РАК ООРУСУ. ЭМНЕГЕ КӨБӨЙҮП ЖАНА ЖАШАРЫП БАРАТАТ?

Акыркы кезде эң коркунучтуу оору болуп эсептелген рактын көбөйүп жана жашарып баратканы анык. Буга эмнелер себепкер деген суроого жооп издеп, Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, керектүү адистерге жолуктук.

Статистика

Кыргызстанда 2017-жылы рак менен ооруп катталгандардын саны 25 000ди түзгөн. Алардын 5500ү алгачкы ирет кайрылгандар болсо, мунун 3500ү каза болгон.

«РАК 1 ДААНА МУТАЦИЯЛАНГАН КЛЕТКАДАН ЖАРАЛАТ»

Алгачкы маегибиз Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун клиникалык иштер боюнча орун басары, онколог Бактыгүл Султангазиева менен болду.

– Бактыгүл айым, алгач жакында эле интернет булактарында таралган адам организминде жаңыдан табылган орган жана анын ракка тиешеси боюнча оюңузду уксак.

– Америкалык врачтар "адамдын организминдеги жаңы органды – микроскопиялык каналдар тармагын таптык" деп айтып чыгышты. Алардын айтуусу боюнча, ал каналдар ички органдарды аралап өтөт жана ичинде органдарга азык болчу суюктук бар. Суюктук менен ички органдарды механикалык жаракатка кабылуудан да сактайт. Бирок ал суюктук аркылуу органдарга рактын клеткаларын да ташып, рактын жайылышына (метастаз) жол бериши мүмкүн экен.

Эми муну 100 пайыз далилденди деш кыйын. Медицина жаатындагы дүйнөлүк окумуштуулардын аныктамалары керек.

– Элди коркунучка камаган рак эмнеден улам жаралат?

– Рак – мутацияланган клеткадан жаралат. Адамдын организми болжол менен 100 триллион клеткадан турат. Рак болсо бир гана клеткадан өсүп чыгат. Клеткалар өсөт, бөлүнүп көбөйөт жана картайып өлөт. Бул процесс организм тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Бирок кайсы бир себептерден улам бир жердеги клетканын түзүлүшү өзгөрөт. Клетка өлгөндүн ордуна бөлүнүп көбөйө баштайт (мутацияланат). Ошол клетка рак клеткасы. Мындай клетка бөлүнүп көбөйүп отуруп ракты пайда кылат. Рак залалсыз жана залалдуу болуп 2ге бөлүнөт.

– Эмне үчүн акыркы жылдары рак менен ооругандар көбөйүп баратат?

– Ден соолукка терс таасир этип, акырындап рактын жаралышына жеткирүүчү факторлор көп. Мисалы, убагында дарыланбай же жарым-жартылай дарыланып жүрө берип ооруну өтүштүрүп жиберүү, стресстин көптүгү, вирустар, радиация, идиш жана кир жуучу химиялык заттарды көп колдонуу, химиялык жер семирткичтер менен өстүрүлгөн жана гени өзгөртүлгөн (ГМО) жашылча-жемиштерди дамамат жеш, күндө узак убакыт жүрүү жана узакка кактануу, химиялык заттар көп кошулган арзан курулуш материалдары менен үй салып, ичин жасалгалоо (уулар бөлүнүп чыгат), абанын кирдеши, айлана-чөйрөнүн булганышы. Дамамат цемент, асбест, көмүр сатып иштөөдөн өпкө рагы жараларын эскерте кетейин. Булардан тышкары фаст-фуд, грилде бышкан тоок эти, куурулган, майлуу, ышталган тамак-аштар да бар. Көчөгө чыксаң жаштар түгүл улуулар деле гамбургер, хотдог сыяктуу фаст-фуддарды жеп жүрүшөт. Аборт жасатуу, аз төрөө, тамеки тартуу, ичкилик ичүү да ракты чакырат. Айталы, эмчектин рагы менен азыр 25 жаштагы кыздар да келет. Анткени жаштар жыныстык жашоого эрте аралашып жатышат. Кыз-келиндер арасында бат-баттан аборт жасаткандар, бойго бүтүрбөөчү гормоналдык каражаттарды өз алдынча колдонгондор, аз төрөгөндөр көп. Рак төшөктөгү өнөктөшүн улам алмаштыруудан да келип чыгууда.

Кыскасы, адам ракка чалдыкпоо үчүн ооруса убагында толук дарыланып, эмне ичип, эмне жеп жатканына баам салып, турак жайды зыяндуу ууларды бөлүп чыгарбоочу (же өтө аз бөлүп чыгаруучу) курулуш материалдары менен салып, терс адаттардан алыс болуулары керек.

Акыркы жылдары мурун өлкөбүздө чанда кездешчү тилдин, кулактын, эриндин рагы менен ооругандардын саны өскөнү байкалууда.

– Кыргызстанда рактын кайсы түрү менен көп оорушат?

– Эркектер арасында 1-орунда ашказан, 2-орунда өпкө жана урук чыктагыч безинин (простата), 3-орунда тери, 4-орунда лимфа жана кан жаратуучу ткандардын рагы (лейкоз, лимфома), 5-орунда ооз көңдөйү, эрин жана кекиртек, 6-орунда түз ичеги рагы турат.

Аялдар арасында 1-орунда эмчектин, 2-орунда жатын моюнчасынын, 3-орунда ашказан, 4-орунда тери, 5-орунда өпкө, 6-орунда лимфа жана кан жаратуучу ткандардын рагы (лейкоз, лимфома) турат. Ооруп келгендердин 60 пайыздан көбү оорусу өтүшүп кеткен кезде, башкача айтканда, рактын 3-4-даражасында келишет. Түрдүү ыкмаларды колдонуп дарылаган менен алардын өмүрлөрү чектелип калат. Дарттын 1-2-стадияларында келсе, айыктырууга мүмкүнчүлүк бар.

– Сөзүңүзгө аралжы, онколог врачтарды райондордон жолуктуруу мүмкүн эмес. Бул да ооруну өтүштүрүп жиберүүгө себеп эмеспи?

– Ооба, онкологдор жетишсиз. Бирок бул убагында диагноз коюуга башкы себеп эмес. Себеп адамдын өзүнүн убагында текшерилбегенинде. Учурда бардык жерде УЗИ, рентген деген бар. Ооруп барса, терапевт болобу, гинеколог болобу, ошолордон өткөрүп, анализдерин тапшыртып, диагнозун коёт. Болбосо Бишкекке жолдомо берет. Ар адамдын ден соолугу өз колунда болгондуктан өзүнө өзү кам көрүшү керек.

«НАСЫБАЙ ЧЕККЕНДЕН, ТИЛДИ КӨП ТИШТЕП АЛУУДАН РАК ЖАРАЛАТ»

Элдияр Айтбаев, баш жана моюн шишиги бөлүмүнүн врач онкологу:

– Тилдин рагы тамеки, насыбай чеккендерде, тилинен билинбей жаракат ала бергендерде (тишин туура эмес жасатып, тиши тилин өйкөй бергендер, тилин көп тиштеп алгандар) кездешет. Тилинде полип (эт өсүп кетүү) болуп, убагында дарылатпаса, ал акырындап ракка айланып кетет. Мурун тилдин рагы өтө чанда келишсе, азыр 1 жылда 15 чакты адам келип жатат. Аталган дартта стадиясына жараша тилдин жарымы же тил толук кесилет. Жарымы кесилгенде адам сүйлөп, тамак иче берет. Бирок «р»тамгасына тили келбей калат. Мисалы, азыр бизде 1 эркек жатат, 56 жашта, Баткендик. Мурун тамеки, кийин насыбай чекчү экен. 3 ай мурун тилинин четтери оюлуп, анан агарып кетиптир. Текшерсек рак экен. Метастаз берип рак моюн безине да өтүп кеткен. Эми бизге операция жасап, тилинин жарымын, анан бир кулактан экинчи кулакка чейинки алкым бездерин бүт алып салууга туура келүүдө. Андан соң нур терапиясы да керектелет.

Жакында дагы бир эркек тилдин рагы менен келди, аныкы тилинин түбүндө экен. Оорусун өтүштүрүп жибергендиктен нур терапиясын гана сунуштадык. Канча жашайт ким билет?

Кулактын рагы менен да келишет. Бул дарт күндө көп жүргөндөн (көбүнчө териси сары, ак жуумал адамдар ооруйт), радиациядан, химиялык заттар менен көп иштөөдөн келип чыгат. Операция жасап кулакты кесебиз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, насыбай чеккендер рак акырындан жараларын эске алып бул адаттан арылышса деп эскертким келет.

ШИШКЕБЕК МЕНЕН КУУРДАКТЫН АЙЫНАН АШКАЗАН РАГЫ КӨБӨЙҮП ЖАТАБЫ?

Абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн онколог-хирургу Сүйүтбек Дөөлөтбеков:

– Эл ичинде «акыркы кездерде шишкебек, куурдак жемей, ал менен конокторун сыйламай деген модага айланды. Ушунун айынан ашказан рагы көбөйүп жатыптыр» деген сөздөр жүрүүдө. Мунун кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Анткени куурулган, туздалган, ышталган (мисалы, колбаса, балык), майлуу азыктарды, грилде бышкан тоок этин көп жегенден, алкоголдук ичимдикти көп ичкенден ашказандын былжыр катмары жабыркап, гастрит, ашказан жарасы жаралат. Дарыланбаса ракка өтүп кетет. Дамамат фаст-фуд (ход-дог, пирожки жана башка) жеп, артынан газдалган суусундукту ичип алып жүрө бергендер ракты чакырып жатышкандыктарын биле беришпейт. Ашказан рагын хеликобактер пилори, химиялык заттар, радиация, тукум куучулук да жаратат. Туулган күн, үйлөнүү той биякта калсын маркумду акыркы сапарга узатууда да ичкилик ичилет. Ошонун зыянын тартып жатабыз.

«1 ЖЫЛДА 120ДАЙ АДАМ ТҮЗ ИЧЕГИНИН РАГЫ МЕНЕН КЕЛЕТ»

Марат Жекшенов, онколог-проктолог:

– Эл геморройдон ракка өтүп кетет деп жаңылыш ойлошот.

Түз ичегинин рагы полип, жара менен коштолгон колит оорусун (ичегинин ичиндеги былжырда жаранын пайда болушу) убагында дарылатпагандан келип чыгат. Дарттын белгилери кан, анан былжыр чыгат. Заңдын өңү карарышы мүмкүн. 1 жылда бизге 120дай адам түз ичегинин, 100дөй адам жоон ичегинин рагы менен келет. Дарылоодо операциялык ыкма, нур, химиялык терапияны сунуштайбыз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kenje-888
2018-09-11 10:37:40
кайда кайрылса болот тел номери жокпу админ?
0
Gulnyr19
2018-09-11 14:06:21
kenje-888,онкологияга барасыңарда
+1
jakak
2018-09-11 17:39:24
Егерде уй-булодо генде (чон-апа, чон-ата, тайене жб ооругандар) болсо,чон риск сиздер дагы ооруп калышыныздар. Тезден доктордун текшеруусунон отуп турунуздар.
+2
-Sumitra-
2018-09-12 00:07:39
Аллахым озун сакта аты жаман оорудан.
+11
Nuri1988Elim2010
2018-09-14 13:19:47
Ой кудайым озу сактасын
+1
Venus_22_02_86
2018-09-14 20:55:34
Биз озубуз чакырабызда ооруулардын баарын озгочо насывай чеккен жаш оспурумдорго кабатыр болбой койбойсун Кудай жаш каарысына да ыйман берсин
+1
binur5
2018-09-16 11:01:15
Оорунун жакшысы жок озу кудайым айыкпас оорудан сактасын .
0
№ 827, 7-13-сентябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан