ИЗРАИЛЬ

Саякат

Жер жүзүндө туристтерди өзүнө тарткан канча деген ажайып кооз аймактар, өлкөлөр бар. Алардын катарын өзүнүн байыркы тарыхы жана архитектуралык эстеликтери менен даңкталган өлкө да толуктайт. Ал, албетте, пайгамбарлар жашап өткөн өлкө – Израиль.

СУУСУ ДА, АБАСЫ ДА ДАРЫ
Израилде, негизинен, үч курорттук район бар. Алар Жер Ортолук деңизинин, Кызыл деңиздин жана Өлүк деңизинин жээгинен орун алган. Өлүк деңиз аталса эле тирүү макулук жок экен деп ойлоонун өзү натуура. Тескерисинче, ал кыймылга жана адамдарга толгон жер. Суусу минералдык заттарга бай болгондуктан, дарылык касиети күчтүү. Демек, эс алууга келгендер көңүл ачуу менен катар дарыланып да кете алышат. Өзгөчө өпкө, тери жана бронхит оорусу барлар Өлүк деңизиндеги эс алуудан соң оорусун узакка унутушат.
Суунун үстү тынымсыз бууланып тургандыктан, аба минералдык заттардын бөлүкчөлөрү менен каныккан. Бул – аба аркылуу да дарылануу дегендик. Мындан тышкары деңиздин тузу ашказан, эркектер менен аялдардын жыныстык органдарынын ооруларына оң таасирин тийгизип, нерв системасынын жакшыруусуна салым кошот. Жылдын 330 күнү ысык болгондуктан, каалаган учурда барып эс алып, дарыланып келүүгө болот.

КИРЕШЕ БУЛАГЫ – ТУРИЗМ
Израилге зыяратка баргандардын саны көп болгондуктан, киреше көп түшөт. Мисалы, Хермон тоосундагы лыжа базасы, Галилей токою, Иудей жана Арава туристтик базалары эс алуучуларды өзүнө чакырып турат. Өлкөнүн Туризм министрлигинин айтуусуна караганда, 2012-жылы 5 миллион туристти кабыл алуу пландалууда.

КООЗ ИМАРАТТАР КӨП
Иерусалим – Израилдин жүрөгү. Ал – иудей, мусулман жана христиан диндеринин чордону. Шаардагы Рокфеллердин музейи, Давиддин (Дөөтү пайгамбардын) сепили жана ушул сыяктуу кооз жайлардан баш айланат. Еврейлердин кварталынан кайталангыс архитектуралык курулуштарды жана сыйынуучу жайларды (синагога) көрүүгө болот. Туристтер мусулмандар ыйык туткан Храм тоосуна чыкпай коюшпайт. Ал эми Мекке жана Мединадан кийинки сыйынуучу Аль Акса мечити дал ушул Израилдин борборунан орун алган.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ АЛДЫҢКЫ ОРУНДА
Айыл чарбасы менен калктын 3,5 пайызы алектенип, жан багат. Көбүнчө цитрус өсүмдүктөрү, жер-жемиштер, пахта өстүрүлөт. Уй багып, фермерлик кылгандар да көп. Орто эсеп менен бир уй жылына 11 миң 290 литр сүт берет. Бул – Америкадагы уйларга салыштырмалуу 2239 литрге сүттү көп алуу дегендик. Өлкөдө суу тартыш болгондуктан, 440 миң гектарга эгилген дан эгинди жасалма жол менен сугарууга туура келет. Андыктан түшүм жогору боло бербейт.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ЖААТЫНДАГЫ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Ооруканалар медициналык камсыздандыруу баракчасы жокторду кабыл албайт. Аборт жасатууга ачык уруксат жок. Андыктан аборт жасатуучу айым атайын 3 комиссиянын: социалдык кызматкердин, психиатрдын жана врач-гинекологдун кароосунан өтүшү керек. Ал үчүн ар бирине 100 доллардан төлөйт.
“Тез жардамдын” эки түрү бар. Жеңил жаракат алган, ооруканага жеткизип баратканда дары-дармекти талап кылбаган оорулуу үчүн “Тез жардам” чакырылса, анда алар ак түстөгү машина менен келишет. Айдоочусу фельдшер (ховеш) болот. Ал эми кызгылт сары түстөгү машина менен жүргөн “Тез жардам” реанимация бригадасы (натан) деп аталат. Бул машина абалы оорлорго кызмат кылып, аларды ооруканага ташыйт.
Калктын 0,1 пайызы СПИД илдетине чалдыккан. Бул көрсөткүч 168 өлкөнүн ичинен 153-орунду ээлөө дегенди билдирет.

КАЛКЫ
Чет элдик ишмерлерди жана жашыруун иштөөчү иммигранттарды эсептебегенде, туруктуу калктын саны 7 миллион 587 миңге жетет (2010-жылдын апрель айындагы көрсөткүч). Мунун 5 миллион 726 миңин (75,5 пайызы) еврейлер, 1 миллион 548 миңин (20,4 пайызы) арабдар жана калган бөлүгүн башка улуттун өкүлдөрү түзөт.

АШКАНАСЫ ТҮРКҮН ДААМГА БАЙ
Ашкананын негизги бөлүгүн Европанын классикалык тамак-ашы түзөт. Жадакалса америкалыктардын фаст-фудун да кезиктирүүгө болот. Ал эми динчил еврейлер бир гана “кошер” (таза, жегенге мүмкүн, адал”) деген тамактарды жешет. Мындай тамактар атайын кафе-ресторандарда даярдалат.
Ошентип, канаттуу жана бодо мал этинен, балыктан, жашылчалар кошулуп даярдалган азыктарды, түркүн таттууларды дасторкон бетинен табууга болот.

МАЙРАМДАР ЖЫЛЫШЫП ТУРАТ
Израилде еврейлердин диний жана улуттук майрамдары мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Негизинен, еврейлер майрамы ай календары менен белгиленгендиктен, мусулмандардын Айт майрамдары сыяктуу майрамдардын датасы жыл сайын жылышып турат. Жаңы жылды еврейлер сентябрь-октябрь айларында майрамдашат (майрам датасы жылып тургандыктан).
Ошондой эле мусулмандар да, христиан-дар да өздөрүнүн диний майрамдарын белгилеп турушат. Мисалы, мусулмандар ислам майрамдарынан Орозо айтты өзгөчө белгилеп келишет.

Аянты 27 800 чарчы чакырым.
Башкаруу формасы – парламенттик республика, өлкө башчысы — президент.
Эгемендүүлүккө ээ болгон – 1948-жылдын 14-майында.
Борбор шаары – Иерусалим.
Расмий тили – иврит, араб.
Дини – иудей.
Акчасы – шекель.
1 шекель 12 сомго барабар.
Калкынын саны
7 миллион 587 миң (2010-жылдын апрель айындагы көрсөткүч).

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg


Дүйнөдө эмне кеп?

АКШ

АЭРОПОРТТОН 66 АДАМДЫН БАШЫ ТАБЫЛДЫ
Арканзас штатынын “Литтл-Рок” аэропортунан 60 адамдын кесилген башы салынган контейнер чыкты. Аэропорт кызматкерлери контейнердин сыртында керектүү маалымат жазылбагандыктан, ичин ачып текшерүүнү оң көрүшкөн. Учурда баштар медициналык изилдөө үчүн алынып бара жаткандыгы же башка максат үчүн багытталган экендиги такталууда.
Негизи, Арканзаста буга чейин деле атуулдардын адамдын денесин мыйзамсыз алып жүргөн учурлары катталган.

Индия

66 ЖАШТАГЫ АЯЛ ҮЧ ЭМ ТӨРӨДҮ
Индиянын 66 жаш­тагы жашоочусу Бхатери Деви үч эм төрөп, дүйнөгө таанылды. Бул анын биринчи төрөтү. Ал күйөөсү менен 40 жыл бирге жашаса да, боюнда болбогон. Акыры минтип картайганда жасалма жол менен бойго бүтүрүү кызматына кайрылган. Анын 64 жаштагы күйөөсү Деви Сингх: “Бхатери төрөбөгөн соң мен анын уруксаты менен 3 аял алдым. Бирок алар да төрөп бере алышпады. Акыры минтип тилегим ишке ашты”,- дейт.

Мадагаскар

УЧУУЧУ БАКАЛАР КӨБӨЙҮҮДӨ
Мадагаскар аралында учуучу, тагыраак айтканда, 10 метрге дейре секирүүчү бакалар табылган эле. Учурда алар көбөйүп баратканы айтылууда. Баканын алдыңкы жана арткы бутунда чоюлчаак кабыкчалар бар. Бака секирүү алдында ичине аба толтуруп, шар сымал тоголок болуп алат. Дарактан даракка секирип, бекем жабышып алууга манжаларындагы жабышкак дөмпөкчөлөр жол берет. Учуучу бакалардын кээ бир түрү сууда жашаса, кээлери дарактан жерге түшпөйт. Оозундагы бези бөлүп чыгарган былжыр суюктукту колдонуп, уя куруп алат.

Египет

ПЛЯЖДАР МУНАЙДАН БУЛГАНДЫ
Кызыл деңизде жай­гашкан мунай бургулоочу платформадан агып кеткен мунай бир катар пляждарды каптап калды. Болгондо да дүйнөгө белгилүү Хургада курортунун пляждарын каптады. Агып кеткен 10 тоннага жакын мунайдын көбү деңизге куюлуп, калганы жээктин 20 чакырымын булгаган.
Булганган жээктерди мунайдан арылтууда 2 миңге чукул адам иштөөдө.

Бразилия

СУУ КАПТООДОН МИҢДЕН АШЫК АДАМ ЖОГОЛДУ
Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы суу каптоолордун айынан миңден ашык адам кабарсыз жоголуп отурат. Андан тышкары аталган аймакта 26 адам жер көчкүнүн курмандыгы болгон эле. Миңдеген адамдар үй-жайсыз, тамак-ашсыз калышты. Учурда өлкөгө гуманитардык жардамдар келүүдө.

Португалия

КЫГЫ БААЛУУ КИТТЕР АЗАЮУДА
Байыркы убакта эле адамдар жээкке чыгып калган томолоктолгон чайыр сымал заттардын жыты буруксуп турарын байкашкан. Кээлери аны ажыдаардын катып калган шилекейи дешсе, кээлери чаяндын чайыры дешкен. 19-кылымда гана ал зат “амбра” деп аталып, ал кашалот аттуу киттердин бөлүп чыгарган калдыгы экендиги аныкталган. Амбраны кит ичегисинде иштеп чыгарат. Аны ичегисинин жаракатка кабылган капталдарын айыктыруу үчүн колдонот. Ичеги аркылуу жүрүп отуруп, амбра сыртка чыгат. Бирок сууга түшкөндө гана анын жыты аңкып чыга келет. Жыты үчүн аны адамдар парфюмерияда колдонуп келишет. Учурда кашалоттордун саны азайып бараткандыктан, өлкөнүн, дегеле дүйнөнүн атыр чыгаруучулары тынчсыздана башташты.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
OKEI
2010-06-27 19:42:10
wwumdugun kurgur
0
Адам
2010-06-28 14:53:12
Израиль кооз мамлекет болгону менен жүргүзгөн саясаты ЖАКПАЙТ! Адам катары эмес, Палестинага азыркы күнгө чейин азап, азап жана азап тартуулап келе жатат! Жакпайт!
0
№ 399, 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан