«ТҮРКИЯ СТИПЕНДИЯЛАРЫ» ПРОГРАММАСЫ ӨЛКӨЛӨР ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШТЫ ЧЫҢДАЙТ


Кыргыз Республикасынын эгемендигин биринчи болуп тааныган Түркия кайрадан боордошунун жанында! Кыргыз эли Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-сентябрь күнү Кыргызстанга келишин кубануу менен күтүп жатат. Бул куттуу сапар Кыргыз-Түрк бир туугандыгында жаңы барактын ачылышы болот деген үмүттөр бар. Түркия президенти менен Кыргызстан өлкө башчысы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Түркияда бийликти басып алуу кыянатчылыгын уюштурган деп айыпталган ФЕТӨ (Фетхуллах Гүленчи террордук уюм) менен күрөшүү маселеси да көтөрүлөт.

ТҮРКИЯДА БИЛИМ АЛГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН САНЫ ӨСҮҮДӨ

Түркия өнүккөн өлкө катары бардык тармактарда тездик менен секириктерди жасап жаткандыгы талашсыз. Кыргызстанда да жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып, кайтарымсыз жардамдарын көрсөтүп келет. Айрыкча Түркиянын билим берүү тармагындагы Кыргызстанга көрсөткөн колдоолору өзгөчө мааниге ээ. Алардын бири Түркия стипендиялары (Turkiye Burslari) программасы. Бул программанын алкагында бүгүнкү күнгө чейин 4375 кыргызстандык студент стипендия менен билим алган. Учурда Түркия стипендиялары тарабынан каржыланып жогорку билим алып жаткан 248 кыргыз студенти бар. Түркия стипендиялары программасынан тышкары түрдүү программалар менен жана өз алдынча 1678 кыргыз студенти Түркияда билим алып жатышат.

1992-жылы башталган жогорку билим берүү долбоорунан тартып 2012-жылы курулган Түркия стипендиялары программасына чейинки 20 жыл аралыгында Түркияда билим алган чет өлкөлүк студенттердин саны 48 миңге жеткен. Ал эми бүгүнкү күндө болсо Түркияда билим алган чет элдик студенттердин саны 170 пайызга өсүп, 130 миңге жетти.

“БУЛ ЖАКТА БААРЫ АКЫСЫЗ. ОКУУ ГАНА КЕРЕК”

Гиза Маматкулова:

– Түркиядагы эң алдыңкы университеттердин биринде стипендия алып окуп жатам. Буюрса, коммуникация илимдеринин доктору болом. Түркия чет өлкөлүк студенттер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү десек болот. Студенттердин окугандан башка иши жок. Баары даяр. Жатакана, тамак аш, жол кире акысыз. Бир гана окуу менен алекпиз. Жатаканада түрдүү акысыз курстар, ийримдер, спорттук иш-чаралар бар. Башка шаарларга, кооз табиятка, тарыхый жерлерге саякаттарды уюштуруп турушат.

Бирок менин окуу программам аябай жыш болгон үчүн кошумча курстарга катышууга жетишпейм. Окуу аябай татаал жана көп изденүүнү талап кылат. 300-450 беттик китепти 1 суткада окуп бүтүшүбүз керек болгон учурлар болот. Илимий макалаларды жазып, конференция, форумдарга катышып жүрүп жакшы эле тажрыйба топтодук. Анткени Түркияда конференцияларга катышуу, доклад окуу үчүн атаандаштык күчтүү болгондуктан мыкты даярдык талап кылынат.

Мисалы, Бириккен улуттар уюмунун моделиндеги конференция өткөрдүк. Түркияда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген студенттер окугандыктан алардын өкүлдөрү өз өлкөлөрүнүн атынан чыгып глобалдык маселелерди талкууладык. Илимий иш-чараларга катышып жүрүп көптөгөн жаңы жерлерди көрдүк. Баарынан маанилүүсү, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келип Түркияда окуган мыкты жаштардан досторду таптым. Түркия стипендияларын алып окуган жаштарды жаркын келечек күтүп турат деп ишенем.

Айжамал Бейшенаалы кызы:

– Мен бул жакка Түркия стипендиялары деген программа менен келдим. Программа болгондо да эң кымбат аба каттамы болгон "Turkish Airlines'тан" билет алып берди. Тагыраак айтканда, программа Түркияга биринчи келүү жана бүткөндөн кийинки кайтуу билетиңди төлөп берет. Келген соң студенттерди мамлекеттик же жеке жатаканаларга жайгаштырып, окууну бүткөнгө чейин баары программа тарабынан каржыланат. Ал эми жатаканада тамак бекер, үй жыйнайм, идиш-аяк жууйм дебейсиң. Жөн гана окушуң керек.

Анан да программа студенттерди медициналык жактан камсыздандырып, анын негизинде биз бардык мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланып, жадакалса эң кымбат аппараттардан да акысыз текшериле алабыз. Андан сырткары программанын алкагында ар түрдүү акысыз курстар уюштурулуп турат. “Жөн эле билим алып кетпей, коомдук иштерге да катышып тажрыйба топтоп кеткиле" деп кайталашат.

Алган стипендиябыз болсо Кудайга шүгүр, кенен жетет, Ушундай сонун шарттардан кийин стипендиясын үнөмдөп, айрым студенттер акчаларын үйлөрүнө жөнөтүшөт экен. Кыскасы, мындай программа дүйнөдө чанда кезигет. Түркия бул иши менен жакында биринчи орунга чыгат деп ойлойм!

Максат Акматов:

– Түркия дүйнөнүн өнүгүп келаткан мамлекеттерине ар кандай тармакта жардамдарын берип келет. Ал жардамдардын бири – дүйнөнүн келечеги болгон жаштарга сапаттуу билим берүү. Түркия өкмөтү уюштурган Түркия стипендиялары программасы тандап, кабыл алган студенттердин арасында мен да болгонума аябай кубанычтамын.

Бул программанын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү стипендиялык программалардан айырмасы чоң. Мисалы, башка өлкөлөрдө бир гана акчасын бериши мүмкүн. Ал эми жатакана табуу, медициналык камсыздандыруу, виза алуу сыяктуу калган жумуштарына өзүңүз чуркайсыз. Түркия стипендиялары программасы болсо башка өлкөдөн кабыл алган студенттин өз өлкөсүнөн чыккандан баштап, кайра кеткенге чейин жоопкерчилигин моюнуна алат. Кабыл алынган студенттерди бул жакта атайын дайындалган кишилер аба майдандан тосуп алышып, жатаканага жайгаштырышат. Жатаканалардын сапаты да абдан жогорку деңгээлде, бүт шарттары менен заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен салынган. Тамактары акысыз, эң акыркы телевизорлор жана башка техникалары менен эс алуу бөлмөсү, атайын сабак окуу бөлмөсү, жадакалса кээ бир жатаканаларда машыгуу залы менен кошо болот. Айрыкча Түркияда Кыргызстанды таанытуу үчүн иш-чараларды уюштурууда да Түркия стипендиялары программасы бардык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Жайнагүл Атамбекова:

– Учурда Түркия стипендиялары программасы түзгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түркияда окуп жатам. Окуп жатып, алмашуу программасынын негизинде Европанын университеттеринен да билим алууга жетиштим. Түркия стипендиялар программасы мага көп ийгиликтердин эшигин ачты.

Байтүгөл Исламбеков:

– Мен учурда Түркия стипендиялары менен Түркиянын Газиантеп шаарында эл аралык соода жана логистика багытында билим алып жаткан учурум. Ал жакта билим берүү системасы таптакыр башкача, сенин канчалык билим даражаң болсо ошого жараша баа аласың. Түркиядагы окуу системасында коррупция деген түшүнүк жок. Мугалимдерибиз "сен чет өлкөлүксүң" деп бөлбөй, баарына калыс билим берип, баа коюшат. Жогоруда айтып өткөн система дүйнө боюнча Африка, Орто Азия, Алыскы Чыгыш өлкөлөрү жана араб өлкөлөрүнөн окуйм деген, бирок экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү үй-бүлөлөрдүн балдарын окутат. Түркия стипендияларынын максаты, менин оюмча, ошол студенттерге билим берип, өз өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон жарандардан болуулары.

Алишер Имамов:

– 2012-2016-жылдар арасында Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан эң эски окуу жай, Стамбул университетинде "Коомчулук менен байланыш жана реклама" багытында чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш улуттар башкармалыгынын (YTB) стипендианты катары окудум. Окууну бүтүргөндөн кийин Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымымды кошуу үчүн өлкөмө кайттым. Азыркы күндө жеке фирмамды куруп иштеп жатам. Түркияда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын көптөгөн иш-чаралары болуп турат. Мисалы, бизге стипендия берген уюм болгон YTBнын семинарлары, конференциялары, экскурсиялары жана башкалар. Аларга мен активдүү катышчумун. Алардын мени башкаларга сунуштаганынын жыйынтыгында бул жакта жасап жаткан иштерим да бир топ жеңилдеди. Айрыкча көптөгөн эшиктер да ачылып жатат. "Медиа жана Маданият" аттуу коомдук бирикме түзүп, Түркияда алган тажрыйбаларымды Кыргызстанда колдонуу үчүн аракет кылып жатам. Алардын бири Стамбулдагы Медиа академиясы сыяктуу окуу жайын Бишкекте ачуу болду. Бүгүнкү күндө аты аталган коомдук бирикмебиз тарабынан Түркиянын мамлекеттик агенттиги болгон ТИКА уюмунун колдоосу менен медиа жаатында акысыз билим берүү курстарыбыз уюштурулуп жатат.

Түркия Республикасы президентинин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарында өлкө лидерлери жолугушуп, эки өлкө, эки эл үчүн дагы көбүрөөк пайдалуу иштерди башташат жана бул иштер кыргыз жана түрк элдеринин мамилелеринин бекемделишине себеп болот деп үмүт кыламын.

Учурдан пайдаланып, бизди 4 жыл бою өлкөлөрүндө стипендия төлөп окутуп, бизди конок кылган түрк элине, өзгөчө чет өлкөлүк түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгына ыраазычылык билдирип кетким келет.

ТҮРКИЯ СТИПЕНДИЯЛАРЫ ТУУРАЛУУ

Түркия стипендиялары – Түркиянын бүткүл дүйнөдөгү студенттерге сунуштаган программасы. Ага кабыл алынган студенттер Түркиянын эң алдыңкы жогорку окуу жайларында, каалаган тармагында бекер жогорку билимге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алат. Түркия стипендиялары программасынын тандоо сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлөт жана жыл сайын 150 өлкөдөн 120 миңден ашуун абитуриенттер тапшырат. Абитуриенттер окуудагы жетишкендиктери, жаш курагы жана диплом же аттестаттагы баалары сыяктуу критерийлерге карата тандалат. Тандоо учурунда коомдук иш-чараларда катышуу активдүүлүгү да эске алынат. Түркия стипендияларынын тандоо сынагына катышуу интернет аркылуу жүргүзүлөт. Атайын адистер жана окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн тандоо турунан кийин критерийлерге жооп берген абитуриенттер менен маектешүү сынагы жүргүзүлөт. Учурда 150гө жакын өлкөдөн 20 миң студент Түркия cтипендиялары тартуулаган кенен мүмкүнчүлүктөр менен Түрк жогорку билим берүү мекемелеринде билимдерин алып жатышат. Кабыл алуу жарыялары Түркия cтипендияларынын сайтында жүргүзүлөт.

www.turkiyeburslari.gov.tr

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aynura87
2018-09-05 05:51:52
Эн мыкты экен. Ийгилик окуган жаштарга. Окуп келип мекенибизди онуктургуло. Силер КР келечегисинер.
0
№ 826, 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан