Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшүү аракети үчүн иштен айдалганын айтып чыкты.
“Президент “коррупционерлердин атын ачык айткыла” деп жатат. Мен инспекцияда кандай коррупция бар экенин, кимдер жемкор экенин жакшы билем. Ошондуктан июль айында өзүм иштеген мекемеде “жемкор кызматкерлер иштен кетсин, тазаланалы” деген акция уюштургам. Инспекцияда атайын комиссия түзүлүп, мен аларга коррупционерлердин аттарын санап бергем. Башында комиссия жакшы эле иликтей баштаган, аягында мени кызматтан алып тынышты. Эми мага ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Мени иштен алган беренеге ылайык, экинчи мамлекеттик кызматка кайтып бара албайт экем. Азыр ооруканадамын, чыксам сотко кайрылам”,- дейт Мамбеталиева.
Маалыматка таянсак, Мамбеталиева Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 47-беренеси – мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу боюнча иштен алынган.
Экотехинспекция "Анара Мамбеталиева инспекциянын ичинде митинг өткөргөнү үчүн иштен алынды" деп түшүндүрмө берди. “Мекеменин ичинде митинг өткөрүүгө мыйзам тыюу салгандыктан, анын аракети комиссия тарабынан каралып, директор комиссиянын чечиминин негизинде аны кызматтан алган”,- дейт инспекция директорунун орун басары Расул Артыкбаев. Ал эми Мамбеталиева нааразычылык билдирип чыккан коррупция маселеси боюнча Артыкбаев унчуккан жок.
Президенттик аппарат бул окуя боюнча комментарий бере элек.
Айта кетсек, Мамбеталиева өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кепилдик берилсе, Экотехинспекциядагы жемкорлордун аты-жөнүн коомчулукка ачык жарыялоого даяр экенин айтат. Президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылып “коррупционерлердин атын ачык айткыла, бийлик сөзсүз реакция кылат” деп жатат. Ал эми алардын атын ачык айтып чыккан кызматкерлер куугунтукталып, өмүрүнө коркунуч жаралууда.