НААМДАР ӨЗ ЭЭЛЕРИН ТАПТЫ

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар маданият өкүлдөрү мамлекеттик наамдарды алышты. Алсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы Токтобек Асаналиев, Шахрезада Аскарова, Салима Балтаева, Насредин Дубашев, Марат Жанталиев, Айбек Карымов, Азиз Мурадиллаев, Тургуналы Нурматовго ыйгарылды. Сыйлык ээлерине кайрылып кубанычы менен тең бөлүштүк.

Салима Балтаева: – Азыр эле уктум. Рахмат сиздерге. Алгачкылардан болуп куттуктап жатасыңар. Ысык-Көлдө жүргөм. Документ топтоп жөнөткөм, бирок аларыма деле ишенбей жаткам. Анткени мындан мурун деле көп жолу документтерди өткөрүп көргөнбүз да. Бирок, Кудай буюруп, мамлекет, эл эмгегибизди баалап жатканы үчүн кубанып отурам. Тырбалаңдап кылган эмгегиңдин ушинтип акыбети кайтып жатса кубанат экенсиң.

Токтобек Асаналиев: – Жаңы эле уктум. Документтерди өткөргөнүмө 2-3 жыл болгон, быйыл алыптырмын. Маанай кадимкидей эле, эл эмгегибизди баалаганга эмне жетсин?

Азиз Мурадиллаев: – Жаңы эле уккандыктан азыр эмне сезим болуп жатканын деле билбейм (күлүп). Күткөнүмдү-күтпөгөнүмдү деле билбейм. Албетте, мен үчүн жакшы нерсе болду. Эң биринчи балдар чалып куттукташты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
MKW.MYRZAiYM
2018-09-04 12:55:12
Мына ушундай инсандарга бериш кк наамды.Татыктуу, таланттуу адамдар.
Каяктагы тааныбаган ырчыларга берип, наамдын кадырын кетирбей.
Азиз Мурадиллаев, сизди куттуктайм, ден - соолугунуз чын болсун, дагы чон-чон ийгиликтерди багындырып журо бериниз.
+22
jasgul
2018-09-04 16:00:34
аай Тургуналы Нурматов ала элек экен эле да, кайран тарпы кеткен сыйлык.
+11
Jetigen99
2018-09-04 19:54:37
Айбек Карымов ала элек беле
+3
Baku88
2018-09-04 21:52:07
Чычайып Гулжигит Калыков наам алып алганына эле күйөм да
+12
love_you
2018-09-10 10:49:03
Baku88,ошондон бери ни слуху, ни духу болду го ал акебиз. инстаграмдан эле пайда болуп.
+1
Baku88
2018-09-04 21:54:10
Наамынар кут болсун
+4
sladkaja_konfetka
2018-09-04 22:14:06
Токтобүбү Черикчиевага наам бериле элек
+2
fanatka19
2018-09-05 00:14:27
Болот экен го чыныгы эмгек синиргендерге берсе наам ээлерин куттуктаймын! Гулжигит Калыковдун эмгеги ушулардан биринчи синип кеткени эле жаман((.
+7
Solnyshkin
2018-09-05 01:41:34
Myna emi okup suiundum, chyndygynda tatyktuu insandar alyptyr, ee toonun kuirugu jerge jakyndap kalgan okshoit :)))
+3
Mamiev
2018-09-05 12:41:51
Балтаева ачыгын айтыптыр документ тапшырдык деп. Каримовага окшоп сюрприз болду суйунчулошту дебей. Баары татыктуу сыйлык кут болсун
+10
jasgul
2018-09-05 16:53:02
Mamiev,эми Самаштын документин А[moderated]си чуркап тапшырып жургонун айта албай ошентет дааа.
+5
Ulan2601
2018-09-05 15:54:42
Эмнесине алды кайсы эмгегине деген комментарий жок себеби татыктууларга берилсе эл колдойт ар дайым!
+8
Alixan-Nookat.2015
2018-09-05 21:01:06
Баары татыктуулар экен алган сыйлыгынар куттуу болсун!
+2
Tiken
2018-09-07 00:05:30
Мерген Турганга да беришсе болмок.
+2
Tiken
2018-09-07 00:05:54
Баары татыктуу деп ойлойм.
0
Arzu.kg
2018-09-07 20:46:53
Азиз ага сыйлыгыныз кут болсун! Аман эсен болунуз, ийгилик сизге!!!
+1
Mustafo
2018-09-09 10:07:14
Салима Балтаева , Айбек Карымовдорго ээми берилдиби? Кеч болсода сыйлык наам ээлерин тааптыр кут болсун!
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан