БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮ БИЛЕСИЗБИ?

Кырсыктан улам адамдын жараат алган жеринен кан ага баштаса, ок же бычак сайылса, кантип жардам берүү керек? Бул жаатта бизге Улуттук хирургия борборунун кызматкери Алыбаев Эрнист жардамга келет.

КАН АГУУДАГЫ БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Кан тамырлар кошо жабыркаган жаракаттар коркунучтуу. Жабырлануучунун өмүрү ага канчалык бат жардам көрсөтүүдөн көз каранды. Эгер убагында жардам көрсөтүлбөсө, адам кан кетүүдөн көз жумушу мүмкүн. Кан агуу ички жана тышкы болуп бөлүнөт. Кан тамырдан аккан кандын өңүнө карата артериалдык, веналык жана капиллярдык кан агуу деп ажыратылат.
Артериалдык кан агуу. Бул тү­рүндө ачык кызыл түстөгү кан күргүш­төп агат. Коркунучу – кан агууну дароо токтотпосо, адам бир нече мүнөт ичинде кансыроодон көз жумат.
Эмне кылуу керек? Кан токтотуучу жгутту кан агып жаткан жердин үстүнөн катуу байлоо зарыл. Жгут денеге өтүп кетпеши үчүн алдына мата коюлат. Эгер жгут жок болсо, анда кур, резина труба, бекем жип, матанын айрындысы деле жарайт.
Кан көп агып жатса, анда жгутту 2 имерип, анан кысып байлоо керек. Жгутту болушунча кысуунун кереги жок. Анткени байланган жерден ылдыйга кан өтпөй, нервдерге, булчуңдарга доо кетип, ткандар өлө баштайт.
Веналык кан агуу. Мында кочкул түстөгү кан бир калыпта токтобой агат. Жаракаттын үстүнө даки же бинтти, булар жок болсо таза матаны коюп, кабаттап байлоо зарыл. Кебезди калың кылып коюп, анан сыртынан бинт менен таңса болот.
Капиллярдык кан агуу. Кан жайдан, тамчылап агат. Өзү эле токтойт.
Ичтен кан агуу. Бул адамдын өмүрүнө абдан кооп туудурат. Так диагно­зун врач гана коё алат. Кан агуудагы сырткы белгилер: адамдын өңү кубарат, муздак тер чыгат, дем алуусу катуулайт. Мындай учурда дароо “Тез жардамды” чакыруу керек. Кан агып жаткан тушка муз же муздак сууга малынган мата басылуусу кажет. Эгер адам кусса, анда аны абайлап бир капталына жаткыруу сунушталат.

ОК ТИЙГЕНДЕ, БЫЧАК САЙЫЛГАНДА БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Ичке ок тийсе же бычак сайыл­са...
Денеге тийген ок же бычак, албетте, чоң жаракат алып келип, өмүргө коркунуч жаратат. Ички органдарга ок тийсе же бычак сайылса, кан агуу менен шокко кабылуу күтүлөт. Адамдын моюнунан өйдө кан тамырлар көп жайгашкандыктан, ок тийгенде же бычак сайылганда көп кан агуу күтүлөт. Мындай учурда жарага стерилденген тампон коюу зарыл. Үстүнөн мата же даки менен таңылат. Башка ок тийсе, врач келгенче медициналык жуулган салфетка коюлат. Салфетка жок болсо, даки же бинт менен калыңдап таңуу керек.
Айта кетчү нерсе, ичке бычак сайылган бойдон калса, бычакты суурубастан ооруканага жеткирүү зарыл. Анткени бул, биринчиден, бычак суурулгандагы кан көп кетүүнүн алдын алат. Экинчиден, бычак канчалык терең киргендиги так аныкталып, операция үчүн жеңилдик болот.

Кол-бутка ок тийсе же бычак сайылса...
Бутка же ийинге ок тийүүдөн же бычак сайылуудан артериалдык кан тамыр жарылып кетсе, кан агуу башталат. Адам кан жоготуудан 1,5 мүнөт ичинде өлүп калуусу мүмкүн. Жогоруда айтылгандай, кандын өңүнө карап артериалдык же веналык кан агууну аныктоо кажет. Канды катуу кыса байланган жгут, мата же жип менен токтотуу зарыл. Арак, спирт, йод же зелёнка менен жаранын тегерегин тазалап, бинттен тампон коюу кажет. Анан дароо ооруканага жеткирүү зарыл. Ок тешип кеткен жерди бинт тампон менен толтуруп, сыртынан даки менен байлоо зарыл. Кан токтотуу үчүн жогору жагынан жгут же мата байланат. Кан агып жаткан кол же бутту аста өйдө көтөрүп коюу керек. Бул кандын көп кетпөөсү үчүн зарыл.

Көкүрөккө ок тийсе же бычак сайылса...
Өпкөгө ок тийгенде же бычак сайылганда, ок (бычак) менен кошо аба да кирет. Өпкө октон (бычактан) улам жарылып, кан агат. Бул дем алуу менен жүрөктүн иштешин кыйындатат. Андыктан өпкөгө аба кирбеши үчүн дакини же таза матаны борный мазга же вазелинге малып, анан үстүнө таңуу жүргүзүлөт. Колдо даки жок болсо, анда врач же “Тез жардам” келгиче жаранын үстүн алакан менен басып туруу кажет.
Жүрөккө ок жаңылганда адамдын өңү бозоруп, акыл-эсин жоготот. Мындай учурда врач гана жардам көрсөтө алгандыктан, аны токтоосуз чакыруу кажет.

Башка, омурткага, моюнга, жамбашка ок тийсе же бычактан жаракат келсе...
Жаракаттын көлөмү чоң болсо үстүнө даки же бинт коюп, пластырь менен жабыштыруу зарыл. Эгер кан көп агып жатса, таңуунун үстүнөн полиэтиленди коюп, бекем таңуу (герметикалык) жүргүзүлөт. Анан ал жерге мүмкүн болсо муз коюу керек. Аба кененирээк жетиши үчүн жаракатка кабылган адамдын бүчүлүгүн чечип коюуну унутпаңыз. Моюнга ок жаңылганда же бычак сайылганда, жаракатты таңган соң моюн бекемирээк кармашы үчүн кебезден калың кылып дагы бир таңуу жүргүзүү зарыл. Ооруканага жеткирүүдө жаткырып, башына кийимди тоголоктоп коюу же жаздыкты жаздоо менен жеткирүү кажет. Жамбашка ок тийгенде адамды катуу нерсенин үстүнө түз жаткырып, бутту бир аз бүгүп коюу кажет. Бул үчүн тизенин алдына кийимди тоголоктоп коюу жетиштүү. Кокус жамбашка бычак сайылып, жаракат терең болбосо, бычакты этият сууруу кажет. Эгер бычак терең сайылган бойдон калса, анда бычакты суурубастан “Тез жардам” чакыруу зарыл.
Негизи эле жүрөктөн, ири кан тамырдан, боордон, кекиртектен, трахеядан жаракатка кабылуу өзгөчө оор. Анткени көп кан агып, дем алуу бузулат.
Эске алуучу нерсе, ок жаңылган же бычак сайылган жерди таңуу үчүн алгач жаракаттын тегерегин кийимден бошотуу зарыл. Ал үчүн кайчы же бычак менен кесүү, же болбосо кийимди тигишинен абайлап айруу зарыл.
Сөөктүн сыныгын тазалап жиберүү же жараны кол менен кармалап жиберүүгө болбойт. Бул ооруну күчөтүп, адамдын абалын оорлотот. Ооруну сездирбөөчү, басаңдатуучу дарылар да берилбейт. Анткени оорутуу басаңдай түшөт да, жаракат канчалык оор экендиги так ажыратылбай калат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан