М: – Менин убактымдын аздыгы.
Н: – Максат түндө телевизорду көп көрөт. Телевизордон ажыратыш өтө кыйын.

Максаттын эртең менен тамак жасап берген учурлары болгонбу?
М: – Албетте да, тамак даярдап берем.
Н: – Майрамдарда же мен ооруп калган күндөрү.

Үйгө тамак-аш азыктарын көбүнчө ким алып келет?
М: – Кээде мен, көбүнчө Назгүл.
Н: – Чогуу алабыз.

Балаңыздар кимге жакын?
М: – Атасына да, албетте.
Н: – Максатка.

Азыр эмнени ойлоп жатасыз?
М: – Назгүл экөөбүздүн оюбуз туура келсе экен деп...
Н: – Эртерээк кафеге кирип тамактансак...

Эки жаштын бирөө “жок”, бирөө “ооба” деп карама-каршы жооп беришсе да, экөөнүн сүйүү оту өчө элек экен. Үй-бүлөдө Максат “бийлик” жүргүзүп, Назгүл ачык айткан сүйкүмдүү жардын образын түзүп берди.

P.S. Суроолор ар бирине өз алдынча берилди.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
OKEI
2010-06-27 19:53:18
baktyluu bolgula
0
2010-06-28 01:32:15
suiygon jary suluu eken, Baktyluu bolgula!!
0
AIZAJANKA
2010-06-28 11:31:24
баласы озуно окшош экен
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан