УТО – ИЙГИЛИКТҮҮ ФЕРМЕРЛЕР ҮЧҮН ИШЕНИМДҮҮ ТРАКТОРЛОР

01Кыргыз өлкөсүндө 1 миллион 200 миң гектардан ашык айдоо жери болсо, анын 75 пайызы сугат жерлери. Бирок өлкөнүн айыл чарба тармагында техникалардын эскилиги эң чоң көйгөй жаратып келет. Бул маселе фермерлерге кандай түйшүк алып келет? Биринчиден, эскилиги жеткен техниканын кыймылдаткычы ашыкча май керектейт жана күйүүчү майды керектөөсү бир канча эсеге өсөт. Экинчиден, эски техника бат-баттан оңдоону талап кылат. Мындай учурда фермер убактысын жоготот жана өз убагында талаа иштерин жетиштүү деңгээлде аткара албай калат.

Бул маселелерди чечүүнүн жолу барбы?

Албетте, бул маселелерди кытайлык УТО үлгүсүндөгү тракторлор чечет. Бул тракторлор ишенимдүү, колдонууда оңой, заманбап, эң негизгиси баасы да башка тракторлорго караганда бир топ арзан. Мындай тракторлор Кыргыз өлкөсүнө 2006-жылдан тарта келе баштаган. Ал учурда Кыргыз-Кытай өкмөттөр ортосундагы кызматташуунун негизинде фермерлерге 2 миң даанадан ашуун трактор сатылган.

УТО заводунан чыгарылган тракторлордун Кыргыз өлкөсүндөгү тракторлордон артыкчылыктары:

  • Кыймылдаткычы Улуу Британиядагы PERKINS технологиясы тарабынан иштелип чыгып, трактор кошумча кубаттуу, ишенимдүү жана жүк тартууда туруштук бере алат, ошондой эле күйүүчү майды дагы аз сарптайт;
  • Италиядагы FIAT заводу тарабынан сапаттуу кураштырылган;
  • Ишенимдүү жана узак убакытка колдонулат;
  • Кыргыз жериндеги тракторлорго караганда күйүүчү майды 25 пайызга аз талап кылат;
  • Алдыңкы жана арткы дөңгөлөктөрү жеңил иштөөгө ыңгайлаштырылган;
  • Кыймылдаткычы жана коробкасы оор жүктөрдү тартууда жогорку сапатка ээ;
  • Алдыңкы мосту ишенимдүү конструкцияланган;
  • Кабинасы кенен жана отургучу ыңгайлуу;
  • Көп түрдүү заманбап айыл чарба техникалары менен иштей алат.

    Уто заводунун тракторлорун кантип жана кайдан сатып алууга болот?

УТОнун тракторлорун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы Ленин көчөсү, №335А дарегинен жана Өзгөн районунун Бахмал айылында жайгашкан “Аталык Агросервис” борборундагы расмий дистрибьюторунан сатып алууга болот.

“Аталык Агросервистеги” тракторлорду сатып алууда эң чоң артыкчылык

Компания тракторду 1 жылга кепилдик берүү менен “Айыл банк” аркылуу төмөнкү үстөк пайызда 7 жылдык мөөнөткө чейин лизингге берет. Баштапкы төлөм өз баасынын 10 пайызынан баштап жеңилдик каралган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Aizeck
2018-08-28 09:13:48
Жакшы тракторлор экен бирок, Кыйтайдыкы болгону менен, бир айылдашыбыз алды эле. Ушундай бир алыш керек болуп атат, трактор таппай айлабыз кетет талаа иштеринде(
0
MKW.MYRZAiYM
2018-08-28 11:43:53
Aizeck, Сизди кайсыл райондон болосуз. 5 жыл мурун тракторлор айылда аз санда эле болчу. Азыр калптын айтпасам, ар бир 4 уйдо бирден тракторлор бар. Акыркы убакта трактор мн оокат кылуу мумкун эмес. Саны коп, атаандаштык да ошончо куч
0
Romantik.
2018-08-28 19:16:43
Баасы канча экен?
0
Dalil
2018-08-28 22:17:23
Кандай маркадагысы канчага берилет? Кандай документтер керек? Же сөзсүз Айыл банкка барып анан маалымат алабы? Шарттары кандай толук маалымат берсеңер. Айыл жергесиндегилер атайын чыгып барса шарты туура келбей калса куру убара болушат. Андай кылбай толук маалымат бергиле.
+3
Karaan
2018-08-28 23:23:59
Dalil,эн туура!
+1
Nuke_A
2018-08-29 09:54:03
телефон номерлери жазылып турат го. чалып суйлошуп коро бер да
0
№ 825, 24-30-август, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан