БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ УУРУЛАРДАН ЖАБЫР ТАРТТЫ

Элдин жарпын жазып күлдүргөн куудул Борончу Кудайбергенов бул жолу капа. Анткени биринчи эмес, үчүнчү жолу үйүнө уурулар кириптир: "Азыр социалдык тармактар деген укмуш болбодубу. "Биз Ысык-Көлдө эс алып жүрөбүз" деп сүрөт коё калган экенбиз. Жыргап жатсаңар мына сага деп кириптир. Мурунку эле кирген терезеден кирип, түз эле сейфке барып талкалап ичин ачышыптыр. Мурун эки жолу уурулар киргендиктен, сактанып акчаны банкка эле сактап калганбыз. Сейфте жубайымдын алтын-күмүштөрү сакталчу ошолорду алып кетиптир. Мурунку жолкусунда милиционерлер “алтындарыңар уурдалбаптырбы?” деп сураса, "жок, ал сейфте болчу да" деп койгом. Балким, милиция кызматкерлери менен да байланышы барбы деп ойлоп калдым. Анткени үчөөндө тең издеп жатабыз дешкени менен, ууру табылган жок",- дейт куудул окуя тууралуу.

Борончу Кудайбергеновдун жагымдуу да жаңылыктары бар. Учурда “Ар бир айдын алтысы” долбоорунун үстүнөн иштөөдө. Аталган долбоор мурунку бийликтин кысымы менен токтоп калганын, эми сентябрь айынан баштап кайрадан элге тартууланарын айтты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
bessmertiy
2018-09-04 10:13:36
Борончуну орозо айт куну Ошто мурдагы Саидмухтар азыркы секонд хенд борборунан кордум эле. Борончу да секонд хендден кийинет экен да деп калгам.
-11
Hatali
2018-09-04 11:10:19
bessmertiy,Корсон корупсунда .Эмне эле ар бир комментарийинде кайталпйсын.
+8
Ice-creme
2018-09-06 12:39:48
bessmertiy,эркек башын мн катындарча соз кыласын го. Уялгылачы эркектер. Бироонун баскан -турганын андыбай.
+4
Asyl10
2018-09-07 15:11:11
bessmertiy, Секондхендден кийинсе эине болуптур? Кытайдын сапатсыз кийимин кийгенден коро, секондхендде кийимдер сапаттуу, европа кийимдери да бар,ото деле эски эмес,арасында жапжанылары деле болот.
+3
RuslanaG1
2018-09-07 19:56:42
Asyl10,ошону айтсан, мен да кобунчо секодхенден анан скидка болгон японский американский магазинден кийинем, базардыкы некачественный анан окшош го
0
Muzik
2018-09-04 15:39:58
Ушу Борончуга эч кулбойм тооба,тузу жок эле создорду суйлойт го.
+2
Kuba-savai87
2018-09-04 23:10:40
Muzik,туура айтасын
-2
Kuba-savai87
2018-09-04 23:11:29
Уурулар милициянын оздору окшойт
+6
March26
2018-09-10 12:59:59
СЕКОНДХЕНттен кийим кийсе эмнеси бар экен,турмушта Акча жеткируу бала чака тиричиликтен ашпайт бирааз экономдоп иштетсен гана аран жеткиресин акчанды биз бири бирибизди андып гана жашайбыз го чиркин,,,
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан